Кыргыз паспортуна чектөө киргизүүнүн себеби

Ырысбек Улукбек уулу

АКШ кыргызстандык жарандарга визалык чектөөлөрдүн киргизилишине Кыргызстан жарандарына биометрикалык паспорттордун берилбей жатышы себеп болгонун ырастады. Электрондук паспорт ушунчалык эле маанилүүбү? Эмне себептен Кыргызстан Кошмо Штаттардын анчалык көңүл буруусуна "арзыды"?

Кеп чет өлкөгө чыгуучу паспорт тууралуу болуп жатат, андай документиң болсо дүйнөнүн каалаган жерине бара аласың. Биометрикалык ID-карталар Кыргызстандын ичинде гана өтүмдүү, ашып барса ЕАЭБ өлкөлөрүн кыдырууга болот. Чет жерге чыкчу паспорттун учурдагы үлгүсү 2006-жылдан бери чыгарылып келатат, анда жаран тууралуу электрондук маалыматтар менен чип жок.

Кыргызстан жаранынын биометрикалык ID-картасы менен жалпы жарандык (чет элдик) паспорту.
Кыргызстан жаранынын биометрикалык ID-картасы менен жалпы жарандык (чет элдик) паспорту.

ЭЛЕКТРОНДУК ПАСПОРТ ЖӨНӨКӨЙ ПАСПОРТТОН ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ?

Электрондук биометрикалык паспортто атайын микросхема жайгаштырылган. Анда жаран тууралуу бардык маалыматтар жана документтин ээсинин сүрөтү коюлган. Чипте анын бармактарынын, ошондой эле көзүнүн чел кабыгынын изи сакталат. Документ жасалма болсо, E-паспортту көргөн чек арачы аны оңой эле аныктап коёт.

Электрондук паспорттун сыртына микросхема түрүндөгү атайын белги коюлат.
Электрондук паспорттун сыртына микросхема түрүндөгү атайын белги коюлат.

Чипке салынчу маалыматтарды өзгөртүп коюш кыйынбы? Электрондук паспорттордун баркын көтөрчү негизги өзгөчөлүгү дал ушул жерде. Чек арадан өтүп жаткандардын документтерин текшерүү тартибин Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) бекитет. 2007-жылы ИКАОнун алдында жалпы база түзүлгөн (ICAO PKD),. Анда ар бир өлкөдөн берилген электрондук паспорт боюнча болгон маалыматтар жүктөлөт. Чет элдик жаранды кабыл алып жаткан өлкө мына ушул база боюнча анын паспортундагы маалыматтарды ырастай алат.

Жалпы база чек арачыга чет өлкөдөн келип жаткан адамга документ компетенттүү орган тарабынан берилгенин, чип чыккандан кийин жарандын паспортундагы өмүр баяны менен биометрикалык маалыматтары өзгөрүлгөнүн-өзгөрүлбөгөнүн аныктоого мүмкүндүк берет. Жалпысынан алганда бул өзү инсанды чек арадан текшерип өткөрүүнүн коопсуз, ыкчам жолу, себеп дегенде колдо болгон маалымат электрондук түрүндө сакталат, аны атайын аппарат оңой окуй алат.

ICAO PKD базасын түзүүнү АКШ 2001-жылкы 11-сентябрдан кийин сунуш кылган, ошол каргашаны жасаган жанкечтилер жасалма документтер менен өлкөгө кирип кетишкен. Базаны түзүүнүн негизги милдети да террорчулук менен баңгизат соодасына каршы күрөшүүгө багытталган. Ушу тапта ICAO PKDда 69 өлкө жана БУУ менен ЕБ бар. Кыргызстанга канатташ Казакстан базага 2008-жылы эле кирген, Өзбекстан – 2014-жылы, жабык деп эсептелген Түркмөнстан бирикмеге 2017-жылы кошулган. Кыргызстан болсо буга чейин электрондук паспортторду чыгарууга кирише элек.

КӨП ӨЛКӨДӨ ЭЛЕКТРОНДУК ПАСПОРТ БЕРБЕЙТ ЭКЕН, ЭМНЕГЕ АКШ КЫРГЫЗСТАНды чектеди?

АКШнын блок-тизмесине кирген өлкөлөрдүн көбү өз жарандарына электрондук паспорт бербейт. Алар - Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Ливия, Сирия, Йемен жана Түндүк Корея. Булардын ар бирине визалык чектөөлөр өзүнчө болушу мүмкүн.

АКШнын ички коопсуздук министринин милдетин аткаруучу Чед Вульфтун ырасташынча, бул өлкөлөр Кошмо Штаттардын коопсуздук жана террорчулук үчүн шектүүлөр боюнча маалыматтарды алмашуу жагынан айрым талаптарын аткара алышкан эмес.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кошмо Штаттар визалык чектөөлөр бир гана себепке байланыштуу экенин ырастады: Кыргызстан жарандарына электрондук биометрикалык паспорт бере элек.

Кыргызстандын паспортторуна ишенишпейт. Кыргызстанда берилген түп нуска же жасалма документтер жамы дүйнөдө “жайнап” жүрөт, жасалма документ кайсы бир грузиялык кримтөбөлдүн, казак оппозициясынын, орус агентинин, тажиктин уюшкан кылмыштуу топ өкүлүнүн, кийинки кездери аты көп айтылган Айеркен Саймаитинин, дагы башкалардын жанынан чыгууда.

2017-жылы Кыргызстандын 50дөн ашуун жараны Түштүк Кореяга кетердин алдында аттарын өзгөртүп, жасалма паспорт алган. 2016-жылы Стамбулдун аба майданынан Кыргызстандын жасалма паспорту менен Кытайдын 98 жараны кармалган.

Паспортко байланышкан чоң чатак 1994-жылы чыккан. Ал жылы Кыргызстандан чет өлкө паспортунун 117 миң бланкы жоголгон. Документтер ал кезде кол менен толтурулчу – фотосүрөтү жабыштырылып, мөөр басылчу. Жасалма паспорт жасоо аябай оңой эле. Кийин аларды жаңы үлгүдөгү паспортко алмаштыруу жеңил эле. 1998-жылы кыргыз паспорту жанкечтилер менен Кыргызстанга кирип келген “Өзбекстан ислам кыймылынын” жетекчиси Жума Наманганинин жанынан чыккан.

Кыргыз ИИМинин маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары жасалма паспорт берүүгө тиешеси бар 228 адамга, 2019-жылы 40ка жакын адамга кылмыш иши козголгон.

Кыргыз паспортунун айланасындагы маселелер парламент менен өкмөттө көп эле козголот. Бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасала элек.
Кыргыз паспортунун айланасындагы маселелер парламент менен өкмөттө көп эле козголот. Бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасала элек.

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕКТРОНДУК ПАСПОРТ БЕРИЛБЕЙТ?

Себебин айта берип тил тешилди – коррупция. Электрондук паспорттор 2019-жылы бериле башташы керек эле. 2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялап, аны литвалык компания утуп алган. Компаниянын атаандаштары ал ишке коррупция аралашканын айтып чыккандан кийин иш токтотулган.

2019-жылдын февралында мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын бир топ аткаминерлери кармалып, алар жарым миллион сом айып тартышкан. Ал эми МККнын башчысы Алина Шаиковага издөө жарыялашкан. Маалымдоо каражаттары анын чет өлкөгө из жашырып кеткенин жазып чыгышты.

Азырынча Кыргызстанда чет өлкөгө чыккандарга эски үлгүдөгү паспорттор берилүүдө. МКК жаңы биометрикалык паспорттор 2021-жылдан тарта бериле баштай турганын билдирди.