Көп аялдуулук же полигамия жалаң эле мусулман жамаатына таандык көрүнүш эмес. Полигамиянын үй-бүлөнүн жашоо шартына, балдардын билим деңгээлине жана өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири кандай? Көп аялдуулук салтпы же табигый муктаждыкпы? Билимдүү жана билимсиз көп зайыптуу эркектердин айырмасы барбы?
Бүгүн мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүк бөлүгү сыяктуу эле Кыргызстандагы мусулмандар да курман айт майрамын расмий белгилешти. Таң эртең менен Бишкектин борборундагы парламент имаратынын алдындагы аянтта намаз окулду. Ага Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов, президенттик администрациянын башчысынын орун басары БолотЖанузаков, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов, бир катар өлкөлөрдүн элчилери жана жүздөгөн мусулмандар катышты.
Амирбек Усманов, Прага. Сауд Арабиянын Башмуфтийи Шейх Абдул Азиз аш-Шейх “шайтан азгырып жолдон чыккан” жана “ал-Каида” менен байланыштагы мусулман согушчандар исламга чоң зыян келтирип жатканын билдирди. Аш-Шейх бул сөздөрдү шаршемби күнү Арафат тоосуна тооп кылганы келген 2 миллиондон ашуун зыяратчыларга жасаган кайрылуусунда айтты. Айрым байкоочулар Башмуфтийдин сөзүн терроризмге каршы жасалган маанилүү чакырык катары баалап, бирок анын ислам согушчандарына таасир этери күмөндүү дешет.
Шайырбек Эркин уулу, Прага Бейшембиде мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүк бөлүгү курман айт майрамын белгилешти. Дал ушул күнү мусулмандардын ыйык шаары эсептелген Меккеге исламдын беш парзы болгон ажылык милдетин аткарганы дүйнөнүн ар кайсы тарабынан чогулган эки миллиондон ашуун момун мусулман пенделери ажылыктын эң соңку жана эң кыйын жөрөлгөсүн аткарышып, шайтандын үч таш сөлөкөтүнө жетиден таш ыргытышты.
Меккеде чогулган 3 миллиондун тегерегиндеги адам мусулмандардын беш парзынын бири - ажылык зыяратын аткарууда. Шаршембиде таңга маал зыяратчылар Арафат тоосундагы Мухаммед пайгамбар акыркы ирет табынган жерге агыла баштады. Сауд Арапстандын бийликтери дүйнөнүн ар тарабынан келген зыяратчылардын коопсуздугун 60 миңдей аскер кызматкери күзөтүп жатканын билдиришти.
Төрөкул Дооров, Москва 20-январда Курман айт майрамын орусиялык мусулмандар да белгилешти. Орусиянын бир катар региондорунда, Ингушетия менен Чеченстанда, Башкыртыстанда жана Татарстанда айт намазына миңдеген мусулмандар топтолуп, көзү өткөндөргө багыштап куран окушту.
Коммунисттик түзүлүш ураган соң мурдагы Советтер союзунун аймагында жашаган карапайым мусулмандар үчүн ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү кеңейгени белгилүү. Бирок муну менен катар эле ажылык зыяратты уюштургандар арасындагы коррупцияга, нарктын кымбаттыгына байланышкан даттануулар айтылып жүрөт. Буга окшогон көрүнүштөр дүйнөнүн башка мусулман өлкөлөрүнөн да кездешет.
Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү ыйык Меккеге чукул жердеги чатырлардан курулган Мина шаарында ажы зыяпаты башталды. Быйыл мусулманчылыктын беш парзынын бири эсептелген ажы парзын сакыт кылуу үчүн Мухаммед алейсалам өмүрүнүн акыркы айлары кыдырып табынган жайларга зыярат кылганы 2 миллион чамалуу адам келди. Ислам дининде парз болгон ажы сапарын акчалай мүмкүнчүлүгү бар жана ден соолугу жакшы ар бир момун мусулман өмүрүндө бир жолу аткарышы абзел.
Кубат Оторбаев, Прага 18-январда Меккеде ажылыктын негизги иш-чаралары башталат жана ал 5 күнгө созулат. Жылдагыдай эле бул ирет да Борбор Азия мамлекеттеринен зыяратка миңдеген адамдар барышты. Алар жол азабын тартып, узак чакырымдарды арбытышканына карабай мусулмандыктын бир парзынан кутулууну өздөрүнүн бактысы деп эсептешет.
Амирбек Усманов, Прага Мухаммед пайгамбардын доорунан бери келаткан беш парздын бирин аткарууну ниет кылган мусулман пенделер ушу күндөрү Сауд Арабиясына сапар алышууда. Алар тийиштүү жөрөлгөлөрүн аткарып, 21-январда Курман айтты Меккеде тосушат. Биринчилерден болуп ажы сапарына 19-декабрда индонезиялык мусулмандар аттанышкан. Айрым ислам өлкөлөрүндө ажыга жөнөтүү иштери кандай уюшулууда?
Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандан быйыл Меккеге ажылык сапарга төрт жарым миң адам аттанууда. Сауд арабиясынын ажы министрлиги коопсуздук үчүн эмдиги жылдан баштап аба жолдор аркылуу гана жөнөтүүнү талап кылып жатат. Ал эми ажыга бараткандардын сапарын Ирактагы согуш ого бетер оорлотту.
Мурат Кожобеков, Бишкек Шаманчылык дини кайсыдыр бир мезгилде кыргыздар арасында колдонулуп келген. Орто кылымдагы кытай булактарында кыргыздардын кам аталган шаманы болот деп жазылат. Шаман эмне айтса, ошол кабыл келип, каалаган ой-тилек аткарылган.
Дагы жүктөңүз