Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:29

Жаңылыктар

Путин: Сириядагы соккулар канча керек болсо уланат

Путин Ставрополдо студенттер менен кездешүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия лидери Башар Асадга баш ийген күчтөргө колдоо канчалык убакыт керек болсо, орус авиациясы ошончолук убакыт соккуларын уланта берет деп билдирди. Ставрополдогу студенттер менен кездешүүдө мамлекет башчы Москва Асаддын аскерлерине "террорчуларды талкалоого" жардам берүүнү максат кылаарын айтты.

Путин Орусия ал өлкөнүн “мамлекеттик түзүлүшүнө, Сирия же региондогу башка өлкөлөр туш болгон проблемаларды чечүүгө аралашууга ниеттенбейт, орус куралдуу күчтөрү элге, легитимдүү жетекчиликке терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүдө” деп билдирди.

Президенттин 25-январдагы билдирүүсүнүн алдында, жекшембиде болжол менен Орусиянын аба соккусунан Сириянын чыгышында кеминде 63 киши, анын ичинде 9 бала каза тапты.

АКШ жана НАТО орусиялык учактар Асад режимине каршы көтөрүлгөн козголоңчу топторду бутага алып жатканын ырастап келатышат.

Орусияда эмгек акынын өлчөмү азайды

Орусияда Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы реалдуу эмгек акы бир жыл мурдагыга салыштырганда 9,5 процентке кыскарган. Ал эми колго тийген акчалай киреше орто эсеп менен 4 процентке азайды. Реалдуу маяна – бул жумушчуга төлөнгөн акчага келчү товарлар менен кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. 2015-жылы Орусиянын мамлекеттик статистика кызматы номиналдуу эмгек акынын жылдык өлчөмүн 33,9 миң рублга баалаган.

Евробиримдиктин Антитеррордук борбору ачылды

Европа биримдиги экстремизмге каршы күрөштү координациялоочу жаңы борборду ачты. Коопсуздук күчтөрүнүн Антитеррордук борборунун Гаагадагы кеңсесинде 40-50 адис иштейт. Европолдун башчысы Роб Уэнрайттын айтымында, алар чалгындоо кызматтарынын маалыматтарын бөлүшүү, чет өлкөлүк согушкерлерди издеп табуу, мыйзамсыз каржылоо жана курал булактарын аныктоо, Евробиримдиктин мүчөлөрүнө иликтөө иштеринде жардам берүү менен алектенмекчи. Расмий маалыматтарга ылайык, биримдиктин беш миңдей жараны Ирак жана Сириядагы согушка катышып, радикалдашкан. Көбү мекенине кайтып келүүдө.

"Террорчулар жараткан коркунуч Еврошаркеттен чечкиндүү жоопту талап кылат", - деп белгиледи Европолдун жетекчиси.

Европа кеңеши Крымдагы адам укуктарына көз салуу үчүн делегациясын жөнөтөт

Европа кеңешинин башкы катчысы Торбьорн Ягланд Крымдагы адам укуктарынын абалы менен таанышуу үчүн делегация жөнөтүлөөрүн жарыялады.

"Жарым аралда жашаган эки жарым миллиондон ашуун киши Адам укуктары боюнча Европа конвенциясында каралган шарттардын пайдасын көрүүгө тийиш. Бирок бир жылдан ашуун убакыттан бери бир да эл аралык уюмдун өкүлдөрү ал жакка бара алган жок", делинет бүгүнкү билдирүүдө.

"Миссия көз карандысыз болмокчу жана Крымдын аймактык статусуна байланышкан маселелерге аралашпайт", - деп тактады Ягланд.

Орусия Украинанын аймагындагы жарым аралды 2014-жылдын мартында аннексиялап алган.

Ошондон бери өзгөчө украиначыл активисттер, Крым татарларынын жамааты жана журналисттердин фундаменталдуу эркиндиктери “кескин начарлап” кетти.

Мындай тыянакка өткөн сентябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жасаган докладдын авторлору келишкен.

Жоокерди сабады делген командир иштен алынды

УКМКнын 64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду токмоктоду делген рота командири, капитан Нурлан Аралбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган аскер бөлүктүн командири, анын орун басары да иштен четтетилди.

21-январда жоокердин энеси арыз менен республикалык жоокерлердин энелери комитетине кайрылган. Маалыматка ылайык, жоокер рота командири, капитан Аралбаев тарабынан аеосуз сабалган. Токмоктон жоокердин денеси көгөрүп, баш мээси чайкалган. Учурда аскер прокуратурасы бул факт боюнча териштирүү иштерин баштаганын Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев “Азаттыкка” тастыктады. (UEz)

Грузиялык жихадчы Сирияда өлтүрүлдү

Сирияда грузиялык исламчыл экстремист өлтүрүлгөнүн Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме берип жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Хвича Гобадзе кандай жагдайда каза болгону маалымдаган жок. Маркумдун атасы аны менен эки жума мурун телефондон байланышканын айтып, өлүмү тууралуу интернеттен окуганын кошумчалады. Кабарларга караганда, Гобадзе "Ислам мамлекети" экстремист уюмундагы грузин тилдүү согушкерлер тартылган видеодо Грузиядагы “каапырларды” мууздарын айтып коркуткан. Өткөн ноябрда интернетте пайда болгон видеодо Калашников автоматтары жана гранаталар менен куралданган 4 киши Грузиядагы мусулмандарды “Халифатка” кошулууга үндөшкөн. Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы жихадчылардын арасында грузиялык ондогон жаран бар.

Ирандын президенти Римге барды

Ирандын президенти Хасан Роухани Италиянын президенти Серджио Маттарелла менен жолугушууда. 25-январь, 2016

Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн Европа сапарын баштап Римге барды. Дүйнөлүк державалар менен Тегерандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишим күчүнө киргенден бери эски континентке алгачкы визитке чыккан президентти жоон топ ишкерлер, газ жана мунай министри жана башка расмий адамдар коштоп жүрөт.

16-январда Ислам жумуриятына каршы киргизилген экономикалык санкциялардын бир тобу алынгандан кийин өлкө эл аралык изоляциядан чыгууда. Италияда Роухани президент Серджио Маттарелла, өкмөт башчы Маттео Ренци менен кызматташтыкты талкууламакчы. Ошондой эле бизнесмендердин алдында сүйлөп, Ввтиканда Рим папасы Франциск менен кездешет деп күтүлүүдө.

28-январда Иран делегациясы Парижге бет алат.

АКШнын бурганактан жабыркаган шаарларында жол кыймылы калыбына келүүдө

Нью-Йорк жана АКШнын чыгыш тарабындагы башка шаарларда бороондон улам киргизилген жол кыймылга чектөөлөр бара-бара алынууда. Кечээ Нью-Йоркто көпүрөлөр менен туннелдер ачылды, чөлкөмдө транспорт системасы калыбына келтирилди. Авиакаттамдар болсо чектелген режимде аткарылууда. Вашингтондогу федералдык өкмөттүк мекемелер бүгүн да жабык болмокчу. Конгресстин Өкүлдөр палатасы бардык мыйзамдар боюнча жыйындарды 1-февралга чейин токтотту. Бурганак аралашкан калың кардан улам 11 штатта жана Колумбия округунда чукул кырдаал жарыяланган. Мындай өзгөчө аба ырайына байланыштуу бери дегенде 30 киши каза болгону кабарланууда. Бороон басаңдап, циклон Атлантика океанын көздөй жыла баштады.

Президент теолог Кадыр Маликов менен диний кырдаалды талкуулады

Президент 25-январда белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-январда белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев менен теолог Кадыр Маликов өлкөдөгү диний кырдаалды, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар көрүп жаткан чараларды, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын турмушка ашырылышын талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысы экстремисттик багыттагы кылмыштардын алдын алууда жана өлкө жарандарынын коопсуздугуна келчү коркунучтарды болтурбоо чараларын өз убагында көрүүдө эксперттик коомчулуктун ролу өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Теолог Кадыр Маликов ага дарылануу учурунда көрсөтүлгөн колдоосу жана жардамы үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

Маликов жолугушуу соңунда өлкө башчысы саат белек кылганын “Азаттыкка” билдирди.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын бетине бычак шилтешкен. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекетинин" тарапкерлери болгонун билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, Маликовго кол салгандан кийин Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Алар кылмышты жасаганын моюнуна алганы расмий кабарланган.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен белгилүү.

Ирак менен Сириядагы радикалдарга 1000дей тажик жараны кошулган

Былтыр жихадчыларга кошулган тажик жараны, полковник Гулмурод Халимов

Тажикстан бийлиги Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунун катарына 1000дей тажик жараны кошулуп кеткенин маалымдады. Ички иштер министри Рамазон Рахимзода 25-январда кабарчыларга билдиргендей, 61 киши Жакынкы Чыгыштан кайтып келген, 148и кармаштарда набыт кеткен. Буга чейин президент Эмомали Рахмон жихадчылардын катарында 21 студент бар экенин айткан. Президент экстремисттер жаштарды негизинен мечиттерде жана өлкө ичиндеги же сырттагы диний жайларда жалдашаарын белгилеген.

Ички мекеменин башчысы былтыр жихадчыларга кошулган полковник Гулмурод Халимов эки ирет жарадар болгонун кошумчалап, аны колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

Министр дем алыштарда борбор шаар Дүйшөмбүдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү машыгуу болгондугу менен түшүндүрдү. Жергиликтүү жашоочулар тартип коргоочулардын саны кадимкидей көбөйгөнүн, шаарга кетчү кан жолдордо кошумча текшерүү пункттары орнотулганын айтышкан.

26-январдын аба ырайы

Узакка созулган жылуу, кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 27-28-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүзү 11...16

Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүзү 11...16

Ош,Баткен,Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүзү 11...16

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүзү 1...6

Нарында түнкүсү -14...-19, күндүзү -5...-10

Бийик тоолуу райондордо түнкүсү -19...-24, күндүзү -6...-11

26-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 градус сууктан…1 градуска чейин жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 13…15 градус жылуу болот.

Египетте элдик көтөрүлүштүн 5 жылдыгы белгиленүүдө

Египеттин коопсуздук күчтөрү

Египетте 30 жыл бийликте турган президент Хосни Мубаракты төңкөрүүгө алып келген элдик көтөрүлүштүн 5 жылдыгы белгиленүүдө. Баш калаа Каирде, өзгөчө борборунда жана жаштар, демократиячыл активисттер арасында популярдуу райондордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

2013-жылы исламчыл мамлекет башчы Мухаммад Мурси кулатылгандан кийин өлкөнү 2014-жылдан бери башкарып келаткан Абдел Фаттах ал-Сисинин тушунда миңдеген динчилдер жана секулярдык активисттер камалган.

Ыңкылаптын 5 жылдыгын утурлай сүйлөгөн сөзүндө президент ар кандай толкундоолорго жооп кайтарылаарын эскертти. Жекшембиде ал-Сиси 2011-жылкы көтөрүлүштө курман болгондорду эскерип, Египет эли «демократия жана эркиндик баалуулуктарын урматтаган жарандык, заманбап жана өнүккөн мамлекет куруп жатканын» белгиледи.

Камсыздандырылбаган унааларга айып пул 2018-жылдан тарта салынат

Бишкек шаарындагы унаалар

Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы менен өткөн өкмөттүк жыйында автоунааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөндөрдү административдик жазага тартууну 2018-жылдын 1-январынан баштоо чечими кабыл алынды.

Ал эми унааларды камсыздандыруу мыйзамда көрсөтүлгөндөй эле 2016-жылдын 7-февралында башталат.

Буга чейин Транспорттук унааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамга ылайык, машиналардын ээлерине административдик айып пул салуу камсыздандыруу ишке киргенден кийин 2,5 айдан соң башталары айтылган.

Бул мыйзам коомчулуктун катуу сынына кабылып, бир топ нааразылыктарды жараткан. Нарын облусунун жашоочулары 27-январга белгиленген митингде камсыздандырууга каршы да пикирлерин билдиришмек. (UEz)

Анкарада шектүү жихадчылар кармалды

12-январдагы Стамбулда болгон жарылуудан кийин иштеп жаткан тез жардам кызматы.

Анкарада полиция “Ислам мамлекети” радикал уюмуна жалданган деген шек менен кеминде 10 кишини кармады. "Анадолу" маалымат агенттиги терроризмге каршы бөлүмдүн кызматкерлери бүгүн эртең менен баш калаада жихадчылардын катарына кошулган деп шектелген адамдарды колго түшүрүү операциясын жүргүзүшкөнүн кабарлады.

Түрк бийлиги 12-январда Стамбулдун тарыхый бөлүгүндө 10 туристтин өмүрүн алып кеткен жардыруу үчүн “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин айыптаган. Радикал топ ошондой эле өткөн октябрда Анкарадагы эки теракттын артында турганы кабарланган. Анда 103 киши жан таслим болгон. Түркия жихадчылардын өз жергесиндеги уюшмаларына каршы чара көрүү менен катар Сирия менен чек арасында согуштук аракеттерин күч алдырды. Анкара ошондой эле эл аралык коалициянын учактарына өз базаларын пайдаланууга уруксат берген.

Түмөнбаев: ИИМдин тараткан маалыматтары чындыкка коошпойт

Руслан Түмөнбаев

Жол кайгуул кызматкерлери менен чатакташкан Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев коомчулукка кайрылуу жасады. Анын кайрылуусунда милиция болуп өткөн окуя тууралуу жалган маалымат таратып жатканы айтылат. “Мен ичкилик ичпейм жана чыр чыкканда тапанча колдонгон эмесмин” деген Түмөнбаев.

21-январга караган түнү Руслан Түмөнбаев менен Жол кайгуул кызматкерлери ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада спортчуга кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийинчерээк сот аны сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошоткон.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги маалымат жыйын куруп, мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Түмөнбаев чатак учурунда мас абалында болгонун тастыктоочу медициналык справка бар экенин билдирди. UEz)

Олланд: Франция террорчулардын коркутууларына моюн сунбайт

Индия премьер-министри Нарендра Моди менен Франциянын президенти Француа Олланд кучакташып, көрүшүүдө. 24-январь, 2016-жыл

Франциянын президенти Франсуа Олланд анын өлкөсү коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбайт жана терроризмге каршы күрөш солгундабайт деп бүгүн билдирди. 24-январда “Ислам мамлекети” радикал уюму былтыр ноябрда Париждеги теракттарды ишке ашырууга шектелген тогуз жихадчынын видеосун тараткан. Анда террорчулар эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн аймагында кол салууларды уюштурушаарын эскертишкен.

Делиде расмий сапарда жүргөн Олланд ушундай коркунучтардан улам чукул абалдын мөөнөтүн узартууну өтүнгөнүн кошумчалады. Өзгөчө кырдаал 13-ноябрда борбор шаардагы кол салуулар 130 кишинин өмүрүн алып кеткенден кийин киргизилген. Француз тилиндеги видео болжолу менен экстремисттердин колундагы аймакта террорчулар Европага аттанаардын алдында тартылган. Согушкерлердин жетөө чабуулдар маалында окко учкан, дагы экөө полициянын рейддеринде жок кылынган.

Кыргызстанда кытай тасмаларынын жумалыгы башталат

Бишкекте 26-январдан 31-январга чейин кытай киносунун жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, жумалыкта Бишкектеги “Манас”, “Ала Тоо”, “Кино үйү”,“Октябрь”, “Кыргыз киносу” кинотеарларында Кытайдын эң мыкты деген беш тасмасы көрсөтүлөт. Алардын ичинде студенттик тандалма тасмалар да бар. Салтанаттуу ачылыш аземи эртең, 26-январда “Манас” кинотеатрында өткөрүлөт. Иш-чара эки тараптуу маданий жана кинематографиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.(ZA)

Тегеран: Эр Рияд менен чыңалууну жоюуга даярбыз

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Иран менен Сауд Арабия ортодогу чыңалууну жоюуга бар аракетин жумшоого тийиш деп билдирди. Региондун стабилдүүлүгү, терроризм, экстремизм, диний бөлүнүп-жарылуу өңдүү чыныгы коркунучтарга биргелешип туруштук берүүгө салым кошкон бардык демилгелерди кароого даярбыз, - деди Аббас Аракчи бүгүн Тегерандагы пресс-конференцияда.

Регионалдык эки атаандаш-өлкө ортосундагы мамилелер өткөн айда Эр Риядда шийилердин таанымал диниятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин курчуп кеткен. Тегерандагы элчилиги жаалданган демонстранттардын чабуулуна туш болгондо Сауд Арабия Ислам жумурияты менен дипломатиялык алакаларын токтотуп салган.

Аракчи бүткүл дүйнөгө кооптонуу жараткан "экстремист террорчул элементтерге" каршы күрөштүн маанисине да токтолду.

Сунилер үстөмдүк кылган Сауд Арабия менен шийи-мусулмандардын таянычы Иран Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүүлүк үчүн бири-бирин айыптап келатышат.

Өкмөт тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу мыйзамын артка чакыртты

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 25-январда жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртты. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди. Сариев өз сөзүндө аталган долбоорго терең анализ жасалбаганын баса белгилеп, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырды.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга каралган жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушуга байланыштуу Нарын эли 27-январда митингге чыкмак. (UEz)

«Азаттык» “Ар бир кесип ардактуу” сынагынын жыйынтыгын чыгарды

Конкурстун максаты жаштарды эмгекти барктоого көндүрүү, кандай кесип болсо да маанилүү жана керектүү экенин көрсөтүү болчу. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында арбын добуш топтогон, жыйналган баллдарынын саны жагынан Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү биринчиликти алды. Сүрөттүн автору башкы сыйлыкты – конкурстун негизги өнөктөшү – “О” мобилдик операторунун смартфонун алат. Экинчи орунду Жумабай уулу Кубанычбектин “Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү ээледи. Үчүнчү орунга Марат Сайранбаевдин “Кол өнөрчү” деген фотосүрөтү менен татыктуу болду. Бул авторлорубуз WiFi-роутерлерин алышат. Сыйлыкка жетишкендердин байгесин тапшыруу аземи февраль айынын башында өткөрүлөт. Сынакка мыкты сүрөттөрүн жөнөткөн авторлорго ыраазылык билдиребиз.

Келдибаев: Кадыралиевди бошотууга таасирдүү адамдар кызыкдар

Канжар Кадыралиевдин тарапкерлери.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевди Жогорку сот аркылуу үй камагында калтырып, андан ары биротоло актап жиберүүгө таасирдүү адамдар кийлигишип жатканын жабырлануучу Сактан Келдибаев "Азаттыкка" билдирди.

- Сотторго кийлигишип, Кадыралиевди актайсыңар деп көрсөтмө берип жаткан адамдардын ысымдары бизге жана айрым ЖК депутаттарына белгилүү болду. Муну жакынкы күндөрү, соттун чечими чыккандан кийин ачыкка чыгарабыз,- деди өзгөндүк ишкер Келдибаев.

Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, ооруканага түшкөндө кармалган, бирок көптөгөн айлар камакта эмес, ооруканада жаткан. Өткөн жылдын 30-ноябрында Октябрь райондук соту эч жакка кетпөө шарты менен аны эркиндикке чыгарып, шаардык сот ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Кадыралиевди камоо же үй камагында калтыруу маселесин Жогорку сот 27-январда карайт. (UEz)

Командирден токмок жеген жоокер ооруканага жаткырылды

УКМКнын 64479 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасул рота командири тарабынан токмоктолуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык жоокерлердин энелери уюмунун төрайымы Уулкан Байкубатова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 21-январда жоокердин энеси арыз менен аталган комитетке кайрылган. Маалыматка ылайык, жоокер рота командири, капитан Аралбаев тарабынан аеосуз сабалган. Токмоктон жоокердин денеси көгөрүп, баш мээси чайкалган. Учурда аскер прокуратурасы бул факт боюнча териштирүү иштерин баштады. (UEz)

Самаковдун соту 27-январда уланат

Карганбек Самаков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго байланыштуу соттук отурум 27-январда уланат. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму судья Чыңгыз Адамкулов ооруп калгандыктан жылдырылган.

Самаковго жана бир катар кызмат адамдарына Чүй облусундагы 262 гектар айыл чарба жерин менчиктеп, турак жай тилкесине айландырып жиберген деген кине менен 2015-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Экс-депутат болсо коюлган дооматтарды четке кагып, жер тилкелерин мыйзам чегинде сатып алганын айтып келет. (UEz)

Кыргызстанда 61 адамга чочко тумоосу жукту

Кыргызстанда сасык тумоонун H1N1 түрүн (чочко тумоосу) жуктургандардын саны 61ге жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалымат катчысы Шабдан Рыскулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча өткөн жылдын декабрынан бери 325 бейтап кайрылып, алардын 61и чочко тумоосуна чалдыкканы тастыкталган. Учурда бейтаптардын баары ооруканаларда дарыланууда, өмүрүнө коркунуч келгендери жок. Дарыгерлер чочко тумоонун алгачкы белгилери кадимки сасык тумоодон көп деле айырмаланбай тургандыгын, андыктан ооруканага убагында көрүнүүнү эскертишет.

Чочко тумоосу 2009-жылы дүйнөнүн улам бир аймагында тездик менен жайылып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия коркунучу тууралуу эскерткен. Анда тумоо бир жылда 18 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйган. (UEz)

Улуттук банк жыл башынан бери 54 млн. доллар интервенциялады

Улуттук банк сомдун кунун колдоо максатында 1-январдан бери 53 млн. 800 миң доллар сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-январга чейин 14 ирет интервенция жасалган.

Учурда бир АКШ доллары акча алмаштыруучу жайларда 75-76 сомго бааланууда. Кыргыз өкмөтү долларга карата сомдун кунун интервенция жолу менен колдоп келет. (UEz)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG