17-январда АКШдагы Канаверал тумшугунан Күн системасынын эң алыскы планетасы - Плутонго алгачкы космос кемеси учурулат. “Жаңы кыйырлар” (горизонттор) деп аталган аппарат планетага 9 жылдан кийин жетет деп күтүлүүдө. Бирок окумуштуулар Плутондон алынган маалыматтар космосту изилдөөдө чоң жардам берет деп үмүттөнүшөт.
Жаныл Жусупжан кызы, Бишкек Космостук обьектен Жерге топурак-таш акыркы жолу мындан 30 жылдан ашык жыл мурда алынып келинген эле. Тактап айтканда америкалык Аполло космос кемесинин астронавттарды 1972-жылы Айдан бир кап ай таштарын терип келишкен. Бирок ушул жекшембиде "Stardust" же "Жылдыз чаңы" деп аталган америкалык кеме кометанын куйругунан чогулткан чаң-чуң, муз жана газ бөлчөктөрүн Жерге жеткирет. Кометалар Жер сыяктуу планеталардын мындан миллиарддаган жылдар мурдагы абалы тууралуу маалыматты алып жүрөт деп саналат.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык космостук бекетке америкалык астронавттарды жеткирүүдө орусиялык «Союз» кемеси короткон чыгымды америкалык космостук НАСА агенттиги моюнуна ала турган болду. Жума күнү "Роскосмос" агенттигинин башчысы Анатолий Перминов ИТАР-ТАСС кабар агенттигине айткан билдирүүсүнө караганда? НАСА жетекчилиги жаңы дайындалган космостук топтун мүчөсү Жеффри Уилямсты эл аралык космостук бекетке жеткирип, ал жактан Уилям Макартурду жерге тартып келүү кызматы үчүн Орусияга 21 миллион 800 миң доллар акы төлөөгө макул болгон. Алдыда узак мөөнөткө түзүлүүчү келишим күтүп турганы да айтылууда.
Нарын АЙЫП, Прага Мындан он жыл мурда дүйнөлүк маалымат каражаттарында интернет жаңыдан кеңири пайдаланыла баштаган, азыр болсо айрым адамдар кагазга басылып чыккан гезиттерди окубай да калды жана жалаң гана инетернеттеги маалыматтан пайдаланат. Мындан жети-сегиз жыл мурда чөнтөк телефонго айрым гана адамдар жетчү, азыр болсо андай телефон дээрлик ар бир адамда бар жана кимдир бирөө менен байланышуу маселе болбой калды. Илим менен технология болсо улам жаңы ачылыштарды жасап жатат жана 2006-жылы адамга көптөгөн жаңы аспаптар кызмат кыла баштайт.
Аксакалы сеңселген чоң аталардын каардуу Кара хан жана амалкөй Жаныбек хан менен Толубай сынчылардын керемет окуяларын ким билбейт да, ким укпаган. Жомоктогу опсуз окуялардан улам, ал кыялдан жаралганбы деген ой кетет.
Орто кылымдагы кыргыздардын мекени туурасында ар кандай маалыматтар айтылганы белгилүү. Анткен менен 11-к. аалымы Гардизинин кыргыз жергеси туурасында жазган кабары тактыгы жана көркөмдүүлүгү менен айырмаланат.
Амирбек Азам улуу, Прага Сеул университетинин профессору Хван Ван Сок илимий изилдөөсүндө атайылап фальсификацияга барганы ашкере болгондон кийин коомчулуктан кечирим сурады жана ээлеген кызматын өз ыктыяры менен кетти. Хвандын клеткаларды клондоштуруу боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын текшерип көргөн анын коллегалары, профессор өткөргөн 11 эксперименттин тогузунда тийиштүү натыйжаны алуу максатында атайылап фальсификацияланган деген тыянакка келишкен эле.
Кабыл Макешов, Бишкек 23-декабрда Бишкек гуманитардык университетинин ректорун шайлоо болмокчу. Азыркы учурда ректордун милдетин аткаруучу Жолборс Жоробеков окуу жайдын курамындагы үзгүлтүксүз билим берүү институтун жоюп салганына эмгек жамааты нааразы болуп, аны шайлоо алдындагы атаандашына бут тосуу катары кабыл алышууда.
Кыргыз калкынын Борбордук Азиядагы байыркы эл деп аталышына ириде илим адамдарынын салымы зор. Хакасиядагы айтылуу «Копөн чаатасындагы алтын казынаны таап, аны илим дүйнөсүнө тааныткан адам-археолог Лидия Алексеевна Евтюхова болгон.
Бүгүн Ослодо Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттигине жана анын жетекчисине Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылды.
Байыркы бабалардан калган балбал таштар туурасында ар түркүн ойлор айтылып келет. Бири аларды таш айкелдеp десе, кээлери балбал кадимки эле жумуру таш деп эсептешет.
Нарын АЙЫП, Прага Америкалык белгилүү футуролог Рей Курцвейл октябрда жаңы китеп чыгарды. Атактуу азиз композитор жана ырчы Стиви Уандер үчүн ноталарды окуй ала турган атайын аспап ойлоп чыгарган окумуштуу адамзаттын келечеги тууралуу ойлору менен бөлүшөт.
Дагы жүктөңүз