Египет парламенти улуттук футбол командасынын дүйнө чемпионатындагы утулушун иликтейт. Мыйзам чыгаруучуларды бир катар суроолор, анын ичинде эмне себептен база катары Чеченстандын борбору Грозный тандалып алынганы кызыктырууда. Бир нече күн мурда кээ бир маалымат каражаттары Египет курамасынын чабуулчусу, белгилүү оюнчу Мохаммед Салах аны саясий максатта пайдаланышканын айтып, курамадан кетиши мүмкүн деп жазышкан.
Бүгүн 22-июнда калаадагы ботаникалык бакчада баңгизатка каршы марафон болуп өттү. Иш-чаранын башкы максаты - жаштардын, дегиле шаар тургундарын баңгизаттан жана кылмыштуулуктан сактоо.
Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө 17 миң ыктыярчы кол кабыш кылууда. Алардын ичинде кыргызстандыктар да бар.
Чемпионаттын үчүнчү жана төртүнчү күндөрүндө атактуу Лионель Мессинин Аргентина командасы Исландия менен ойноп, жеңе албай койду.
17-июнда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата футбол турнири өттү.
Орусияга футбол көрүүгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны эки миллионго жетти. 2014-жылы Бразилияда өткөн чемпионатта өлкөгө үч миллиондон ашык күйөрман келген.
Москва Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын конокторун тосууда.
14-июнда Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башаталат.
Тажикстандын муфтийи бокс менен эрежесиз эр урушту «арам» деп тапты.
Ош шаарында “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу Футбол фестивалы өттү.
Орусиядагы Футбол чемпионатына Британиядан он миңдей күйөрман келери күтүлүп жатат. Британ бийлиги жарандарына коопсуздук жөнүндө эскертип, чемпионатта этият болууга чакырды.
"Алай" жана "Алга" футбол командаларынын беттешиндеги мушташты милиция иликтей баштады.
Дагы жүктөңүз