Азаттык үналгысы

«Биздин атабыздын дачасы»: Активист президенттин сырын ачты

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы

23-февраль, 2021-жыл

50 жаштагы ташкенттик активист Алексей Гаршин 2018-жылдын соңунда мергенчи тааныштарынан тоодогу токойдун арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн салынды делген жашыруун эс алуу жайы тууралуу укканын айтат.

Гаршиндин сөзүнө караганда, жергиликтүүлөр «президенттин дачасы» деп атаган эс алуу жайы курулгандыктан, Шоввозсой токой чарбачылыгы деп таанылган аймакты жаап салышкан.

«2019-жылдын декабрь айында мунун чын-төгүнүн билүү үчүн Шоввозсойго бардым», - дейт «Азаттыктын» өзбек кызматына Гаршин. Ал YouTube порталындагы өзүнүн каналына Мирзиёевди кескин сындаган видеолорду байма-бай жайгаштырып турат.

Активист Алексей Гаршин Ташкент облусунун тоолорунда.

Гаршин тааныш аңчы менен машинага түшүп алып, баш калаадан жүз чакырым алыс президенттики делген ак сарайды издеп сапарга чыгат. Алар жолду катар баарын видеого тартып барышкан.

Красногорск шаарынын алдындагы көпүрөдөн өтөр замат имиштердин бири ырасталган: жолдо блокпост коюлуп, «кирүүгө болбойт» деген белги тургузулган. Коопсуздук күчтөрү аларга артка кайтууну сунушташкан.

Гаршин шериги экөө эки күзөтчүдөн жол эмнеге жабык экенин сурашканда, күзөтчүлөрдүн бири экинчисине өзбек тилинде кайрылып, «Биз муну өткөрсөк, каякка чейин барарын ким билет? Андан көрө ал жакта биздин «атабыздын» дачасы бар экенин айтып кой», - деп кеңеш берген.

Өзбектердин көбү президентти көп учурда «атабыз» дешет.

Экинчи күзөтчү Гаршин менен анын шеригине кайрылып, «Кетип эле калгылачы, сураныч... Бул кайтаруудагы аймак. Ал жакта тоолор жана дача бар», - деп айткан.

Гаршин «Биз укканбыз. Биздин ардактуу президентибиздин дачасы» дегенде, күзөтчү «ооба, ооба» деп жооп кайтарган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы өз иликтөөсүн жүргүзүп, Шоввозсойдогу жагдайды жакындан билген бир катар булактарды тапкан. Алардын баары курорт Мирзиёев үчүн курулганын ырасташкан. Үч булактын айтымында курорттун баасы бир нече жүз миллион долларды чапчыйт.

Коруктагы жашыруун ак сарай

Долбоордун планы 2017-жылдын февраль айында эле чийиле баштаган. Анда Өзбекстандын мурдагы авторитардык лидери Ислам Каримов көз жумган соң Мирзиёев президенттик кызматты ээлегенине эки эле ай болгон. Мирзиёев ал кезде мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту жана адам укуктарын коргоону убада кылган кез эле.

Эч жерде ачык айтылбаган комплекстин, анын ичинде жанындагы суу сактагычтын курулушу Мирзиёев аткаминерлерди белди бекем бууп, салык төлөөчүлөрдүн акчасын үнөмдүү коротууга чакырып жатканда башталган.

Гаршин Шоввозсой резиденциясынын сырын билүүгө аракет кылып, YouTube каналындагы эки видеону ушул темага арнаган. Биринчи видеодо 2019-жылы декабрда блокпосттон артка кайткан сапарын баяндайт. Ал эми экинчиси 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланып, анда курулушка катышкан компанияларга телефон чалат.

«Азаттыктын» өзбек кызматы тоо койнундагы сырдуу жай тууралуу бир нече булактан маалымат алган соң Гаршиндин видеолоруна көңүл бурган. Журналисттерге маалымат берген булактар жумуш берүүчүлөрдүн же болбосо бийликтин каарына калуудан коркуп, өз ысымдарын ачыкка чыгарбоону өтүнгөн.

Гаршиндин иликтөөлөрү «Азаттыктын» өзбек кызматына көз карандысыз булактар Шоввозсой тууралуу берген маалыматтарды бышыктайт.

Алексей Гаршин коргоого алынган аймактын кире беришинен «Узбекистон темир йуллари» ишканасынын белгисин көргөн.

«Жашыруун» грифи менен

Гаршин бийликти сындаганы үчүн WhatsApp аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болгонун ачык айткан. Ал Шоввозсой курулушуна мамлекеттик канча каражат кеткенин жана курулуштун канчалык мыйзамдуу экенин билүүгө аракет кылган.

Гаршиндин тааныштарынын айрымдары ага комплекстин жанындагы дамба 2019-жылы жырылганын айткан. Демек, бул окуя Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан бир жыл мурда болгон. Анда да дамба жырылып, алты адам каза тапкан, миңдеген киши турак жайсыз калган.

«Президенттин дачасында суу сактагыч курулганын жана андагы дамба Сардабага чейин эле жырылганын окуяга күбө болгон адамдан уккандан кийин, өзбек жараны катары суу сактагыч жана дача тууралуу маалымат билүү үчүн курулуш компанияларына чала баштадым», - дейт Гаршин.

Ал бир нече жолу резиденция жайгашкан аймакты көзөмөлдөгөн «Узбекистон темир йуллари» компаниясына жана анын башчысы Абдугани Сангиновго, Сардаба дамбасынын курулушуна катышкан «Узбекгидроэнерго» ишканасына бир нече ирет телефон чалган.

Сангинов менен «Узбекистон темир йуллари» ишканасынын мурдагы башчысы, премьер-министрдин биринчи орун басары Ачилбой Раматов Мирзиёевдин ишенимдүү үзөңгүлөштөрү.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары билдиргендей, экөө тең жана алардын компаниялары дагы Шоввозсой курортунун курулушуна аралашкан.

Гаршин компанияларга телефон чалганда жаздырып алган аудиолорду журналисттерге берди. Алардын үзүндүлөрү YouTube порталындагы видеосунда да жарыяланган.

Ал Шоввозсойдогу суу сактагычты ким салганын билүү үчүн бир нече ирет «Узбекгидроэнерго» компаниясына чалган. Ошентип отуруп ал Сангиновдун уулуна таандык Topalang Water Construction деген жеке компаниянын изине түшкөн. Бул ишкана дагы 2020-жылдын май айында жырылган Сардаба дамбасынын курулушуна катышкан.

Аудиодо өзүн компаниянын башкы эсепчиси деп тааныштырган адам Гаршинге Topalang Water Construction чын эле Шоввозсой суу сактагычын курганын айтат. Бирок ал долбоордун баасын айтуудан баш тарткан.

«Узбекгидроэнергонун» 2018-жылкы отчетунда Topalang Water Construction көзөмөлдөгөн бир нече компания менен келишим түзүлгөнү жазылган. Алардын баары суу сактагыч курулуп жаткан маалда түзүлгөн. Бирок келишим эмне максатта түзүлгөнү белгисиз экени «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндө айтылат.

Коруктагы суу сактагыч

«Узбекгидроэнерго» компаниясы «Азаттыкка» жиберген билдирүүсүндө Шоввозсой суу сактагычынын курулушуна, эксплуатациясына жана аны башкарууга катышканы тууралуу маалыматтарды кескин четке каккан. Ал арада «Гидропроект» акционердик уюмунун жылдык отчетунда компания «Шоввозсой токой чарбачылыгынын аймагындагы эс алуу жайынын курулушу» деп аталган объект боюнча негизги турак жайдын жогору жагындагы дөңсөөдө техникалык эсептөөлөрдү жүргүзгөнү белгиленет. «Гидропроект» «Узбекгидроэнерго» компаниясынын негизги акционери болуп саналат.

Гаршин 2020-жылдын 3-ноябрында «Узбекистон темир йуллари» ишканасына телефон чалганда Гаршин өзүн Туляганходжаев деп атаган адам менен сүйлөшкөн. Ал адам өзүн «компаниянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисимин» деп тааныштырган.

Гаршиндин «тоодогу резиденцияны ким курдурган?» деген суроосуна телефондун ары жагындагы адам анын компаниясы Шоввозсой токой чарбасындагы курулуш менен алектенгенин, иш «Министрлер кабинетинин» буйругу менен жүргөнүн айткан.

Ал бул объектини «эксплуатацияга берүү үчүн документтери даярдалып жатканын» кошумчалаган.

Андан соң Гаршин «Бул объект Мирзиёевдин жеке өзү үчүн курулганы эч кимге жашыруун эмес да?» деп сураган.

Телефонго жооп берип жаткан киши «Ооба, сиз билет турбайсызбы. Биздин элибиз абдан акылдуу. Көп сырларды билет», - деп жооп берген.

Гаршин эс алуу жайындагы курулуштун баасы тууралуу сураганда «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын менежери жооп берүүдөн баш тартты. Ал «Бул объект канча турары ачык айтылбайт, анткени курулуш документтерине "жашыруун" деген гриф коюлган», - деп айтты.

Эл арасында "Мирзиёевдин дачасы" деп аталган жайга баратканда жолго коюлган блокпост. Гаршин шериги менен ушул жерден жогору өтө албай калган.

«Узбекистон темир йуллари» ишканасынан Туляганходжаевди табуу аракетибизден майнап чыккан жок. Телефонго жооп берген аял Капиталдык курулуш боюнча дирекциянын башкы адиси Туляганходжаев 2020-жылдын соңунан бери компанияда иштебей калганын жана анын "жумуштан кеткен" себебин билиш үчүн кадрлар бөлүмүнө кайрылуу керектигин айтып, кеңеш берди.

«Узбекистон темир йуллари» ишканасындагы телефонго жооп берген дагы бир адам Туляганходжаев иштен кеткенин ырастап, аны эс алууга узатышканын кошумчалады. Компаниянын кадрлар бөлүмү телефон чалганыбызга жооп берген жок.

Гаршин Мирзиёевдин жана анын жакындары үчүн курулган эс алуу жайынан улам тоо койнундагы керемет аймакты жаап салуу Конституцияга туура келбейт деп эсептейт.

«Бул имараттарды салууга акчасын берген салык төлөөчүлөр эми үй-бүлөлөрү менен он миңдеген гектарды түзгөн токойду аралап, эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган», - деди ал «Азаттыктын» өзбек кызматына.

Активист Өзбекстандын Конституциясынын 55-беренесин эске салды. Анда «жер, андагы пайдалуу кен байлыктар, өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар жана башка табигый ресурстар улуттук байлык болуп эсептелет жана алар рационалдуу колдонулуп, мамлекет тарабынан корголушу керек» деп жазылган.

Мирзиёевдин кеңсесинен, «Узбекистон темир йуллари» ишканасынан, «Узбекгидроэнерго» жана Topalang Water Construction компанияларынан комментарий сураган өтүнүчтөрүбүз жоопсуз калды.


Коруктагы жашыруун ак сарай