Былтыр күзүндө Кыргызстандын башкы телеканалы тартып, коомчулукка көргөзгөн “Ак шоола” тасмасы укук коргоочулардын сынына кабылууда. Анда күйөөсү ала качып алган келин жакындары ынандыргандан кийин тагдырына моюн сунуп жашап калат.
Ооган согушунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды.
Бишкекте өтүкчүлөрдүн түйшүгү, жашоосу кандай? Биздин каарманыбыз Рустам Жоробаев жыйырма жылдан бери Ош базарында бут кийим оңдоп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал бул жерге 1998-жылы келгенде өтүкчүлөрдүн саны азыркыдай көп болбогонун эскерет.
Кыргыз кинематографиясы 1941-жылдан башат алат. Бирок Рая Шаршенова эже 1960-жылдарга чейин тасмадагы кадрлардын керектүүсүн кесип алып, кайра жалгаштырып, фильмге сюжеттик линия берген.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде биринчи жолу инклюзивдик арт-аянтчасы ачылды. Долбоордун максаты - бардык адамдарга искусство менен таанышууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү. Анда азиз адамдар ар бир картина тууралуу аудио түрүндө үч тилде маалымат алышат. Долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун
Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди.
Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы өттү.
Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейинин көйгөйлөрүнө байланыштуу тарыхчынын пикири.
Фильм тартылып бүткөндөн кийин ар бир картина жана окуя оболу өз алдынча фрагмент болуп, жалганат. Үндөр жана музыка жазылган соң фрагменттер сценарийге ылайык монтаждалат же туташтырылып, бүтүн чыгарма жаралат.
Таластагы Киров мектеп-интернатында болгон каргашалуу окуяга быйыл 50 жыл болду.
Социализмдин “тап душманы” Айымбет уулу Тиллебайдын тагдыры өтө кайгылуу аяктаган. Ал уулу менен тоо арасында баш калкалап жүргөн жеринде НКВДга кызматташып кеткен жакын тууганынын колунан мерт болгон.
Ислам Сатаровдун "Gamma media group" компаниясы дүйнө жылдыздарынын концертин уюштуруп, протоколдук иш-чараларды да даярдашат.
Дагы жүктөңүз