Жалал-Абат облусундагы жарандардын баамдоосуна караганда калк арасында диний-экстремисттик жана террордук уюмдар тууралуу толук маалымат жок. Өлкөгө коркунуч туудурчу уюмдарга каршы иш-чаралар айыл-кыштактарда өткөрүлбөйт жана бийлик менен дин уюмдарынын эриш- аркак иштегени байкалбайт.
Кыргызстандык ажылардын кыйласы өз убагында кайтып келе албай, кечигип жатышат. Таптакыр эле кабарсыз болуп жаткандары да бар.
Дүйнө католиктери Ыйсанын туулган күнүн белгилеп жатышат. Римде католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт-XVI зыяратчыларга кайрылуусунда Жакынкы Чыгыштагы зордук-зобунду токтотууга чакырды.
Өткөн жумада БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугун коргоочулардын өтүнүчүнө карабай, диндерди, өзгөчө исламды каралоону айыптаган резолюция кабыл алды. Бул төрт жыл удаа кайталанууда…
“Сорос” корунун ачык коом институтунун демөөрчүлүгүндө Түркияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасына ылайык, өлкөдө саясатташтырылган ислам кийинки жылдардын ичинде кыйла күчтөнүп, калктын секулярдуу катмарын кысымга алган учурлар көбөйүп баратат. Мындай тыянак өлкөдө курч талаш тартыштарды пайда кылды.
Батышта Крисмас, орустарда Рождество деп аталган Иисус Христостун туулган күнү христиан динзарлары үчүн үмүттүн учуру. Бирок быйыл ал бир катар жерлерде куугунтуктоонун мезгили болуп калды.
Бишкектеги орус православ чиркөө кызматкерлери эл-журтту Бишкектин Асанбай кичирайонундагы княз Владимир храмынын курулушуна акча салбоого чакырууда.
Укук коргоочу Акин Токталиев Меккеге ажылык сапарга барып келди. Ал ажылык сапардын жүрүшүндө көргөн-билгенин “Азаттыкка” айтып берди.
Ош шаардык соту Интернет аркылуу диний экстремисттик маанайдагы баракчаларды тараткан деп айыптап, 53 жаштагы укук коргоочу Равшан Гапировду бир жылга эркинен ажыратканын мурда кабарлаганбыз. Р. Гапиров жана анын таламын талашкандар өз кезегинде сот өкүмүн саясий буюртма катары айыпташууда.
Тажикстандагы белгилүү саясатчы жана динаятчы өлкөнүн билим берүү системасын сындап чыкты. Ал тажик мектептеринде ислам жана Мухаммад пайгамбар жөнүндө натуура маалымат таркатылып жатат дейт.
Кечээ Парижде имамдар менен раввиндердин дүйнөлүк конгресси тынчтык үчүн деп аталган эл аралык жыйын башталды. Быйыл үчүнчү ирээт өтүп жаткан мындай кеңешме ЮНЕСКОнун колдоосу астында уюштурулган.
Сауд Аравиянын падышасынын чакыруусу менен барган Медий ажы Акматжан уулу да кечээ ажылык сапардан кайтып келди. Медий ажы бул сапардын өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.
Дагы жүктөңүз