Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 18:28

Жаңылыктар

Яшин Москва шаарынын мэрлиги үчүн күрөшөт

Илья Яшин

Орусияда оппозициялык активист Илья Яшин сентябрда өтчү шайлоодо Москва шаарынын мэрлигине ат салышат.

11-апрелде “Фейсбукка” чыгарган видео билдирүүдө Яшин Москванын мэри Сергей Собянинди коррупцияга айыптаган.

Москванын Красносельский районунун жетекчиси Яшин баштапкы шайлоого (праймериз) катышып, аны коомчулук кандай колдорун аныктагысы келет.

Яшин Кремлди сындап жүргөн саясий оппозиционер Алексей Навальный экөө “Тилектештик” кыймылынын мүчөсү.

Навальный интернет сайтына Яшиндин баш калаанын башчысынын ордуна жарышка катышуу чечимин “жакшы кабар” деп, санаалашынын “праймеризге” катышуу чечимин колдоду.

Москва шаарынын мэрлигине шайлоо 9-сентябрда өтөт. Азыркы шаар башчы Сергей Собянин дагы ага катышары белгилүү.

ЖЭБ чыры: Жантөрө Сатыбалдиев депутаттык комиссияга маалымат берди

Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 11-апрелде 2012-2013-жылдары премьер-министр болуп иштеген Жантөрө Сатыбалдиев менен Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун маалыматын укту.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин оӊдоо маселеси жыйырма жыл мурда эле көтөрүлүп, 2012-2017-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин билдирди:

- Бул маселе кийин Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Ошондон улам мекеме аралык комиссия түзүлүп, ЖЭБдин абалын иликтеп чыккан. Аны реконструкциялоо боюнча 4 компаниядан сунуш түшкөн. Бирок насыя каражатын бере турган Кытай тарап өздөрүнүн ТВЭА компаниясын нота түрүндө сунуш кылган. Андан кийин мен кызматтан кеттим, кандай иштер жасалганын билбейм.

Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча, Кытай тарап жеӊилдетилген насыядан башка жаӊы мектеп имаратын куруш үчүн 2 млн. доллар каражат, ошондой эле 20 млн. доллар өлчөмүндө техникалык грант бөлүүгө да убада берген.

Депутат Чыныбай Турсунбеков 11 депутаттан турган топ ТВЕАнын иши менен таанышканы Кытайдын Үрүмчү аймагындагы Чанша шаарына барганы жөнүндө маалымат берди. Турсунбековдун айтуусунда, Кытайга кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү кошо барган. Сапарда ТВЭА компаниясына тийиштүү ишканалардын абалы, алардын чыгарган техникалык жабдууларынын сапаты менен таанышуу болгон.

Жантөрө Сатыбалдиев менен Чыныбай Турсунбеков депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери тууралуу пикирлерин да айтышты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун журналисттерге билдиргени боюнча, Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссияда көптөгөн маалыматтар жана документтер чогулган. Булардын негизинде комиссиянын корутундусу даярдалууда. (ZKo)

Тогуз-Торонун акими кызматтан алынды

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын митингинде "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөлдү. 11-апрель, 2018-жыл.

Тогуз-Тородогу жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында депутат Кожобек Рыспаев окуя боюнча парламентте маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындаган. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген. КСДП фракциясынын жыйынында өкмөттүн иши боюнча отчет берип жатып премьер-министр Сапар Исаков да бул маселени жөн калтырбай турганын айткан болчу.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап, райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин жүйө кылып жатышат. (КЕ)

Гаага соту серб улутчулун актаган өкүмдү жокко чыгарды

Воислав Шешел, 12-ноябрь, 2014-жыл

Улуттар Уюмунун соту сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүмдү жарым-жартылай жокко чыгарды. Аскерий кылмыштарга жана адамзатка каршы кылмыштарга айыпталган Шешелди сот 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Саясатчы 12 жыл камакта отуруп чыккандыгына байланыштуу бул жазаны өтөбөйт.

2016-жылдын жазында Улуттар Уюмунун трибуналы сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүм чыгарган. Бирок прокурорлор Шешелди адамзатка каршы кылмыш боюнча үч берене, ал эми согуш кылмышы боюнча алты берене менен айыпташып, 28 жылга эркинен ажыратууну же жаңы соттук териштирүү белгилөөнү суранышкан.

Шешел 1990-жылдары Балкан согушу кезинде аскерий кылмыш жасаган деп айыпталган. 2003-жылы Гаага сотуна өз ыктыяры менен келген. Айыптоочу тарап аны 28 жылга эркинен ажыратууну сурап, бирок сот иши созулуп кеткен. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу "адамгерчилик негизде" түрмөдөн бошотулган.

1990-жылы Югославиянын жети мамлекетке бөлүнүүсүнөн кийин чыккан согуш 130 миңдей адамдын өмүрүн алган.

Трамп: "Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат"

АКШ президенти Дональд Трамп аскер күчтөрүнүн жогорку жектечилиги менен жолугушууда, 9-апрель, 2018

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияны Сирияда жасалчу ракеталык соккуга даяр болууга чакырды. Бул тууралуу америкалык лидер "Твиттер" баракчасына орус тарапка жооп иретинде жазды. Ага чейин Орусиянын Ливандагы элчиси америкалык ракеталарды атып түшүрүүгө жана алар учурулган жерди тыптыйпыл кылууга даярдыгын айткан.

"Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат, алар жаңы жана акылдуу» - деп жазды Трамп. "Адамдарды газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган "айбандар" менен өнөктөш болууга мүмкүн эмес" - деди.

Мурдараак британ премьер-министри Тереза Мэй Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп, Сирияда газ чабуулу болгонун бышыктаган далилдер берилсе, Лондон сокку урууга катышарын билдирген.

Трамп буга чейин 24-48 саат ичинде Сириядагы болжолдуу химиялык чабуулга каршы жооп чара көрөрүн айткан.

Кошмо Штаттар бир катар союздаштары менен 7-апрелде Дума шаарында болгон болжолдуу химиялык чабуулдан ондогон бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган соң, Асаддын армиясына чара көрүүнү талкуулап жатышат.

Президент Жээнбеков Брюсселге барды

Сооронбай Жээнбеков Анкарага барган учуру. 9-апрель, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюсселге жумушчу сапар менен келди.

11-12-апрелге белгиленген сапар учурунда мамлекет башчы бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Сапардын биринчи күнүндө Жээнбеков шаазаада Агахан менен кезигет.

12-апрелде Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европа парламентинин төрагасы Антонино Таяни жана биримдиктин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

Кыргыз президенти Брюсселге барар алдында, 9-10-апрель күндөрү Түркияда расмий иш сапарда болду. (SE\BkA)

КСДП өкмөттүн ишин жактырды

Сапар Исаков баштаган өкмөт өкүлдөрү маданий иш-чаралардын биринде.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты. 11-апрелде премьер-министр Сапар Исаков аталган фракцияда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

Жыйында социалдык маселелерде чекиликтер айтылганы менен, көпчүлүк жакшы деп баалады. Добуш берүүдө баары өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп табышты.

Фракция лидери Иса Өмүркулов бул чечимдин көчүрмөсү спикерге, Констутуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине жөнөтүлөрүн айтты. (SE)

Башкы прокуратура: Индира Жолдубаева Кыргызстандан кеткен жок

Индира Жолдубаева.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым булактарда "Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени" тууралуу маалыматтар туура эместиги, ал жыл башынан бери башка мамлекетке бара электиги айтылат кабарда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны отставкага кетирүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган. Парламент бул сунушту 11-апрелде колдоп берди.

Жыйынга Жолдубаева өзү келген жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү суранганын спикер Дастан Жумабеков билдирди.

Депутаттарга Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди. (SE)

Парламент баш прокурорду кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Өзгөндө айдоо аянттарын суу каптап жатат

Оштун Өзгөн районунда Кара-Дарыянын суусу кирип, айдоо аянттарын каптай баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-апрелде билдиргендей, Баш-Дөбө айыл аймагында 253 гектарды суу каптаган.

Андан тышкары, 50 турак үйдү каптоо коркунучу жаралды. Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында иштеп жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөндө үйлөрдү суу каптоосунун алдын алууну өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго тапшырды. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев суу ташкан аймакка барып, абалды көрүп келди.

Кыргызгидромет 10-11-апрелде жаан-чачын көп болорун, тоолуу аймактарга кар түшөрүн, дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымалдыгын эскерткен. (SE)

Кремль АКШны Сирияга сокку урбоого чакырды

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. 8-март, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарды Сирияга куралдуу сокку урбоого чакырып, андай болсо Жакынкы Чыгышта “кырдаал курчуй” турганын билдирди.

Песков 11-апрелде башка орусиялык аткаминерлердин билдирүүлөрүн кайталады. Буга чейин орусиялык аткаминерлер Вашингтонго "Сирияга сокку урбаш керек" деп эскертишкен.

Кошмо Штаттар бир катар союздаштары менен 7-апрелде Дума шаарында болгон болжолдуу химиялык чабуулдан ондогон бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган соң, Асаддын армиясына чара көрүүнү талкуулап жатышат.

Песков ошондой эле Орусиянын Ливандагы элчисинин айтканы боюнча комментрий берүүдөн баш тартты. 10-апрелде орус элчиси армия Сирияны көздөй атылган АКШнын ракеталарын абадан атып түшүрүүгө даяр туруу зарылдыгы жөнүндө эскертилгенин айткан.

Депутат Мадеминов: КСДПнын тушунда чоң иштер жасалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов кызматташтарын оппозициядагылар менен тең ата сүйлөшүүгө чакырды. Мындай пикирин 11-апрелде бул фракция өкмөттүн жасаган иштери тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун отчетун угуп жатканда билдирди. Ал КСДП башкаруучу коалицияда турган соңку 6 жылда мектеп, ооруканалар оңдолуп, жолдор салынган олуттуу иш катары сыпаттады:

- КСДПнын депутаттарына кайрылам: палатада оппозициялык фракциянын депутаттары өкмөт банкрот болгонун айтып жатышат. Биз унчукпай отурабыз. Эмне үчүн унчукпай отурасыңар? Эмне үчүн өзүбүздүн жакшы тарабыбызды чыгара албайбыз? Эмне үчүн өзүбүз кураган өкмөттү сактай албайбыз? 25 жылдык тарыхта саясатты түздөп кеткен КСДПдан башка партияны көргөн жокпуз.

Депутат Мадеминов азыркы бийликтин ишин баалоо үчүн мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин тушундагы экономикага салыштырыш керек экенин белгиледи. Ошондой эле ал премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн иши жакшы болуп жатканын, ушул темпте кетсе жыл аягындагы көрсөткүч мыкты болорун кошумчалады.

28-мартта парламент жыйынында "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу маселе көтөрүп, өкмөт саясий жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болгонун билдирген.

Премьер-министр Сапар Исаков бул депутаттын жеке пикири экенин, ким кандай иштегенин эл көрүп жатканын айткан. (SE)

Кыргызстанда доллар кымбаттап, рубль арзандап жатат

Кыргызстанда АКШ доллары кымбаттап, рублдин курсу түшө баштады.

11-апрелде Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 69 сом 45 тыйындан сатылды. Сатып алуу 69 сомго барабар. Ал эми Улуттук банктын расмий эсебинде доллардын баасы 68 сом 40 тыйын деп көрсөтүлүп, кымбаттоо 0,40% түзгөнү маалымдалды.

Евро да 0,82% кымбаттап, 1 евро 85 сомдун тегерегинде сатылууда.

Орусиянын рубли болсо 2,25% арзандады. 11-апрелдеги расмий эсепте 1 рубль 1 сом 9 тыйынга тең. (SE)

Алжирде аскер учагы кыйрап, 250дөй киши курман болду

Алжирдин желеги

Алжирдин Коргоо министрлиги кыйраган учакта негизинен аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү болгонун билдирди. Учакта 247 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү бараткан.

Аскердик учак Алжирдин түндүгүндөгү Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулап түшкөнүн маалымат каражаттары жазышты.

Телеканалдар жерде жаткан учактын калдыктары түтөп күйүп жатканын көрсөтүштү.

"Алжир 24" агенттиги аскердик жүк ташыган учак аэропорттон көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөн соң кулаганын кабарлады.

Жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, "Ил-76" учагы Алжирдин түштүгүндөгү Бешар шаарына сапар алган. Учак эмне себептен кыйраганы азырынча белгисиз.

Боуфарик шаары Алжир шаарынан 30 чакырым алыс жерде жайгашкан.

Тогуз-Тородогу жагдайдан улам аким кызматтан алынат

Өрттөлгөн имарат.

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы кен компаниясында түзүлгөн жагдайдан улам аким Тилек Идирисов иштен алынаарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясына өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатканда айтты.

Анын алдында депутат Кожобек Рыспаев маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындады. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул маселе жөн калтырылбай турганын айтты:

- Тиешелүү адамдар жоопкерчилик тартышы керек. Бул менин принципиалдуу позициям. Бүгүн мен акимди жумуштан алам. Мунун баарын териштиребиз. Ал жакта бандиттер да бар дейт.

Өкмөт башчы тургундар чагымга алдырбашы керек экенин, жагдай иликтене баштаганын кошумчалады.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлдү.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Тогуз-Торо райондук акимчилигинин жетекчилери митинг болгонун "Азаттыкка" ырасташты. Бирок алар имараттын өрттөлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Аймактагы абалды милиция көзөмөлдөп жатат.

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин жүйө кылып жатышат. (SE)

Химиялык куралга тыюу салган уюмдун миссиясы Сирияга барууга даяр

Думадагы чабуулдан жабыркаган бала. 8-апрель, 2018-жыл.

Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюм Сириянын Дума шаарында иликтөө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Бул үчүн атайын миссия барып, 7-апрелде карапайым калкка каршы химиялык курал колдонулган-колдонулбаганын текшерет.

Билдирүүдө эл аралык уюм Думада химиялык курал колдонуу туурасында ар кайсы булактардан маалымат жыйнап, аларды талдап жатканы да айтылат.

Эл аралык уюмдун башкы директору Ахмет Узюжю Думада атайын миссияны жайгаштыруунун жолдорун карап жатат.

10-апрелде уюмдун техникалык катчылыгы Сириянын бийлигинен эл аралык миссияны жайгаштырыш үчүн даярдык көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүдө миссия жакын арада Сирияга келүүгө камданып жатканы айтылат.

Текебаевдин саламаттыгы боюнча корутунду 12-апрелде чыгат

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Анын айтымында, 10-апрелде Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүлүп, анализ тапшырган.

- Жыйынтыктары толук чыккандан кийин, 12-апрелде врачтар консилиумга чогулуп, Текебаевдин саламаттыгы боюнча корутунду чыгарышат. Бүгүн аны кардиологиялык борборго алып келишкен жок. Эртең алып келишсе керек, - деди ал.

10-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта жаткан Өмүрбек Текебавдин саламаттыгын текшериш үчүн аны Улуттук кардиология борборуна алып келген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бул күнү кароо жүргүзүлгөнүн, корутунду 11-апрелде чыгарыларын маалымдаган.

Абактагы Өмүрбек Текебаевдин камерасынан күнү-түнү коюлган видеокөзөмөлдү алып салуунун мыйзамдуулугун карап көрүүнү өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн ЖАМКтын башчысы Таалайбек Жапаровго тапшырган. Жапаров видеокөзөмөлдү алуу талабы мурда да Текебаевдин тарапкерлери тарабынан коюлганын белгилеп, ал камеранын сыртына чыгарыларын билдирет. (ZKo)

Цукерберг: Орусия сырттан кийлигишүүнүн жаңы ыкмаларын колдонду

Марк Цукерберг АКШ Сенатында көрсөтмө берүүдө. 10-апрель, 2018-жыл.

"Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг Орусиянын кызыкчылыгын көздөп, социалдык түйүндү шайлоону жана коомдук пикирди жазгырыш үчүн колдонууга аракеттенген топторго чечкиндүү каршы турарын билдирди. 33 жаштагы интернет-магнат бул тууралуу АКШнын Сенатында шейшембиде көрсөтмө берип жатып кеп кылды.

Сенаторлор Цукербергге АКШдагы президенттик шайлоого сырттан кийлигишүү үчүн "Фейсбуктун" колдонулушуна, социалдык желедеги жеке кат алышуунун купуялуулугуна жана колдонуучулардын жашыруун маалыматына, айрымдар козгогон жек көрүүгө байланыштуу суроо беришти.

Ал жалган маалыматка каршы туруш үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн, чет элдик кийлигишүүгө жана социалдык түйүндө “жек көрүүгө” жол бергенин мойнуна алды.

Цукерберг АКШ Конгрессинде туруп “Орусияда биздин жана башкалардын интернет системаларын колдонуу менен алектенген атайын адамдар бар” деп айтты.

Ал ошондой эле “Facebook” АКШдагы шайлоого Орусиянын байланышын иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер менен кызматташып жатканын билдирди.

Азербайжанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бакуда добуш берген жаран. 11-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо өтүп жатат. Сурамжылоого караганда, бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы талапкерлигин көрсөткөн президент Илхам Алиев чоң ажырым менен жеңип чыгышы мүмкүн.

2016-жылы референдум аркылуу Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Алиев бул жолу утса төртүнчү мөөнөткө шайланып, өз өлкөсүн 2025-жылга чейин башкарат. Оппозициячыл партиялар добуш берүү таза өтпөсүн белгилеп, шайлоого бойкот жарыялашкан.

Учурда Алиевге атаандаш болуп чыккан жети талапкер тең бийликчил көз караштары менен белгилүү. Жарандык активисттер, Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Алиевдин бийлигин эркин маалымат каражаттарын, журналисттерди жана оппозициячыл көз караштагы саясатчыларды такай куугунтуктаганы үчүн сындап келишет.

56 жаштагы Алиев бийликти өз атасынан 2003-жылы өткөрүп алган.

Рохинжа мусулмандарын аеосуз өлтүргөнү үчүн жети аскер кесилди

Бангладештеги рохинжа качкындары, 7-декабрь, 2017-жыл

Мьянмада жети аскер өткөн жылы рохинжа мусулмандарын аёосуз өлтүргөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Ракхайн аймагынын 10 тургуну атып өлтүрүлүп, чогуу көмүлгөн. Бул окуя "Рейтерстин" журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин ачыка чыккан. Бирок ал эки журналист өткөн жылдын соңунда камалып, ушул күнгө чейин темир тор артында. Аларга "жашыруун өкмөттүк документтерди мыйзамсыз алышкан" деген кине тагылууда. Журналисттердин камалышы эл аралык коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, аларды адам укуктары боюнча адвокат Амал Клуни өз көзөмөлүнө алган. Айрым байкоочулардын маалыматына ылайык, журналисттер 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өткөн жылдын августунда башталган куралдуу жаңжалдан кийин Мьянмадан 650 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү "этностук тазалоо" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Мьянманын бийлиги бул боюнча дооматтарды четке кагып келатат. Ал качкындарды кайра көчүрүп келиш үчүн атайын лагерлерди куруп жатканын билдирүүдө.

Депутаттар камактагы оппозициячылардын туугандары менен жолугушту

"Элдик парламенттин" өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен камакка алынган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен жолугушуу учурунда камакта жаткан оппозициячылардын жакындары алардын камалышына тиешеси бар кызмат башчыларын жоопко тартууну талап кылышты.

Марс Кыдыкбаев "УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алып эле тим болбой, жоопко тартыш керек" деген талабын койду. Ал эми абактагы Канат Исаевдин бир тууганы Талант Исаев Сегизбаев менен Жолдубаеванын Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу имиштер айтылып жатканын билдирип, "алар жоопко тартылышы керек" деген талаптарга кошулаарын билдирди.

"Саясий туткундарды коргоо комитетинин" төрагасы Сапар Аргымбаевдин маалыматы боюнча, 33 киши саясий негизде куугунтукталган. Бир нече ай тергөө абагында жатып чыккан Дастан Сарыгулов саясий жактан айыпталып, абакта жаткандар боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү сунуш кылды.

Депутат Жанар Акаев "саясий негиз менен айыпталып, камакта жаткандарды чыгарыш үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланабыз" деп билдирди.

Кыргызстанда Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сомдук айыппулга жыгылган журналисттер менен активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүү демилгесин 11-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев менен Наталья Никитенко көтөрүп чыгышкан. (NT/ZKo)

АКШ - Мексика чегинде дубал көтөрүлө баштады

АКШ - Мексика чек арасы

Кошмо Штаттар Мексика менен чек арасында дубал көтөрө баштады. Анын узундугу 30 чакырымды түзөрү маалым болду. АКШнын чек ара кызматы билдиргендей, дал ушул тилкеде эң көп мыйзамсыз мигранттар кармалат жана маңзатты алып өтө турган башкы жол деп эсептелет.

Статистикага ылайык, мына ушул аймактан былтыр эле 25 миңдей мыйзамсыз мигрант кармалган. Курулушу 73 миллион доллар турган бул дубал бир жарым жылда бүтөрү айтылууда.

Өткөн жумада президент Трамп чек араны бузгандар "сот чечимине чейин кое берилбесин" деген меморандумга кол коюп, чек арага Улуттук гвардиянын төрт миңдей аскерин жөнөткөн. Буга жооп чара катары Мексика президенти Энрике Пенья Ньето өз өкмөтүнө кайрылып, эки өлкө ортосундагы бардык тармактар боюнча кызматташууну басаңдатууну суранды.

Айрым эсептөөлөргө караганда АКШ-Мексика чегине дубал курууга 70 млрд. доллар кетет.

Тогуз-Тородогу акция учурунда кен ишканасынын имараты өрттөлдү

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлдү.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылыкка миңдей киши катышты. Абалга милиция көз салып турду. Бирок маалыматтарда чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытканы кабарланууда. Натыйжада Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылды, бирок жолду жаап салышкандыктан атайын машине жетип келе алган жок. Учурда жагдайды милиция көзөмөлдөп жатат. Факт боюнча иликтөө башталды.

Тогуз-Торо райондук акимчилигинин жетекчилери митинг болгонун "Азаттыкка" ырасташты. Бирок алар имараттын өрттөлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин жүйө кылып жатышат. (SE)

Сатыбалдиев: Майлы-Суудагы тендер боюнча айыбым жок

Кыянбек Сатыбалдиев.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү медиадан өзү тууралуу берилип жаткан маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп эсептейт.

- "Сатыбалдиев 2014-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп турган убакта бала бакчанын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүш үчүн мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык аракетерге барган" деп таратылган маалыматтар жалган. Кезегинде анын баары текшерилип, мыйзамдуу болгон. Ал маалыматтарды таратып жаткан телеканал атайылап мени каралоого аракет кылып жатат. Мен ал телеканал менен соттошкум келбет, алардын өз абийрине койдум, – деди Сатыбалдиев.

Бүгүн Жалал-Абадда укук коргоочулар, аксакалдар жана жаштар бул багытта басма сөз жыйынын өткөрүшүп, телеканал менен облус жетекчисин ынтымакка чакыруу менен, бир тараптуу маалыматтарды токтотууну суранышты.

Баш кеңсеси Жалал-Абад шарында жайгашкан “7-канал” телерадио компаниясы өткөн жумадагы көрсөтүүлөрүндө "өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарында мэр болуп иштеп турган убакта бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодо 2,9 млн. сомдук тендерди мыйзамсыз өткөрүп, шаар башчы катары жемкорлукка жол берген" деген маалымат жарыялаган. Ал маалыматты Майлуу-Суу шаардык кеңешинин ошол учурдагы депутаттары тастыктап беришкени айтылат.

Буга чейин “жасалма диплом менен кызматка келген” деген маалыматтын негизинде Кыянбек Сатыбалдиев «Кыргыз таймс» интернет-басылмасын 10 млн. сомго сотко берерин жарыялап, кийинчерээк доосунан баш тарткан.(RsK)

Индонезияда жасалма аракка ууланып өлгөндөр 80 кишиден ашты

Индонезиянын баш калаасы Жакарта шаары.

Индонезияда жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны сексенден ашты. 130дай киши ооруканага түштү. Батыш Ява провинцияларынын ооруканаларына уулануу белгилери менен алгачкы бейтаптар 10-апрелде түшө баштаган.

Полиция билдиргендей, жасалма алкогол атайын лабораториядан өткөрүлүп, анын курамында метил спирти, жөтөлдүн дарысы жана курт-кумурскаларга каршы пайдаланылчу суюктук болгону аныкталган. Мындай аралашма минералдык суунун шишесине куюлуп сатылган. Учурда аны жасаган жана саткан адамдар кармалды.

Эксперттердин айтымында, жасалма арактын кеңири жайылышына Индонезияда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам да түрткү болууда.

Дүйнөнүн эң ири мусулман мамлекетинин 240 миллионго жакын калкы бар.

12-апрелде жаан-чачын болбойт

Жылуу-Суу өрөөнү.

Кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алма, өрүк жана алчага зыян.

Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

12-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 15...20,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз 2...7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3 градус, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG