1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин, 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөрмандары үчүн эшигин ачты.
Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 28-декабрында Ормон ханга кат жолдогон. 1901-жылдын 28-декабрында кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Юсуп Абдрахманов жарык дүйнөгө келген.
Бакма балыктардын айынан жапайы балыктар кырылып жаткандыгы эмнеден? Мындан 10 миң жыл мурда европалыктар түгөл кой көз, кара-тору болгонбу? Ал чын болсо, адам баласынын генетикасы канчалык тез өзгөрөт?
Улуу жүз казак приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 26-декабрында Ормон хандын катын негиз кылып, эки кыргыз туткунун бошотууну өтүнүп подполковник Петровго кат жолдогон. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд менен козголоң чыгарган кыргыздарга каршы багыт алган.
Алцхаймер оорусуна туш келип, кейбир болгондор музыкага дилгир келишет. Кейбир болгондорду баккандардын айтымында, өтө оор абалдагы оорулар да сүйүктүү ыр-күүлөрдү укканда эс-акылына келе түшүшөт.
1991-жылдын 25-декабрында АКШ Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныды. Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепети тийип, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган өкмөт келди.
Түркия Республикасы 1991-жылдын 24-декабрында расмий түрдө Кыргызстан Республикасынын эгемендигин тааный тургандыгын билдирди. Кыргызстандагы кезектеги президенттик шайлоо 1995-жылдын 24-декабрында өткөрүлгөн.
20- декабрда Жорж Буш жарым саат бою журналисттердин Орусия президенти Владимир Путинге, Ооганстандагы жана Ирактагы кырдаалга байланыштуу жана башка суроолоруна жооп берди. АКШ президентинин айтымында, согуш –бул идеологиялар ортосундагы согуштун бир бөлүгү саналат. Бул президент Жорж Буштун 2007- жылдагы акыркы пресс-конференциясы болду.
Семипалатинск округдук начальниги 1824-жылдын 21-декабрында кыргыз элчилигин Омскиге жөнөткөндүгү туурасында билдирген. Сырткаспий казак атчандар бригадасынын командири кыргыздардын ичара мамилеси жана Шабдан баатырдын абалы туурасында баалуу маалымат калтырган.
Красноярскидеги орус бийлиги 1628-жылдын 20-декабрында энесайлык кыргыздарга аскер жиберип, алардан 100 кундуз көлөмүндө албан алдырган. Пишпектеги кокон хандыгын чеби талкалангандыгы туурасындагы маалымат 1862-жылдын 20-декабрында орус падышасына билдирилген.
Ядролук отун салынган контейнерлердин биринчи партиясы Бушерге жекшемби күнү келди. Иран өкмөтү аларды өткөрүп алышканын ырастады. Россия баары болуп сексен тоннага чукул отун жөнөтөт жана ал бир нече этапта жүргүзүлөт да, февралда аяктайт. Бул иш башынан аягына чейин МАГАТЭнин катаң көзөмөлүндө болот.
Калмактардын Егба зайсанынын 1749-жылдын 19-декабрындагы кыргыздарга жасаган чапкыны оңунан чыккан эмес. Түркстан Аскер округунун командачысы 1877-жылдын 19-декабрында Шабдан баатырды «Кокон хандыгынын талкаланышына» арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыгарган.
Дагы жүктөңүз