30-декабрда кыргызстандык Азат Үсөналиев 2013-жылдагы Азиянын мыкты боксчуларынын бири аталды. Футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
27-декабрда Минск шаарында өткөн казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны мөрөй алды.
25-декабрда Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский Сочидеги кышкы олимпиадага жолдомо алды.
Спорт тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып мыкты спортчу, машыктыруучу, дене тарбия кызматкерлерин аныктады.
23-декабрда Орусиядагы бильярд турниринен Каныбек Сагынбаев коло медаль утуп келди. 23-декабрда дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогунун таймаштары жыйынтыкталды.
18-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ага кыргызстандык 25 шахматчы катышууда.
16-декабрда Кытайда өткөн дзюдо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионатынан кыргыз балбандары олжолуу кайтып келди.
13-декабрда Кытайда дюздо боюнча жана Казакстанда грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары жеңишке жетти.
11-декабрда Кытайда дюздо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Бул күнү Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды.
6-декабрда Азербайжанда оор атлетика боюнча Гран-при эл аралык турнири башталды. Кыргыз балбаны Азизбек Куйкеев Малайзиядан дүйнө чемпиону болуп кайтты.
Келаткан жылдын 24-январында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталат. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышат.
4-декабрда Орусиядан кыргыз балбандары жеңиш менен келди. Казакстандан таэквондочулар 13 байге утту.
Дагы жүктөңүз