"Азаттык" 2015-жылдагы кыргыз спортундагы жетишкендиктер жана оор жоготуулар тууралуу сөз кылат.
Бишкекте 8-декабрда бодибилдинг жана фитнес боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу жана Борбор Азиянын биринчи чемпиондугу өттү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Монголиядан 50дөн ашуун кыз-келиндер жана эркектер катышты. Спортчуларга байгелер 10 категорияда ыйгарылды.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда дзюдо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Мелдеш жекшемби, 29-ноябрда жыйынтыкталат.
Бишкекте кыз келиндер жана эркектер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. 19-ноябрда башталган мелдештер төрт күнгө созулуп, Кыргызстандын улуттук курамасына кире турган спортчулардын тизмелери аныкталды.
Землянухиндин голу жеңишке жеткирди
17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүштү. Анда кыргыз футболчулары атаандаштарын 1:0 эсебинде утту. Голду 48-мүнөттө жарым коргоочу Антон Землянухин өтө чеберчилик менен иорданиялык коргоочуларды алдап өтүп барып киргизди. Аталган оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында өттү. Кыргыз футболчулары ак түстө, иорданиялыктар кызыл түстөгү кийим менен ойношту. Аталган командалардын буга чейин Иорданияда болгон алгачкы беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Тандоо мелдештеринде Азия чөлкөмүндөгү В тайпасында Австралия 15 упай менен биринчи, 13 упай менен Иордания экинчи, ал эми Кыргызстан 11 упай менен үчүнчү орунда келатат.
17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын кезектеги беттеши болот. Бул оюн 2018-жылы боло турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.
Орусия Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин орусиялык жеңил атлетчилердин Олимп оюндары учурунда допингди кеңири колдонуусуна байланыштуу айыптоосуна карата өзүнүн расмий жообун жарыялады.
Кыргызстан менен Австралия командаларынын Канберра шаарындагы беттешине кыргызстандыктар да күбө болуп, улутук кураманы сүрөп турушту. Австралияда жашаган мекендешибиз Наргиза Хакимова оюн учурундагы күйөрмандардын ураан-сүрөөндөрү тартылган сүрөттөрдү "Азаттыкка" жиберди.
12-ноябрда Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралия командаларынын кезектеги беттеши өттү. Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 3:0 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады.
Дагы жүктөңүз