Индеецтер менен батыш евразиялыктардын гендеринде көп окшоштуктар табылды.
Кыргызстанда ИСОН кометасын декабрдан январдын ортосуна чейин телескопсуз көрсө болот. Кытай 2025-жылы Айга адамдарды учурууну көздөп жатат. Кытайлык окумуштуулардын космостук аппараты Айга 1-декабрда сапар тартат. Орусия болсо 2037-жылга чейин Айда илимий базаны курууну пландап жатат. Ал ортодо Европанын космодүрбүсү Саманчынын жолунун алгачкы үч мерчемдүү картасын түзөт.
Нарын: БАУнун курулушу 2016-жылы бүтөт
Кыргызстан санариптик берүүгө өтүүгө даярбы деген суроо 19-ноябрда Бишкекте өткөн парламенттик угууда талкууланды. Анда депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана медиа эксперттер санариптик берүүгө өтүүдөгү тоскоолдуктарды талкуулашты. (Канымгүл Элкеева, Мирлан Токталиев)
Рак илдетин дарылоодо мөмө-жемиш менен жашылчанын ролу чоң экенин онкологдор айтып чыгышты. Келечекте нутригеномика жана гентерапиясы көптөгөн дарттарды сакайтууда кеңири колдонулаарын окумуштуулар жар салышты. Ал ортодо илимпоздор сөңгөк клеткаларын, чучукту жана биоинженерияны колдонуп, жаңы ачылыштарга жетишти.
Эгер уча турган машине алгыңыз келсе, аны 2021-жылдан тарта сатып алсаңыз болот. Адистердин айтымында, 2030-жылдан тарта айрым өлкөлөрдө канаттуу машинелер кадимки көрүнүш болуп калат.
Жашоонун негизин түзгөн жана биз ичип жаткан сууну планетабызга астероиддер алып келген деп көп айтылат. Окумуштуулар убагында бетин 26 пайыз суу каптаган планетанын калдыктарын табышты. Суунун Күн системабыздан тыш жерде табылышы – жашоого шарт түзгөн элементтер бар болгонун, балким дагы деле бар экенин далилдейт.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы гимназия мектебинде тажикстандык 17 бала билим алат. Кошуна өлкөдөн келип билим алгандар Кыргызстанда билим берүү салыштымалуу жакшы дешет. Кыргызча билим алып жаткандар негизинен этникалык кыргыздар болгону менен арасында тажик улутундагылар да бар. (Жеңиш Айдаров)
Алай райондук китепканасынын кызматкерлери Индонезияда болуп, китепкананы өнүктүрүү боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбаларын үйрөнүп кайтышты. (Айзада Касмалиева)
Жапониялык окумуштуулар Күндүн нурунан жаралган энергияны космосто чогултуп, аны Жерге микротолкун же лазер аркылуу жөнөтүү жолдорун ойлонуп жатышат.
Кыргызстанда өлкөнүн тарыхында биринчи жолу каржы порталы түптөлдү.
Илим жана техника дүйнөсүндөгү кызыктуу жаңылыктар.
Дагы жүктөңүз