Төрөкул Дооров, Прага Өткөн айда Лондондо болгон ири жардыруулар, анан кийин, аларды кайталоого көрүлгөн аракеттерден соң британиялык мусулмандар арасында нааразылык күчөй баштады. Айрымдардын айтымында, бул өңдүү капачылык көрүнүштөрү Кошмо Штаттарда жашаган мусулмандар арасында да байкалат. Кантсе да, бул көрүнүштөрдү Батыш менен Ислам дүйнөсү ортосундагы айырмачылыктардын жыйынынан турган америкалык тышкы саясат катарында тааныгандар да жок эмес. Коом пикирин изилдөө үчүн өткөрүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, АКШда жашаган мусулмандар арасында өлкөнүн тышкы саясатын жактырбаган мусулмандар көп болгону менен, алар өкмөткө анчалык деле нааразы эмес.