Түркстан чөлкөмүнүн жер иштетүү наркомунун 1918-жылдын 27-январь күнкү жер-суу комитеттерин куруу туурасындагы калкка кайрылуусу Совет бийлигинин Кыргызстан аймагында орношуна чечүүчү салым кошкон. Ушул күндөн тарта Кыргызстан аймагында жер-суу комитеттери уюшулуп, кедей-дыйкандар өз эркиндиги үчүн күрөшүүгө киришкен.
1919-жылы мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын мектептин ачылышына салым кошкон. Жусуп Иманалиевди анын уулу Жумабек Жусупов эскерет.
“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жаштардын ички жана тышкы сулуулугуна арналды. Философтор коомдун жалпы өнүгүүсү үчүн адамдын сырткы келбети менен ички билим, маданият деңгээлинин дал келүүсү башкы шарт деп айтышат эмеспи. Бул жагдайдан алганда кыргыз жаштарынын учурдагы абалына кандай баа берсе болот? Жаштардын интеллектуалдык билим деңгээлинин төмөн болушуна мектепте, ЖОЖдордо билим берүү негиз берип жатабы, же жалпы коомдун өнүгүүнүн талабы ушундайбы? Мына ушул жана башка кызыктуу суроолорго бул берүүдөн жооп таба аласыз.
Орусиянын Батыштан алдыңкы аскерий техниканы, өзгөчө, Франциядан “Mistral” классындагы аскерий кемени сатып алуу ниети мурдагы советтик Балтия өлкөлөрүн жана Грузияны кыжаалатка салды.
Азербайжандык качкындардын Кыргызстанга агылып келишине нааразы болгон жаштар 1990-жылдын январь айында мурдагы Ленин атындагы, азыркы Ала Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Митингге борбор калаада жашаган жаштар катышып, алар менен бийлик өкүлдөрү жолугушкан.
Энесайлык кыргыз улуктары - Иженей менен Медечиндер 1657-жылдын 25-январында шаар этегиндеги татарлар Кубайка жана Акбрункону Красноярск воеводасы М. Скрябинге жиберишкен.
Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Рим императору Калигула 41-жылдын 24-январь күнү кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн.
Быйылкы окуу жылы жогорку окуу жайындагы аскер кафедралары студенттерди кабыл алган жок. Апта башында чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, эми бул багыттагы кафедралар жана факультеттер жойулуп, ишин токтотот.
Князь А.А.Вяземский 1787-жылдын 23-январында Атаке баатырга кат жолдогон. Князь Атаке баатыр жазган катты алгандыгын жана ал императорго берилгендигин кабарлайт. Ал императордун атынан Атаке баатыр жиберген арапка, үч илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирет.
Эл аралык келишимге ылайык, 2015-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактары берүүнүн санарип ыкмасына өтүүгө зарыл. Өлкөдө 3 ай аралыгында аталган ыкмага өтүү боюнча мамлекеттик долбоор иштелип чыгышы зарыл.
Соңку учурларда Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Ушундай оюн билдиришкен диний адистер мындай көрүнүшкө мамлекет көзөмөл жүргүзбөсө, алдыда сабатсыз муун көбөйөт деп коңгуроо кагышууда.
Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында мыйзам кабыл алынган. Советтер Союзунун жетекчиси Л. И. Брежневге 1969-жылдын 22-январында кол салуу болгон.
Дагы жүктөңүз