Каракорум менен Керуленди жердеген 12 миң түтүн кыргыз 1636-жылдын 9-январында Гиссарга көчүп келген. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыковго карата козголгон тергөө иши 1934-жылдын 9-январында соңуна чыккан.
Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-декабрында Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен президентке кайрылышты.
Генерал Кауфмандын жазалоочу отряды менен Исахасан уулу Пулат баштаган козголоңчулар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешкен. Айтылуу сүрөтчү В. Верещагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылы окуурмандардын колуна тийген.
Бүткүл союздук калк каттоо компаниясы Кыргызстан аймагында 1937-жылдын 6-январында башталган. «Правда» гезитинин 1937-жылдын 6-январь күнкү санында «Троцкисттик арамдар» деген макалада кыргызстандык айрым партия өкүлдөрү сынга алынган
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жакын арада компьютердик оюндардын кесепетин талкуулашат. Алар акыркы убакта балдардын компьютердик оюндарга көбүрөөк азгырылып жатышынын кесепеттерин карашат.
Кыргыз элчилери Качыбек Шералин жана Жакыпбек Ниязбековдор 1814-жылдын 5-янврында Семипалатинск чебине келишкен. СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 5-январында «СССР илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу» туурасында Токтом кабыл алган.
1789-жылдын 2-январында Абдрахман Кучаков баштаган кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Полковник Меллер-Закомельскийдин жазалоочу отряды 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган.
1913-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн статистикалык тактоого караганда, Токмокто 7516 адам жашап, мында бир канча тери иштетип, май чыгарган завод жана тегирмендер орун алган. 1913-жылы Пишпек уездинде 59 мектеп, Пржевальск уездинде 128 мектеп иштеген.
1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөөрмандары үчүн эшигин ачты.
Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун уюшулушуна байланыштуу 1922-жылдын 30-декабрында Москва шаарында өткөн, СССР Советтердин I съездине үч пишпектик делегат катышкан. Саламаттык сактоо кызматынын 1927-жылдын 30-декабрындагы билдирүүсүнө караганда Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен.
Келерки жылы кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына 20 жыл болот. Ушуга байланыштуу “Асаба” улуттук партиясы 2009-жылды мамлекеттик тил жылы деп жарыялоону сунуш кылып президентке жана парламентке кайрылган экен. “Асабанын” лидери Советбек Жамалдинов “Азаттыктагы” маегинде ушул демилгенин маани - максаты жөнүндө айтып берди.
Орусиянын мамлекеттик сыналгысы уюштурган «Ысымы – Орусияны билдирет» аттуу добуш берүү 28-декабрда жыйынтыкталды. Жыйынтыгы боюнча алдыңкы орунду Александр Невский, андан кийинки эки орунду Столыпин менен Сталин ээлешкен.
Дагы жүктөңүз