Жоогазын ыңкылабына 16 жыл


2005-жылдын 24-мартындагы окуя Кыргызстандын тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деп аталып калды. Анда 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. Ыңкылабга алып келген толкундоолор март айынын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган.

© "Азаттык" радиосу, Настоящее Время, 2020

27-февраль, 2005-жыл

Март окуясынын башталышына 27-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин талапкерлигинин эч негизсиз четтетилиши себеп болгон. Бул катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген.

4-март

Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянт элге толуп, катышуучулар ошол кездеги бийликти сындап чыгышкан. Андан соң ушундай эле элдик митингдер Ош, Нарын жана Талас облустарында өткөн.

21-март

Ош облусунун райондорунан көтөрүлгөн ыңкылапчылар 2005-жылдын 21-мартында Ош облусунун акимчилигин экинчи ирет алып, аймакта элдик бийлик орногондугун жарыя кылышкан.

23-март

Президент Аскар Акаевдин бийликтен кетишин талап калган бир катар жаш активисттер жана жарандар 23-март күнү Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына митингге чыгышкан.


Активист Дмитрий Кабак митингде.


“Келкел” кыймылы жаштардан түзүлүп, Акаевдин башкаруусун узурпацияланган, коррупцияланган жана авторитардык бийлик деп сындап чыккан.

23-март

Бул күнү митингге чыккандардын айрымдарын милиция кармап кеткен.

24-март

Нааразылык күчөп отуруп борборго жеткен. 24-март күнү жарандардын жүрүшү Бишкектин четинен башталып,миңден ашуун адам Ак үйдү көздөй жол тарткан.
Нааразылык акциясына чыккандар Абдрахманов көчөсү менен Ак үйдү көздөй келе жатат.

10:00

Митингге чогулган эл ар бир саясатчынын сөзүн кол чаап кубаттап, «Акаев кетсин!» деген талапты удаа-удаа кыйкырып турушкан.


24-мартта Ала-Тоо аянтына 30 миңге жакын киши чогулган. Ошол кездеги оппозициянын лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев митингде сөз сүйлөп жатат.


Ак үй милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Оппозиция лидерлеринин бири Курманбек Бакиев эл алдында сөз сүйлөп жаткан учур .

11:00

Ошол кездеги ички иштер министри эл менен жолугуп, чогулгандарды Ак үйгө чабуул койбоого чакырган.
Көп өтпөй Акаевдин тарапташтары митингге чыккандарга таш ыргытып, тополоң башталып кеткен.

12:00

Оппозициячыл митингчилер Акаевдин тарапташтарын, андан соң милиция кызматкерлерин сүрүп, Ак үйгө кирип барган.


Милиция кызматкерлери асманга ок атуу менен гана чектелип, акыры чегинип беришкен.


Митингдин айрым катышуучулары милиция кызматкерлеринин курал-жарактарын тартып алган. Бул кагылышуудан кеминде 30 адам жаракат алган.

13:00

Акаевдин тартапташтарын, андан соң милиция кызматкерлерин аянттан сүрүп чыккан оппозициячыл демонстранттар Ак үйдү курчап турган тосмолорду бузуп киришкен.


Жаалданган эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин кабинетине чейин кирип барган.


Акаевдин тебетейин кийип алган Турсунбек Акун бийлик кулаганын жар салып жатат.


Ак үйдүн эшик-терезеси талкаланып, айрымдар документтерди, чиновниктердин компьютерлерине чейин сыртка ыргытышкан.


Ак үй таланып-тонолуп, кирип баргандар колго урунгандын баарын ала баштаган.

16:00

В Шаарда талап-тоноочулук башталып,кымбат автоунаалар,дүкөндөр өрттөнгөн.

18:00

Ал арада Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөнү таштап Казакстанга чыгып кеткени тууралуу маалымат тараган. “Абийир туткуну” деген атка конгон Феликс Кулов абактан бошотулуп, Ак үйгө келип, эл алдында кайрылуу жасаган.

19:00

Кечке жуук Жогорку Кеңеште ошол кездеги Мыйзам чыгаруу палатасы менен Эл өкүлдөр палатасы чогулуп, кырдаалдан чыгуунун жолун талкуулашкан. Жыйынтыгында ошол кездеги спикер Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, Ишенбай Кадырбеков (трибунада сөз сүйлөп жатат) бир суткага Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп шайланган.

25 марта

24-март күнү бир нече соода жайлары таланып-тонолуп, айрымдары өрттөлгөн. Сүрөттө“Бета-Сторес” соода борбору мародерчулуктан кийин.

10:00

Үчүнчү чакырылыштагы парламент Курманбек Бакиевди өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр кылып дайындаган. Тышкы иштер министри болуп Роза Отунбаева, башкы прокурордун милдетин аткаруу үчүн - Азимбек Бекназаров, республиканын бардык күч түзүмдөрүнүн координатору болуп — Феликс Кулов бекитилген. БШКны Туйгунаалы Абдраимов жетектей баштаган.

29-март

Аскар Акаев Орусияда экенин айтып чыгат.

4-апрель, 2005-жыл

Орусияда экени маалым болгон Аскар Акаев Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде 2005-жылдын 5-апрелинен тартып отставкага кетип жатканын билдирген расмий арыз жазган.

© Азаттык радиосу, Настоящее Время, 2020