24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталды. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышууда.
Кыргызстандык тоо лыжа чебери Дмитрий Трелевский Сочи олимпиадасына жолдомо алды. Футболдон өлкөнүн жаштар тандалма командасы Катардын командасын утту.
ФИФАнын Кыргызстандагы калысы Бахадыр Кочкаров быйыл Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатында калыстык кылмай болду. 16-январда футзалдан өлкө чемпионатында Бишкектин “Булат” командасы топ баштады.
15-январда кыргызстандык ат спортунун чебери жайында Кытайда өтчү жаштар олимпиадасына жолдомо алды. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 18 жашка чейинки улан-кыздардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги өтөт.
Азыр Кыргызстандагы тоо лыжа базалары жылгаяк сүйүүчүлөргө толуп турган кез. Биздин өлкөдө да лыжа, сноуборд тепкендердин саны жыл санап арбып барат. (Али Токтакунов, Мирлан Токталиев.)
14-январда бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев Алжирден жеңиш менен кайтып келди. Февралда Бишкекте хоккей боюнча “Азия чакырык” кубогу өтөт.
Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпиаданын ачылышына туура бир ай калганда буга чейин эч болуп көрбөгөн деңгээлдеги катуу коопсуздук эрежелери киргизилди.
30-декабрда кыргызстандык Азат Үсөналиев 2013-жылдагы Азиянын мыкты боксчуларынын бири аталды. Футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
27-декабрда Минск шаарында өткөн казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны мөрөй алды.
25-декабрда Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский Сочидеги кышкы олимпиадага жолдомо алды.
Спорт тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып мыкты спортчу, машыктыруучу, дене тарбия кызматкерлерин аныктады.
23-декабрда Орусиядагы бильярд турниринен Каныбек Сагынбаев коло медаль утуп келди. 23-декабрда дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогунун таймаштары жыйынтыкталды.
Дагы жүктөңүз