Таласта 13 жаштагы Келсинбек Исакжанов өткөн жылы облус боюнча жылдын мыкты спортчусу деп табылды.
VII Кышкы Азия оюндары 30-январдан 6-февралга чейинки Астана жана Алматы шаарларында өтөт. Хоккей мелдешине кыргызстандыктар алгач ирет катышат.
Катарда Азия футбол конфедерациясынын 24-конгресси ишин жыйынтыктады. Мында жетекчилерди кайра шайлоо өттү. Вице-президенттикке кыргызстандык талапкер жетиштүү добуш алган жок.
Футболдон Шериктештик кубогу 15-январда Санкт-Петербургда башталат. Быйыл Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргомокчу.
Бишкектин тегерегинде жаңы конуштардын саны 47ге жетти. Бирок шаарды чептей курчап турган конуштарда спорттук аянтчалар, имараттар жокко эсе.
АКШда өткөн кол күрөш же армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык 10 спортчунун экөө коло медаль утту.
Кыргыздын алыскы айылынан чыккан бир жигит өз алдынча чыгыштын эр өнөрүн үйрөнүп, кийинчерээк Гонконгдо кадимки атактуу Брюс Линин устатынан таалим алып, Вин Чунг Кунг Фу чеберине айланганына, азыр Бириккен араб эмирлигинде Дубайдын полициясын машыктырып жатканына ишенесизби?
Уруксаты өтүп кеткен нигериялык 8 жаран Кыргызстандан чыгарылгандыгын өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте учурунда грек-рим күрөшүнөн СССРдин чемпиону болгон маркум Дүйсөнбек Ахмедовду эскерүү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Дүйнөлүк спорт тармагындагы ийгиликтердин, жеңиштердин жаралышына медицинанын да салымы зор. Учурда дүйнөлүк спорттук медицинанын деңгээли жогорулап кеткени менен Кыргызстанда бул тармакка көңүл бурулбай келүүдө.
8-декабрда өкмөт үйүндө өлкө башчысы Роза Отунбаева жакында Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынан жеңиш менен кайткан спортчуларды, машыктыруучу адистерди кабыл алып, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандык спортчулар эгемендүүлүк алганы беш Азия оюндарына катышты. 2002-жылы Пусанда өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандыктар 12 медаль жеңип, анын экөө алтын, 4 күмүш, 6 коло байге болсо, бул ирет Гуанжоудо 145 спортчу мелдешке катышканы менен 5 медаль менен кайтып келди.
Дагы жүктөңүз