2016-жыл Кыргызстанда “тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. Бул окуяны келекелегендер да, ага олуттуу маани бергендер да бар. Атаганат, Кыргызстанда жана жалпы дүйнө жүзүндө тарыхый эстеликтерге астейдил мамиле жасалса кандай сонун болоор эле!
Желим таштандыдан бут кийим жасалып баштайт. Жапон спутниги Чолпон орбитасына учурулду.
Келээрки жылы Кыргызстанда 1916-жылкы даңазалуу улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана ал кандуу басылгандан кийинки кайгылуу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул мааракеге карата чех окумуштуулары да өз салымдарын кошмокчу. Алар да өз элинин тарыхында ала калган жерлер арбын болгонун айтууда.
Орусиядагы финансылык каатчылык Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетине тикелей таасирин тийгизүүдө. Ага байланыштуу университет окуу акысын көтөрдү.
39 жашында арип таанып, кат-сабатын жоюп аткан Иван Федоренко ушул жылдын сентябрында биринчи жолу партага отурду. Орусиянын түрмөлөрүндө мындай адамдарды эмне максатта окутушат?
Бээжиндин тургуну абадагы ыштан кыш жасады. Ал эми АКШда үч мерчемдүү принтерден реактивдүү дрон учагы жасалды.
Өзбек бийлиги Анжияндагы 13-кылымда курулган “Жами” архитектуралык комлексин бузуп, ордуна фонтандары менен жаңы имарат салганы турат.
Австралиядагы аалам изилдөөчүлөр космостон адам кулагына жат үндөр келгенин айтып чыкты. Швециялык окумуштуулар айдагы өзгөрүүлөрдү жарыя кылса, сиднейлик студент илимпоздордун катасын таап чыкты.
Кыргызстандагы Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияны жактоону заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган жаңы эрежелерди иштеп чыгып, өкмөт башчы аны бекитти. Бирок эрежелерден улам эгемен өлкөнүн илимпоздорунда айрым суроолор жаралды.
АКШда кичинекейлер үчүн смартфон жасалса, Израил жасалма боор жасаганга жетишти, жаңылыкка маш жандар жадакалса тырмак боёгуч жасаганга жетишти.
Жалгыздык кишинин клеткаларын өзгөртүп, физиологиясына терс таасир этет деген тыянакты Чикаго университетинин окумуштуулары чыгарышты.
Жалал-Абад облусундагы Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда мектептерге жума күндөрү көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул балдарды мектепти таштап, мечитке кетип калуусуна бөгөт коюу максатында жасалууда. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, мектептерди текшерүү учурунда жума намазга кетке
Дагы жүктөңүз