“Жан дүйнө” радио түрмөгүндө жапониялык ырчы Мита Ре жана эки көзү азиз, ырчы кыз Гүлүм Касымбаеванын чыгармачылыгы тууралуу кеп болду. Жапон ырчысы акыркы мезгилде “Кыргыз кызы сүйгөнүм” аттуу ыры менен кыргыз угармандарына таанылган.
Быйыл "Биринчи мугалим" тасмасы тартылганына 50 жыл толду. Аталган фильмди атактуу кинорежиссер Андрей Кончаловский жыйырма эки жашында тарткан. Кезинде тасма ошол доордогу мамлекеттик идеологиянын эки ача пикирине кабылып, чоң талаш-тартыш менен экранга чыккан.
Кыргыз эл артисти Кадыржан Кыдыралиевдин сөөгү эртең, 29-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Маркум менен коштошуу митинги Кыргыз академиялык драма театрында өтөт. Ал 27-августа 79 жашында каза болгон.
Карышкыр алган кыргыз тайганы
Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын тизмесинде чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү да бар. Коомчулукта маданият ишмерлеринин саясатка аттанышын колдогондор да, жактырбагандар да арбын.
“Эшик, каалга, эргилчек” деген сөздөр бар. Маанисине токтоло кетели. Боз үйдүн эшиги кийизден жасалары белгилүү.
25-августта Бишкектеги Улуттук филармонияда италиялык дирижер Жерардо Колелла жетектеген Борбордук Азиянын жаштар оркестри Улуттук филармонияда чоң программадагы концерт тартуулады. Анда Моцарт, Бетховен, Россини өндүү залкар композиторлордун чыгармалары аткарылды. Бул оркестр 13 жаштан 30 жашка чейинки Борбор Азия өлкөлөрүнүн таланттуу музыканттарынан жана Мукаш Абдраев, Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайлардын, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын жаш таланттарынан куралган.
Кыргызстанда автордук кинотасмалардын эл аралык фестивалы жүрүп жатат. 23-августта жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы менен ачылган фестивал 27-августка чейин уланат. Аталган тасма июль айында эле Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн 50-эл аралык кинофестивалда "Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жеткен.
Дагы жүктөңүз