Ушул тапта Казакстандын намысын коргоп жүргөн алатоолук футболчу Эмил Кенжесариев мыкты спортчулардын катарына кошулду.
Улуттук спорттун негизги түрү болгон ордо оюну боюнча ар жыл сайын “Алтын томпой” мелдеши өткөрүлгөнү менен бул оюнга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө.
2008-жылда жылдызы жанган спотчулар, спорт тармагынын күңгөй-тескейи, 2009-жылы боло турган негизги мелдештер тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов "Азаттыкка" маек курду.
28-декабрда Кыргызстандын футболдон 2008- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү.17-чемпионатынын жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасына баш байгелер ыйгарылды.
2008-жыл да аяктап келатат. Быйылкы жылдын эң негизги жана маанилүү мелдеши - Бээжинде олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Чынында 2008-жыл кыргыз спорту үчүн ийгилик алып келгени менен чоң сыноо болду.
2008- жылы Кытайдын борбору Бээжинде олимпиада болуп, 205 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Мында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Канатбек Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.
2008-жылы кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге катышып ийгилик жаратышты. “Бээжин-2008” олимпиадасында олжо болду. Бирок өксүгөн жагдайлар да бар.
Кыргызстандын cпорт федерацияларынын айрымдарын президент Курманбек Бакиевдин уулдары, инилери жана жакын санаалаштары жетектеп жатышат.
Кыргызстанда суулардын жээгинде музда балдар хоккей ойноп, коньки тепкени менен атайын муз сарайы болгон эмес. Бишкекте алгачкы чоң муз тебүү аянты менен спорт сарайы ишке берилди.
Футбол адистеринин жана спорт журналистеринин иликтөө-пикирлери боюнча жылдын мыкты футболчулары аныкталды. Футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин ордуна Айбек Алыбаев жетекчи болду.
Кыргызстандын футбол федерациясы 2008-жылдын алдыңкы спортчуларын аныктады.
Бишкекте оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесин арналган эл аралык мелдеште казакстандык жана кыргызстандык балбандар күч сынашты.
Дагы жүктөңүз