Орусиялык режиссер Андрей Звягинцевдин “Левиафан” фильми чет тилдеги фильмдердин номинациясында эң мыкты деп табылып, Алтын глобус сыйлыгын алды.
Америка Кошмо Штаттары - чыныгы демократиянын үлгүсү эсептелген, Конституцияны, адам эркиндиктерин сыйлоонун өрнөгү катары калыптанган дүйнөдөгү эң байгер өлкө экени жакшы белгилүү.
Дүйнөнүн чар тарабындагы саясий карикатуристтер Париждеги куралдуу кол салуудан каза болгон “Шарли Эбдо” сатиралык журналындагы кесиптештерине урмат көрсөтүп, өздөрү тарткан сүрөттөрдү жөнөтүүдө. 7-январда Францияда сатиралык журналга кол салууда 12 киши набыт болгон. “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын кеңсесине жасалган чабуул Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу окуя катары бааланууда. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланды.
Нарын шаарында Кутбидин уулу Адилет аттуу студенттин колунан жаралган эмгек көпчүлүктүн назарын бурууда. Ал кулжанын айкелин кадимки муздан тоңдуруп жазап, шаардын борбордук аятчасына орноткон. Жергиликтүү бийлик өнөрпозду колдоп, муздан жасалган айкелдер шаарчасын ачуу демилгесин көтөрдү.
Саркеч кийинген, жаңы технологияларды колдонгон жаштар мындан 100 жыл мурун кандай жүрүшкөн? Өткөн кылымдагы кыргыз жаштарынын айылдагы бир күнүн алдыбызга элестетип көрөлү. Сүрөттөрдө "Жаз" бий тобунун улан-кыздары.
Журналист, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Бөлүнгөн кыргыз” аттуу китеби жарык көрдү. Публицистикадан, жол очерктеринен, интервьюлардан турган бул китепте Кыргызстандын эгемендик жылдардагы тарыхы, көйгөйү чагылдырылган.
Сүрөтчү, керамист, дизайнер жана график Замир Илипов 1978-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Айылдагы мектепти 8-класска чейин окуп, андан ары Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм-сүрөт мектебинде билимин уланткан. 1996-жылдан баштап Тургунбай Садыков атындагы көркөм -сүрөт академиясынан билим алып, ушул жылы аспирантурасын аяктады.
2014-жылы чех музыкалык мектебинин түптөөчүсү Бедржик Сметананын 190 жылдыгы белгиленди. Композитордун "Ата Журт" сюитасы Чехиянын расмий эмес гимнине айланса, "Сатылган келин" комедиялык операсы өлкөнүн эл аралык сахнадагы жүзү саналат.
Ырчы, Коомдук телеканалдын “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Гүлзат Батырканованын сөөгү 4-январда Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилди. Маркум 41 жашта эле.
Мааракеден жаралган аңгемелер
Өтөн 2014-жылы Ташкент шаарындагы Хамза атындагы Академиялык өзбек дарама театры 10 жылдыгын белгиледи. Англис адабиятынын классиги, эстет-философ Оскар Уайльд 160 жашка толду. Чех улуттук композиторлук мектебинин түптөөчүсү Бедржик Сметананын 190-жылдык м
Жер Жылдызы Жерге-Тал түрмөгүнөн тажикстандык кыргыз мугалимдерге сөз беребиз. Алар мектептердеги абал тууралуу жана ошондой эле миграциянын түйшүктөрү, Жерге-Талдагы жер-суу аталыштары жана тарыхый жайлар тууралуу айтып беришет.
Дагы жүктөңүз