Кулакка тартуу саясатынын курмандыктары болгон азербайжандар Ала-Тоо жерине 1930-жылдары келип, өлкөнүн көп тармактарын өнүктүрүүгө салым кошту.
Ошто купуя Нобель пайда болду - Ош мамлекеттик университетинде атын атагысы келбеген профессор жылына беш студентке, ар бирине айына 100 доллардан, жылына жалпы 6 миң доллар стипендия бере баштады.
Улуттук китепканада орун алган бул борборго Бишкектин каалаган тургуну келип, Кытай дүйнөсү менен таанышып кетсе болот.
Депутат Турсунбай Бакир уулу студенттер менен жолугушууда жаңы жыл майрамын белгилебөөгө үндөдү.
Жогорку Кеңеште чет өлкөдөн диний билим алууну тартипке салуу демилгеси көтөрүлдү.
Кыргыз Уикипедиясындагы маалымат саны 21 миңден ашты. Жыл өткөн сайын улуттук казынага толуктоо киргизген ыктыярчылардын да саны арбып барат. Кыргыз Уикипедиясы акыркы жылдары кандай өзгөрүүгө ээ болду жана кандай иштер жасалып жатат?
Интернет энциклопедия - Википедиянын кыргыз тилиндеги баракчасын өнүктүрүү максатында 7-9-декабрда Чолпон-Ата шаарында кыргыз википедиячыларынын жылдык жыйыны өтөт.
Бүгүн Дубайда Эл аралык Телекоммуникация бирикмелеринин (ЕТБ) кезектеги саммити ачылат. Анын катышуучулары 12 күн бою “дүйнөдө интернетти ким кантип башкарышы керектигин” талкуулашмакчы.
Кыргызстанда 63 миң бала окубайт. Эгер жакын арада бул маселени чечүү үчүн күжүрмөн аракеттер башталбаса, жаштар кылмыш дүйнөнү толуктай берет деп адистер эскертишүүдө.
Жапония менен АКШда чыккан уникалдуу роботтор Казакстандын Семей аймактык музейинде көргөзмөгө коюлду. ("Азаттыктын" казак кызматы). 27-ноябрь, 2012.
Бишкекте Улуу Кыргыз каганаты тууралуу илимий конференция өттү. Эки күнгө созулган иш-чара азыр жаңыдан жазылып жаткан кыргыз тарыхына жаңы барактарды ачканын окумуштуулар белгилешти. Ошол эле учурда ар кайсы өлкөдөн келген окумуштуулар Борбор Азияда кайсы бир улут артыкчылык кылган деген ойдон алыс болууга үндөштү.
Дагы жүктөңүз