Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:23

Жаңылыктар

Бразилия: абактагы тополоң 60 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Амазон токоюнда жайгашкан Манаус шаарындагы түрмөдө тополоң чыгып, кеминде 60 киши мерт болду.

Амазонас штатынын коопсуздук жаатындагы жетекчиси Серхио Фонтес маалымат жыйынында билдиргендей, тополоң бири-бирине атаандаш маңзат менен шугулданган топтордун ортосундагы кармаштан тутанган. Бийлик өкүлдөрү набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн кабарлашты.

Абактагылардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Бразилияда мындай тополоңдор көп катталат. Бул өлкөдө 600 миңден ашуун адам түрмөдө жатат. Укук коргоочулар абактардагы шарт начар экенин билдирип келишет.

Тегеранда камактагы активистти колдогон акция өттү

Ирандын борбору Тегерандагы Эвин абагынын алдында ондогон адамдар камакта ачкачылык жарыялаган активист Араш Садехини колдоо иретинде нааразылык акциясын өткөрүштү. Коопсуздук беренелери боюнча 15-жылга эркинен ажыратылган Садехи жубайы Голрох Ибрахиминин камалышына наарызылык иретинде эки ай мурда ачкачылык жарыялаган.

Укук коргоочу Ибраихими Ирандагы ташбараңга алуу көрүнүшү тууралуу жарыялана элек макаласы үчүн камакка алынган. Эл аралык мунапыс уюму ага коюлган айыптарды “күлкү келерлик” деп мүнөздөгөн.

Дүйшөмбүдө Араш Садехи кармалган түрмөнүн алдына 800дөй адам тынч жүрүшкө чыкканы кабарланды.

Пакистанда шал оорусуна каршы өнөктүк башталды

Пакистандын Кветта шаарындагы полиомиелитке каршы эмдөө.

Пакистандын түштүк-батышында полиомиелитке каршы беш күндүк өнөктүк башталды. Адамдын шал болуусуна алып келген вирустун тамырын кыркууну көздөгөн бул өнөктүктүн алкагында Белужистан провинциясында беш жашка чейинки 400 миң бала эмдөөдөн өтөт.

Расмийлер тургундарды, диний аалымдарды жана жергиликтүү кеңештин лидерлерин бул өнөктүктү колдоого чакырды.

Пакистан шал оорусу катталган өлкөлөрдүн тизмесинен 2018-жылга чейин толугу менен чыгууну көздөп жатат.

Буга чейин Пакистанда эмдөө ишине тартылган дарыгерлер бутага алынган учурлар катталган. Согушкерлер эмдөөгө каршы чыгышып, аны Батыштын тыңчыларынын балдарды стерилизациялоо аракети деп мүнөздөшкөн.

Ооганстан: аэропорттун аял кызматкерлерин өлтүргөндөр кармалды

Беш аялды өлтүрүүгө шектелген адамдар.

Ооган бийлиги өткөн айда аэропортто иштеген беш аялды жана алардын айдоочусун өлтүрдү деп шектелген төрт адам кармалганын билдирди.

Коопсуздук күчтөрү үч шектүүнү Кандагардагы маалымат жыйынына алып келип, алар күнөөлөрүн мойнуна алганын кабарлады. Төртүнчү шектүү киши коопсуздук кызматкерлери менен кармашта жаракат алып, ооруканада дарыланып жатат.

17-декабрда аэропорттун аял кызматкерлерин белгисиз адамдар атып кетишкен. Ага чейин маркум аялдар аэропортто иштегени үчүн коркутууларга кабылганын айтышкан эле.

Талиптер бул чабуулга тиешеси жоктугун билдиргени менен шектүүлөр талип командиринин буйругу менен бул ишке барганын айтышты.

АКШ сенаторлору грузин президенти менен жолукту

АКШ сенаторлору Грузияда

Грузин президенти Георгий Маргвелашвили АКШ сенаторлору менен Тбилисиде жолугуп, Грузиянын Батыш уюмдарына кошулуу максаттарын жана грузин-америка кызматташтыгын талкуулашты.

Президенттин аппараты маалымдагандай, сенаторлор Жон Маккейн, Линдси Грэм жана Эми Клобушар Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдиришти.

Маккейн оппозициядагы айрым саясатчылар менен жолукканы кабарланды. Сенаторлор 2008-жылдагы беш күндүк согуштан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын жайгашкан Хурвалети аймагына да барышты.

3-январга карата аба ырайы

Кыш.

Шашылыш билдирүү:

2-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 145-150 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Нарын-Казарман автоунаа жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

3-январда Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка өлкө аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

Чүйдө түнкүсүн -4…1, күндүз -1…+4;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;

Таласта түнкүсүн -4…1, күндүз -2…+3;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2 , күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -12…-17 суук.

3-январда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4- 9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2 градус суук, күндүз 0…2 градус жылуу болот.

Кара-Кулжада кар көчкү бир адамды басып калды

Оштун Кара-Кулжа районундагы Кара-Таш жайлоосуна барчу жолго кар көчкү түшүп бир адамды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30-декабрда 66 жаштагы райондогу Кызыл-Жар айылынын тургуну мал карап жүргөн. Каза болгон жарандын сөөгү табылып, туугандарына берилди.(BkA)

Тажикстан талиптердин танктары тууралуу маалыматты иликтейт

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн талиптерге каршы операциясы, 19-декабрь, 2016-жыл.

Тажик бийлиги ооган расмийлеринин талиптердин танктары Тажикстанда орус инженерлери тарабынан ремонттолуп жатканы тууралуу айткандарын териштирип жатат.

Тажикстандын Чек ара агенттигинин басма сөз өкүлү Мухаммаджон Улукхожаев бул дооматтарды негизсиз деп атап, бирок Ооганстандын медиа каражаттарындагы маалыматтар иликтенип жатканын билдирди.

Өткөн айда Ооганстандын Кундуз провинциясынын мурдагы губернатору Мухаммад Омар Сафи талиптердин колуна өткөн аскердик оор техникалар Тажикстанга ремонт үчүн жөнөтүлүп жатканын айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Ал техникаларды орус инженерлери оңдоп чыгып, кайра талиптерге жөнөтөөрүн, талиптер менен орус армиясынын ортосундагы мындай кызматташтык эки жылдан бери уланып жатканын белгилеген.

Декабрь айынын башында ооган депутаттары талиптерге жөнөтүлдү делген орус куралдары тууралуу маалыматтарды текшерип чыкмай болушкан.

Орусия талип согушкерлерине эч кандай жардам бербегенин билдирип, мындай дооматтарды четке кагып келет.

Бишкек мэрлигине Ибраимовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Албек Ибраимов (солдо).

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция борбор шаар башчылыгына Албек Ибраимовдун талапкерлигин кайрадан көрсөттү. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын лидери Алмаз Кененбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 31-декабрда көпчүлүк коалициянын жыйыны өтүп, анда Ибраимовдун талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Бишкек шаардык мэрин шайлоо 11-январда өтөт. 4-январга чейин көпчүлүк коалиция жана оппозиция өз талапкерлерин аныкташы керек.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары кирет. Ал эми оппозициялык азчылыкта “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган.

Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп 2016-жылдын 27-февралынан бери иштеп келет. (BkA)

Багдаддагы жардыруу кеминде 16 адамдын өмүрүн алды

Нажафтагы жардыруу, 1-январь, 2017-жыл.

Ирактын борбору Багдаддын эл көп топтолгон аянтында жардыруу болуп, кеминде 16 адам мерт кетти. Ондогон жөн-жай тургундар жаракат алышты.

Жардыруу 2-январда шаардын шииттер жашаган Садр конушунун жалданма жумушчулар чогулган жеринде болгон. Полиция бомба салынган унаа жарылганын тастыктады.

Чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок соңку апталарда сунниттерден турган “Ислам мамлекети” террордук тобу Багдаддын шииттер байырлаган аймактарын бир канча жолу бутага алган.

31-декабрда Багдада үч жардыруу болуп, баш аягы 29 киши набыт кеткен. 1-январда шииттердин ыйык шаары саналган Нажаф калаасында эки жанкечти өздөрүн жардырып, андан сегиз адам мерт болгон.

Кореядагы коррупция жаңжалына шектелген адам Данияда кармалды

Түштүк Кореянын президентине каршы нааразылык акциясы, 10-декабрь, 2016-жыл.

Даниянын полициясы Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин коррупциялык жаңжалга шектелген курбусунун кызын камакка алды.

Президенттин курбусу Чхве Сун Силдин кызы Чон Йу Ра Даниянын Ольборг шаарында мыйзамсыз жүргөнү үчүн камакка алынганын Түштүк Кореянын полициясы тастыктады. Ага Кореяда бир нече беренелер боюнча айып коюлуп, издөө жарыяланган болчу.

Өткөн айда Түштүк Кореянын парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Буга анын курбусу Чхве Сун Силдин ири компанияларды опузалап, акча алганы себеп болгон. Эми президентти кызматтан кетирүү маселесин өлкөнүн Конституциялык соту чечиши керек.

Канатбек Бегалиев Спорт агенттигинин жетекчилигин сындап чыкты

Канат Аманкулов.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин сындап чыкты. Бегалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов машыктыруучуларга негизсиз басым жасап, ишине кийлигишүүдө. Бээжин Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээсинин жүйөсүндө, жетекчиликтин мындай мамилеси спортчулар арасында нааразылык жаратууда.

Ошондой эле Бегалиев спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар да адилет берилбей, Аманкуловдун жакын адамдарына гана сыйлык тапшырылып жатат. Буга мисал катары күрөшчү президенттик Ардак грамотасына көрсөтүлгөнүнө карабай албай калганын айтты.

Буга чейин спорт агенттигинин коллегиясында Канатбек Бегалиевдин дарегине сын айтылган. Агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов спорт тармагында баш аламандык өкүм сүрүп, мыйзамсыз иштер аныкталып жатканын билдирген эле.(BkA)

Француз президенти Багдадга келди

Франсуа Олланд

Франциянын президенти Франсуа Олланд “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы эл аралык коалициянын операцияларына катышып жаткан француз күчтөрүн көрүү үчүн Багдадга келди.

Олланд АКШ баштаган эл аралык коалиция түзүлгөндөн бери Иракка барган алгачкы жогорку даражалуу батыш лидери болуп калды. Аны Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан коштоп жүрдү.

Франциянын учактары соңку эки жыл ичинде “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы баш аягы миңдей аба соккуларын жасады. 500дөй француз аскерлери Мосул шаарын бошотууга аракет кылып жактан Ирак күчтөрүнө кеңеш берип келишет.

Стамбулдагы чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Стамбулдагы чабуулдан кеминде 39 адам мерт болду.

Стамбулда 39 адамдын өмүрүн алган кандуу чабуул үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Бул топ 2-январдагы билдирүүсүндө “халифаттын жоокерлери христиандар динге туура келбеген майрамды белгилеп жаткан жерде" бул чабуулду уюштурду деп билдирди.

Түркиянын “Хүрриет” жана “Карар” гезиттери түнкү клубдагы чабуулга шектелген адам өзбекстандык же кыргызстандык болушу мүмкүндүгүн жазып чыгышты. Коопсуздук күчтөрү шектүүнү өлкө боюнча издеп жатышат.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Клубда Жаңы жылды белгилөөгө чогулган 500-700 адам болгон.

Казакстанда үй урап, тогуз адам мерт болду

Ички иштер министрлиги имарат 2-январда ураганын кабарлап, кырсыктын себебин так айткан жок.

Казакстандын Шахан шаарчасында көп батирлүү үйдүн жарымы урап, андан кеминде тогуз адам мерт болду. Ички иштер министрлиги имарат 2-январда ураганын кабарлап, кырсыктын себебин так айткан жок.

Окуя болгон жерде куткаруу иши уланууда. Урандылардын арасынан эки бала аман чыгарылды. Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Шахан шаарчасы борбор калаа Астанадан түштүк чыгышты көздөй 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Салянова: Коррупция боюнча мыйзамдын негиздүүлүгүн түшүнгөн жокмун

Аида Салянова парламент жыйынында.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, аталган мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөө жана бул тууралуу маалымат берген адамды коргоого алуу максатын көздөйт. Бирок мыйзамды артка кайтарууга негиз болбогонун Салянова билдирди.

- Мыйзам боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын туура эмес чечмелөөсүнөн улам ушундай чечим кабыл алынышы мүмкүн, - деди Салянова.

31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамды артка кайтарган. Анда президент бул демилгенин маанилүү экенин эске алып, бирок бир катар карама-каршылыктарга көңүл бурган. Атап айтканда, мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштегендер гана коргоого алынып, башка жарандардын укугу каралбай калган. Өлкө башчсы мындай жобо бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей укукка ээ деген принципке каршы келерин белгилеген. (BkA/EBM)

АКШдан чыгарылган орус дипломаттары Москвага келишти

Орусиялык дипломаттарды алып келүүгө барган атайын учак.

АКШдан чыгарылган 35 орус дипломаты түшкөн учак Москвага конду. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлашты. Маалыматка ылайык, Орусия бийлиги дипломаттарды алып келүү үчүн Вашингтонго атайын учак жиберген.

Өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама орус бийликтеринин АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракетине жооп катары 35 орус дипломатын 72 саат ичинде өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон. Ошондой эле Федералдык Коопсуздук кызматы жана Куралдуу күчтөр Генералдык штабына санкциялар киргизилген.

30-декабрда Орусия президенти Владимир Путин америкалык дипломаттарды чыгарбай турганын билдирген. Ага чейин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 35 америкалык дипломатты өлкөдөн чыгаруу сунушун берген эле.

Бишкек-Дубай каттамы кечигип учту

“Манас” аба бекети.

Бишкек- Дубай каттамындагы учак 1-январда кечигип учту. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-январда жөнөмөк болгон учак бүгүн таң эрте учуп кетти. Буга Дубайдагы коюу туман себеп болгон.

“Манас” аэропортунан калган каттамдар өз убагында учарын билдиришти.

Ошондой эле туманга байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарынан келе жаткан кыргызстандыктар Дубай аба бекетинде кармалып калышканын социалдык тармактарга жазып чыгышты.(BkA)

Жалал-Абад: абакка маңзат алып кирүүгө аракеттенген адам кармалды

Шаардагы убактылуу кармоо жайындагы таанышына маңзат алып кирүүгө аракеттенген 35 жаштагы шаар тургуну кармалды. Облустук милициядан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 31-декабрдын кечинде абак жайда кармалып турган таанышына жаңы жылдык белек деп алып келген баштыгынан 15 грамм гашиш табылган.

Табылган зат химиялык экспертизадан өткөрүлүп, банги зат экендиги аныкталды. Учурда бул багытта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)

Өзгөндө сарайда чыккан өрттөн 20 баш уй күйүп кетти

Иллюстративдик сүрөт.

Өзгөндөгү Ак-Кыя айылынын тургундарынын биринин сарайынан өрт чыгып, 20 баш уй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт сарайдын чатырындагы чөптөн тутанган. Өрттөн 2000 түк чөп жана сарайдагы 20 баш уй күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеп такталууда.(BkA)

Жээнбеков: ички дүң продукция 3,5 пайызга өстү

Тешкен тоо.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы жылдык куттуктоосунда билдирди. Премьер мындай өсүшкө негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай ээ болгонун белгиледи.

Жээнбеков ошондой эле токсондон ашык социалык обьекттер пайдаланууга берилгениин жана өлкө боюнча 225 чакырым жол оңдолгонун кошумчалады.

Былтыр ички дүң продукциянын өсүшү 5,2 пайыз болот деген план коюлган. Бирок мурдагы премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен соң бюджетке өзгөртүү киргизилип, көрсөткүчтөр төмөндөтүлгөн.

Ал эми өлкөдө 80 мектептин курулушу бүткөрүлөрү пландалып, 2016-жылдын ноябрь айында анын 29у гана пайдаланууга берилгенин жана жаңы жылга чейин 51ин бүткөрүү пландалып жатканын Курулуш жана архитектура агенттиги билдирген эле.(BkA)

Улуттук банк жаңыланган банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды

200 сом.

1-январдан тарта Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сомдук номиналдагы жаңы банкнотторду жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу негизги акча регуляторунан буга чейин билдирген эле.

Жүгүртүүгө киргизилген банкноттор арасында коомчулукта талкуу жараткан 200 сомдук банкнот да бар.

Анда акчага түшүрүлгөн классик акын Алыкул Осмоновдун сүрөтүндө көзү чалыр болуп калганы айтылып, талкууга түшкөн.

Айрымдар бул банкнотту кайрадан басып чыгуу зарылдыгын айтышкан. Улуттук банк болсо 200 сомдуктагы сүрөт өзгөртүлбөй турганын билдирген эле.(BkA)

Түркмөнстан Иранга газ берүүнү токтотту 

Түркмөн газы.

Түркмөнстан карызга байланышкан пикир келишпестиктерден улам Иранга газ берүүнү токтотту.

Ирандын улуттук газ компаниясынан билдиришкендей, «түркмөн компаниясы мурда жетишилген келишимдерге карабай, карызды тез арада төлөөнү талап кылып, көгүлтүр отту токтотуп койду".

Иран тарап Түркмөн бийлигинин чечимин макулдашууну бузуу катары баалады. Маалыматка караганда, эки өлкө карызды төлөө боюнча сүйлөшүүдө.

Иран 1997-жылдан бери түндүктөгү аймактары үчүн түркмөн газын сатып алат. Азыркы тапта экспорттун көлөмү 10 миллиард кубометрди түзөт. Түркмөнстан Ирандын Кытай менен Түркиядан кийинки ири өнөктөшү.

Декабрдын башында Тегеран түркмөн бийлиги 1,8 миллиард долларга жеткен карыздан улам көгүлтүр отту токтоторун эскерткенин жарыялаган. Өткөн аптада тараптар убактылуу келишим түзгөнү кабарланган болчу.

АКШ сенаторлору Грузия жетекчилиги менен жолугушат

АКШ сенаторлору Грузияда.

Грузияда жүргөн АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Линдси Грэхем, Жон Маккейн жана Эми Клобукер бүгүн бул өлкө жетекчилиги менен жолугушат. Алар Тбилисиге 1-январда барышты. Анын жүрүшүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды күчөтүү үчүн Конгрессте аракет көрүшөрүн билдиришти.

-Биз коллегаларыбызды Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө үндөйбүз, анткени алар хакерлик кылды, муну далилдер көрсөтүп турат, - деп айтты сенаторлордун бири Жон Маккейн.

Сенаторлор 2008-жылдагы беш күндүк согуштан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын жайгашкан Хурвалети аймагына барды. Маккейн Грузиянын толук көз карандысыздыгын камсыздоо, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн бардык колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Орусиялык дипломаттар АКШдан чыгып кетишти

АКШнын Орусиядагы элчилиги.

АКШ президенти Барак Обаманын буйругуна ылайык, орусиялык дипломаттар Вашингтондон чыгып кетишти. Маалымат булактары Америкадагы орус элчилигинин өкүлү Николай Лахонинге шилтеме берип жазып чыккандай,1-январда чыгып кетүүгө тийиш болгон бардык дипломаттар түшкөн учак Орусияга жөнөдү.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама 29-декабрда орус бийликтеринин АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү, улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүү аракетине жооп катары 35 орус дипломатын 72 саат ичинде өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон. 30-декабрда Орусия президенти Владимир Путин буга экстрадиция менен жооп кайтарбай турганын, эки тараптуу алака боюнча кадам таштоонун алдында 20-январда кызматка кирише турган АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын аракеттерине көңүл бурарын жарыялады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG