Жылына дүйнөдө миңдеген кишиге донордун органы салынып, доктурлар өмүрүн сактап калышат.
Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында компьютердик зал ачылды.
24-январда Бишкектеги АКШ элчилиги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы менен болгон кызматташтыгынын 5 жылдыгын майрамдады. (Мирбек Айтикеев, Мирлан Токталиев.)
Орусия Илимдер академиясы Аскар Акаевди Н. Кондратьев атындагы сыйлыгынын алтын медалы менен сыйлады.
Соңку жылдары кесиптик окуу жайларга сынак болуп, жогорку окуу жайларга тапшыргандардын саны салыштырмалуу азайды.
Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл округундагы тажик тилдүү мектептер китеп тартыштыгынан улам аралаш тилде окутууга өтүп жатат. Калкынын 60 пайыздан ашуунун тажик тектүү жарандар түзгөн бул аймакта толук тажик тилинде окуткан мектеп жок.
Кыргыз улуттук китепканада Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызыйа” китебине 100 жыл” аттуу иш-чара өттү. Осмоналы Сыдык уулу кыргыз тарыхын изилдегендердин көч башында турат. “Мухтасар тарых Кыргызыйа” же “Кыргыздардын кыскача тарыхы” китеби 1913-жылы Уфа шаарында жарык көргөн. 16.01.2012. (Жанарбек Жолдошбаев)
Кулакка тартуу саясатынын курмандыктары болгон азербайжандар Ала-Тоо жерине 1930-жылдары келип, өлкөнүн көп тармактарын өнүктүрүүгө салым кошту.
Ошто купуя Нобель пайда болду - Ош мамлекеттик университетинде атын атагысы келбеген профессор жылына беш студентке, ар бирине айына 100 доллардан, жылына жалпы 6 миң доллар стипендия бере баштады.
Улуттук китепканада орун алган бул борборго Бишкектин каалаган тургуну келип, Кытай дүйнөсү менен таанышып кетсе болот.
Депутат Турсунбай Бакир уулу студенттер менен жолугушууда жаңы жыл майрамын белгилебөөгө үндөдү.
Дагы жүктөңүз