Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

“Азаттык”, “OCCRP”, “Kloop” жана “Bellingcat”

2-октябрь, 2020-жыл

Борбор Азиядагы эки таасирдүү үй бүлө далай жыл соода империясын куруу аракетинде аткезчилик менен шугулданып келген. Азыр эми алар туугандары жана ишеничтүү адамдары аркылуу Кыргызстандагы маанилүү үч бажы терминалын көзөмөлдөшөт.

Өлкөнүн Бажы кызматынын жетекчи орун басарлыгына чейин жеткен адам бажыдагы көз боёмочулуктарга көмүскөдөн жол ачып турган.

2017-жылы ал күтүүсүз жерден кызматынан бошотулат. Бирок Райымбек Матраимов эски досторунун жана Абдукадыр аттуу аткезчиликке адистешкен уйгур үй бүлөнүн жардамы менен “бажы оюндарынан” четтеген эмес.

Аны менен катар Матраимов жана Абдукадыр кландары Кыргызстандагы үч чоң бажы терминалында ишеничтүү адамдары аркылуу көзөмөл орнотуп алышкан.

Андай ишеничтүү адамдардын айрымдары Матраимовдордун туугандары. Башкалары мурда бизнесте иштеп көрбөгөн, эрежесиз эр урушта такшалган, же тартип коргоо органдарында кызмат өтөгөн ишеничтүү адамдары. Кабарчылар байланышканда, бажы операцияларын тейлеген бир фирманын ээси, мурдагы мушкер жигит жооп бере албай мукактанды. “Мен иштеген эмесмин да, мындай эле бекерчи", - деп кутулганча шашты.

Кылычбек Саркарбаев евразиялык эрежесиз эр уруш чемпионатында мелдешке чыгып жүрөт. Ал Матраимовдун түштүктөгү терминалдарынынын бирин иштеткен эки фирманын директору болгон. (Cүрөт: FightersKG YouTube channel)

Азыр эми Кытайдан Кыргызстанга товар ташыган жүк машинелери үчүн Матраимовдор менен Абдукадырлар көзөмөлдөгөн үч терминалдан башка жол жок.

Тармакты ичинен билген адистер бул терминалдарда күн сайын паракорлук жана башка мыйзамсыз иштер орун алып жатканын белгилешет. Көп адамдар бул тармактагы кеңири жайылган коррупция үчүн Матраимовдун бажыда иштеген туугандарын күнөөлөшөт.

Мыйзамдуу жана мыйзамсыз кирешенин кеңири агымына шарт түзгөндөн башка бажыдагы терминалдар Борбор Азиядагы башкы соода бизнесин колго алган «Абу-Сахий» компаниясынын пайда табуусун камсыздап берет. Бажыдагы тамырлашкан көз боёмочулукту көрсөткөн буга чейинки журналисттик иликтөөлөр бул компанияны Абдукадыр үй-бүлөсү башкарарын ачыкка чыгарган. Бажы башчылары жана терминал кызматкерлери бул компанияга артыкчылык берип, түштүктөгү бир бажы терминалы дээрлик толугу менен ушул «Абу Сахийдин» кызматында.

Райымбек Матраимов Абдукадыр кланы менен байланышы тууралуу азырынча коомчулукка «Азия Ньюс» гезитиндеги маегинде гана учкай айткан эле. Ал үй-бүлөнүн башчысы Хабибула Абдукадырды «эл аралык деңгээлдеги инвестор» катары билерин, аны менен «кызматта турганда» иштешкенин моюндаган. Андагы максатын жөн гана “Кыргызстанга пайда алып келчү чет элдик ишкерлер үчүн ыңгайлуу инвестициялык шарттарды» түзүүнү көздөгөнү менен түшүндүргөн.

Матраимовдон бул иликтөөгө комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жардамчысы бул үй бүлө мүчөлөрү жекшембидеги шайлоого чейин эч кандай комментарий бере албасын билдирип жооп жазды. Абдукадырлар үй бүлөсү жана Бажы кызматы байланышуу сунушубузду жоопсуз калтырды.

Райымбек Матраимов. (Сүрөт: OCCRP)

Түндүк багыт

Кыргызстандын өнүкпөй калган, начар абалдагы темир жолдору Кытайдан сатылып алынган товардын көпчүлүгүн кара жол менен ташууну шарттайт. Эки мамлекет ортосундагы катаал жер шартынан улам оор жүк ташуучу унаалар бийик тоолорду аралаган эки негизги жол аркылуу гана каттай алышат.

Эки жолдун боюнда тең аларды Матраимовдордун, же Абдукадырлардын кишилери күтүп алышат.

Жолдун бири Кытайдын түндүк-батышындагы Кашкар шаарынан башталып, Тянь-Шань тоо кыркаларындагы Торугарт ашуусун басып өтүп, баш калаа Бишкекке чейин барат. Ал жерден мунайга бай Казакстан, Орусия өңдүү кытай товарларын керектеген килейген базарларга чейин уланат.

Жылдар бою бул багытта каттаган оор жүк ташуучу автоунаалар «Дордой» базарына жакын терминалдан бажы каттоосунан (растаможкадан) өтүп келген.

Бажы каттоосу деген эмне? Өлкөгө четтен келген жана сыртка ташылган товарды расмий каттоодон өткөрүү. Процесс учурунда товардан алынчу салык менен атайын алымдар төлөнүп, санитардык же башка стандарттар сакталып, аткезчиликке жол берилбеши көзөмөлгө алынат. Бирок айрыкча мыйзам үстөмдүгү орной элек алсыз өлкөлөрдө бажыдагы каттоодо көз боёмочулук менен коррупция кеңири жайылган.

Товардын агымы өскөн сайын мындай иштерге талап көбөйгөнүн түшүнгөн бир ишкер ичинде баары бар, заманбап логистикалык борбор куруу ишин колго алат. Бишкектен 25 чакырымдай, казак чек арасынан машине менен 20 мүнөттөй жердеги Кант шаарында жайгашкан жаңы «ЮниЛаб» терминалы бардык кызматтар “бир терезеден”: бажы каттоосу (растаможка) жайы, убактылуу кампалар, банктык төлөмдөр ишке ашчу, бажы брокерлеринин кеңсеси, керек болсо тамактануучу жайлар, спорт клубу жана узак жолдо чарчап-чаалыккан айдоочулар үчүн мейманкана жайгашкан борборго айланмак.

Мындай дымактуу долбоорду ишке ашырыш үчүн анын демилгечиси Сыргак Кенжебаев кара жанын карч уруп иштеп, каражат издеп катуу аракеттенет. Кенжебаев Орусиядагы нары таасирдүү, нары байланыштары күчтүү, камсыздандыруу жагында иштеген брокер менен өнөктөштүк түзгөн. Ал брокер Орусиянын Бажы кызматынын ошол учурдагы жетекчиси менен жакын байланышта болгону кабарланган. Кенжебаев андан сырткары өзүнүн досун да жаңы компанияга кошулууга көндүргөн.

Адегенде иш ойдогудай башталып, келечектен көптү үмүттөндүргөн. 37 гектардай аймакта курулуш иштери башталып, «ЮниЛаб» товарларды убактылуу сактоочу кампа жана бажы кызматын көрсөтүүчү жай катары иштеш үчүн бардык керектүү лицензияларга ээ болгон.

"ЮниЛабдын” негиздөөчүсү Сыргак Кенжебаев “Азаттык” радиосу тарткан видеотасмада жаңы терминал туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берген.

2016-жылдын жазында логистикалык борбор кардарларга кызмат көрсөтүүгө даяр болуп калган эле. Атүгүл өкмөт өкүлдөрүнүн жана депутаттардын катышуусунда борбордун ачылыш аземи да өткөрүлгөн. Бирок жүк ташуучу машинелер бул жерге каттабай койду.

«Бир да машине келген жок», - дейт тармактагы абалды жакшы билген адис. «[“ЮниЛаб”] бардык уруксат документтерди алган эле. Бирок кайсы бир себептен улам жүк ташуучулар барбай коюшту».

Бул адис бажыга доомат артып, ал жактагы инспекторлор өлкөгө кирген жүк ташуучу автоунааларды башка жактарга багыттап турушканын айтат.

Натыйжада «ЮниЛаб» ишсиз калып, карызга баткан Кенжебаевдин айласы түгөнө баштайт. Ички маселелерден кабары бар дагы бир адамдын айтымында, бажы тармагынын жетекчилеринин, анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Райымбек Матраимовдун айынан «ЮниЛаб» борборунун иши жылбай токтоп калган.

«Менин билишимче, [Кенжебаев] алар менен чын ниетинен сүйлөшүүгө аракеттенип: «мынча пайызын алгыла, тигинчесин алгыла» деп да көрдү. Майнап чыккан эмес», - деп билдирди кырдаал менен жакшы тааныш булактардын бири.

Кенжебаевдин Орусиядагы байланыштары да пайдасыз болуп чыккан.

Кенжебаев парламент мүчөлөрүн, биринчи вице-премьер-министрди логистикалык борборуна чакырып, "ЮниЛабга" колдоо издеген. Андан сырткары президент Алмазбек Атамбаевге да кат жазып кайрылган.

«Мындай теңдешсиз логистикалык борбор өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик мекемелердин толук колдоосуна ээ болушу керек эле»,- деп жазган Кенжебаев президентке жөнөтүлгөн, датасы жок жана кол коюлбаган кайрылуусунда. «Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги «ЮниЛаб» логистикалык борборунун иштеп кетишине баардык тараптан бут тосуп, болушунча тоскоолдук жаратууда». (Сүрөт: OCCRP)

Аягында, мындай аракеттердин баары текке кеткен. "ЮниЛаб" иштей баштады - бирок Кенжебаев жана анын өнөктөштөрү кеткенден кийин гана. Күчөп кеткен кысымдан улам алар компанияны 2016-жылдын ноябрь айында сатып жиберишкен.

Ишкананы өткөрүп алган эки адам - балбан жана милиция офицери логистикалык борборго эки айдай гана кожоюндук кылышты. Алардын бирөөнү кабарчылар издеп таба алышпады, экинчиси ишканага "эч кандай тиешем жок" деп так кесе жооп кайтарды.

"ЮниЛаб" андан кийин дагы башка эки кишинин колуна өтөт, алардын бири Абдукадыр үй бүлөсүнө жакын адам эле. Экинчиси коомчулукка таптакыр бейтааныш, же бизнес чөйрөсүндө эч тажрыйбасы жок жөн гана ишеничтүү адам сыяктанат.

Булардын арасында “ЮниЛабдын” каттоо документинде ишкананын жаңы ээлери катары көрсөтүлгөн эки киши бар: сол жактан экинчиси Тынарбек Жаманкулов; оң жактагысы Съездбек Кошоев. Ушул эле сүрөттөгү Нурбек Керимбеков (сол жактан үчүнчүсү) Абдукадырдын башкы соода компаниясынын директору жана бизге белгилүү төртүнчүсү - кийинчерээк Матраимовдун башка терминалын иштеткен фирманын кожоюну Кубатбек Калыбеков (сол жакта отурат). 2019-жылдын февраль айы. Фото: Facebook/Kerimbekov

“ЮниЛаб” борборунун "кол балдары"

Съездбек Кошоев

2016-жылдын ноябрынан декабь айынын бир бөлүгүнө чейин «ЮниЛаб» компаниясынын убактылуу теңшерик ээси болгон. Кошоев - кесипкөй балбан. Анын буга чейин логистикалык бизнеске аралашканы тууралуу маалымат аз. Социалдык тармактардагы маалыматтар Кошоев “прокси” же “кол бала” болушу мүмкүндүгүн ишарат кылып турат. Ал «Фейсбукта», «Инстаграмда» жана «Одноклассникиде» Матраимов жана Абдукадыр үй-бүлөлөрүнүн түйүнүнө кирген адамдар менен дос экенин көрүүгө болот. Алардын арасында Матраимовдорго жакын адам, Абдукадырлардын соода компаниясы «Тарим Транстын» директору Нурбек Керимбеков бар.

2019-жылдын июнь айында Кошоев башка фирма аркылуу кайрадан "ЮниЛабдын" теңшерик кожоюну болуп калган.

Кошоевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Талантбек Сарбагышев

Сарбагышев Кошоев менен бирге эки айга жетпеген убакытка «ЮниЛаб» компаниясынын үлүшүнө ээлик кылган. Ал ошол кезде Ички иштер министрлигинде иштеп жаткан.

Коопсуздуктан улам аты-жөнү ачык айтылбаган, абалды ичинен билген үч булак Сарбагышевдин Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндөгү таанымал адам Камчы Көлбаев менен байланышы болушу мүмкүндүгүн айтышты. Өзүн акча адалдоочу киши деп атап, Абдукадыр үй-бүлөсүнө иштеп бергенин айткан жана бул документтерди журналисттер менен бөлүшкөн булак Көлбаевди Матраимов жана Абдукадыр түйүндөрүнүн мүчөсү катары мүнөздөгөн. Ал акча адалдагыч адам өткөн жылы Стамбулда өлтүрүлгөн.

2018-жылдын соңунда Сарбагышев Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарынынын башчысы болуп калды. Бул шаар Көлбаевдин негизги турган жери саналат. Сарбагышев бул кызматка Көлбаевге байланышы бар экени кабарланган жергиликтүү саясий партия аркылуу келген. Азыр ал Матраимовдорго тиешеси бар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери катары парламенттик шайлоого катышууда.

Журналисттер Көлбаев менен байланышы тууралуу сурашканда, Сарбагышев кылмыш төбөлүн тааный турганын четке каккан жок. “Мен бир шаарда өссөм, бүт адамдар, жакшы адамдар менен байланышым бар”, - деди. “Эмне, алар адам эмес бекен?” Ал өзүнүн «ЮниЛабга» эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

Тынарбек Жаманкулов

(«Фаст Карго» аркылуу) 2016-жылдын декабрь айында түзүлгөнүнө үч ай боло элек «Фаст Карго» компаниясы «ЮниЛаб» борборунун жарым-жартылай кожоюнуна айланган. Ал компаниянын кожоюну Тынарбек Жаманкулов Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы соода компаниясы «Тарим Транстын» 40% үлүшүнө ээлик кылат. Социалдык тармактардагы бир нече посттор анын Матраимовдор жана Абдукадыр түйүндөрүнө үзөңгүлөш кишилер менен чогуу убакыт өткөрөрүн көрсөтөт.

2019-жылдын июнь айында «Фаст Каргодогу» үлүшүн Съезбек Кошоевге өткөрүп берген. Жаманкуловго компанияларында көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Телефонго жооп берген айым өзү бир нече компанияны, алардын ичинде «Фаст Карго» ишканасын каттаган адвокат экенин айтты.

Талантбек Туркменов

Талантбек Туркменов тууралуу маалымат аз. Ал Ош шаарынын жылуулук станциясынын башкы инженеринин уулу экени белгилүү. Ага атасы аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок.

Коопсуздуктан улам аты-жөнү аталбаган Кенжебаевдин бир бизнес өнөктөшү «ЮниЛабды» сатуу келишимин рейдерчилик катары мүнөздөп, орус тилинде «рейдерский захват» деген сөздү колдонду. Бул ыкма мурдагы советтик өлкөлөрдө көп кездешет. Анда адатта басым-кысымдан улам кожоюндары компаниясын аз акчага сатууга же бекер эле берүүгө аргасыз болушат. Андай иштер мыйзамды бузуудан кайра тартпаган мамлекеттик кызматкерлердин колдоосу менен жасалат.

«Компанияны тартып эле алышты», - деп билдирди Кенжебаевдин өнөктөшү. «[Сыргак] жалгыз коргонду. Анткени биздин айланабызда мамлекеттик машинеге каршы тура алчу адамдар жок эле. Жардам суроонун мааниси да жок болчу. Баары бир аны эч ким коргой алмак эмес».

Кенжебаев “ЮниЛаб” тууралуу журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Ал 2019-жылдын декабрь айында Казакстандагы Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бир кытай жараны Кенжебаевге каршы "көз боёмочулук кылды" деп арызданганын билдирген.

Кенжебаев кармалгандан көп өтпөй анын жубайы, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова видео билдирүү таратып, анда күйөөсүнө коюлган айыптарды өзү негиздеген коррупцияга каршы «Үмүт-2020» кыймылына басым көрсөтүү аракети катары мүнөздөгөн. Ал бул иликтөө боюнча журналисттер менен баарлашуудан баш тартты.

Кенжебаев тогуз айдан бери камакта отурса да ага расмий айып коюла элек.

Ал арада айдоочулар жана логистикалык адистер, алардын ичинде бир брокер «ЮниЛаб» борбору ушул тапта «бардык ишке жараган» жай болуп калганын айтышты.

Кенжебаев бул борборду жетектеп турганда бажы кызматкерлери өлкөгө кирген жүк машинелерин башка терминалга багытташчу. Жаңы кожоюндар келгенден кийин алар түндүк багыт аркылуу өткөн бардык кытай товарларын дал ушул борборго жөнөтө башташкан.

Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" өткөрмө бекети. (Сүрөт: OCCRP)

Түштүк багыт

“Эркечтам” Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы негизги эки бекеттин бири. “Торугарттан” түштүк-батыш тарапка учкан куш 160 чакырым дегенде “Эркечтамга” жетет. Кара жол менен сапар кыйла узарат.

Кашкардан чыккан жүк ташуучу автоунаалар бул бекет аркылуу Ош облусуна, андан ары Өзбекстандын баш калаасы Ташкентке кетет.

Бул жолдо Абдукадырдын үй-бүлөсү түзгөн «Абу-Сахий» деген соода империясы үстөмдүк кылат («Сахий» сөзү өзбек тилинен «жоомарт» маанисин билдирет, «Абу» - үй-бүлөнүн башчысы Хабибуланын кыскартылган аты). Кытай, кыргыз жана өзбек компанияларынан турган бул бизнес империясы Шинжаң аймагынан Кыргызстанга жүк алып кирип, аларды Ташкентке жана андан аркы аймактарга жеткирет.

«Азаттык», OCCRP жана «Kloop» порталы буга чейин жүргүзгөн орток иликтөө «Абу-Сахий» Райымбек Матраимовдун көмөгү менен коррупцияны күчөтүп, бажыдагы көз боёмочулукка шыкак берип жатканын көрсөткөн.

Кытайдан Кыргызстанга өткөн соң «Абу-Сахийдин» жүк ташуучулары – дээрлик жападан жалгыз «Абу-Сахийдин» машинелери – кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мега Логистик» аттуу компания иштеткен жеке менчик бажы терминалына келип токтошот. Аталган жайды бул тармакта иштегендер жөн гана «Абу-Сахий» деп аташат. Бул терминалга кытай товарлары түшүрүлөт жана андан ары Өзбекстанга жөнөй турган башка машинелерге жүктөлөт.

Документтерде бул терминалды дареги Кара-Суу районунда жашаган, ошол учурда 21 жаштагы бир жигит негиздегени көрсөтүлгөн. (Журналисттер аны менен байланышууга аракет кылышканда телефонго жооп берген эркек киши башка адам экенин айтып, кабарчылардан кайра чалбоону өтүндү.) Бирок «Мега Логистик» терминалы жайгашкан жер тилкесине Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана алардын бизнесине жакын байланышы бар эки киши ээлик кылат.

"Мега Логистиктин" "кол балдары"

Нурбек Керимбеков

Керимбеков - күрөштүн жана ат чабыштын күйөрманы. Анын Матраимовдор менен кыйыр үй-бүлөлүк байланышы да бар. Маалымат каражаттары жана транспорт тармагындагы булактар ырасташкандай, Керимбеков бизнесмен Алмазбек Арстанбаевдин өкүл баласы. Ал эми Арстанбаев - Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Мындан тышкары Керимбеков - эл арасында Матраимовдорго тиешелүү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоодогу талапкери.

Керимбековдун Абдукадыр үй-бүлөсү менен да жакын мамилеси бар: Ал «Тарим Транс» компаниясынын башкы директору. Бул компания расмий түрдө Абдукадырлардын Кыргызстандагы «Абу-Сахийдин» бизнесин тескейт. Керимбеков коронавирус пандемиясы убагында «Абу-Сахий» компаниясынын дары-дармек жана медицина каражаттары үчүн бөлүнгөн жарым миллион долларлык жардамын ишкананын атынан Оштун облустук администрациясына өткөрүп берген.

Керимбековдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Нурланбек Алимбеков

Алимбеков - Ошто айылдык кеңештин депутаты. Матраимовдордун ири компанияны өткөрүп алышында арачы болгон сыяктуу. Ал 2016-жылы Оштон бир жер тилкесин сатып алган. Андан соң тилкени экиге бөлүп, экөөнү тең алты жумадан кийин Райымбектин эжеси Чынара Матраимовага саткан.

2019-жылдын апрель айында Матраимова «Ихлас» курулуш компаниясы менен келишим түзгөн. Учурда бул компания Чынара Матраимовага таандык жерде 14 кабаттуу үй жана «Ош Плаза» аттуу соода-көңүл ачуу борборун куруп жатат.

Алимбековдон комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Мега Логистикке» жанаша жайгашкан ири автоунаа токтотмо жүк ташуучу машинелер үчүн колдонулуп келет.

Эл аралык чек аранын так тушундагы бул токтотмо жайгашкан жер тилкесине жергиликтүү бийлик органдары ээлик кылат. Бул жерди убактылуу колдонуу укугу 2004-жылы «Wholesale International» аттуу компанияга берилген.

Он жылдан кийин бул компаниянын жарым-жартылай үлүшү Райымбек Матраимовдун эки жээнине өткөн.

“Мега Логистик” терминалынын токтотмосу. (Сүрөт: OCCRP)

Автоунаа токтотуучу жай 2018-жылы курулганга чейин бул жер тилкеси бош жаткан. Ошол эле жылы “Мега Логистик” толук кандуу бажы терминалына айланган.

Компаниянын салыктарынын бир бөлүгүн Матраимовдордун эки жээни – Эрлан жана Нурсултан Турсунбаевдер, ошондой эле Матраимовдордун Оштогу жеке эсепчиси Нурила Бечелова төгүп турган.

2016-жылы Бечелованын 16 жаштагы уулу Жасур Акынбеков «Абу-Сахийдин» Кыргызстандагы бизнесин тескеген «Тарим Транстын» (кагаз жүзүндөгү) негиздөөчүсүнө айланган. Компания бир нече айдан кийин башка колдорго өтсө да Матраимовдордун эсепчисинин бул ишке аралашканы эки үй-бүлөнүн ортосундагы дагы бир байланышты айгинелейт.

2016-жылдын декабрында Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «Мега Логистикти» базарда «үстөмдүк кылуучу абалда» деп мүнөздөгөн. Бирок ири операцияларды жүргүзгөн терминал болгону менен бул жайда көбүнесе Абдукадырлардын карго компаниясына башкы артыкчылык берилет.

Журналисттердин бири көз каранды эмес бир канча брокер менен байланышып, Кытайдан кайсы жолдор менен жүк алып келсе болорун сурап көрдү. Брокерлердин бири керек болсо жогорудагы терминалдын атын да атаган жок. Ал бир гана тандоо бар экенин, жүктү түштүктөгү башка бир терминалга алып барса болоорун белгиледи.

"Биз түштүктөбүз”, - деди ал. «Бул жерде Кара-Суу гана бар».

Кара-Суу терминалы

Совет заманында курулган мурдагы ун комбинаттын аймагында жайгашкан бул терминалды бир кезде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жакын кишилердин компаниясы иштетип турган.

Азыр деле ошол компания иштетет. Болгону ага Матраимовдордун жакын чөйрөсүндөгү адамдар кожоюндук кылат.

Майрамбек Абдирашит уулу (солдо) Матраимовдордун EREM спорт клубуна байланышы бар спортчу. Ал ошондой эле Кара-Суу терминалын иштеткен “Автоэкспресс Инвест” компаниясынын негиздөөчүсү. Оң тарапта Абдукадырлардын ири соода компаниясынын директору Нурбек Керимбеков. (Фото: Одноклассники / Абдирашит уулу)

Документтер көрсөткөндөй, бул өзгөрүү Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматындагы зоболосу көтөрүлүп жаткан учурда ишке ашкан. Ушунун өзү деле бул жерде жок дегенде кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн экенин каңкуулайт. Беш жылга чукул мамлекет жана бир нече уюмдар менен өнөктөш болгон бул мекеменин татаал тарых-таржымалы Матраимовдун жакындары менен жардамчыларынын узун тизмесин камтыйт.

Кара-Суу терминалынын татаал таржымалы

1: Өткөрүп алуу

«ОшТаможСервис» аттуу компания иштеткен бул жайды 2012-жылдын май айында Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Алмазбек Арстанбаев мурдагы үч кожоюнунан өткөрүп алган. Ал кезде Матраимов Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусундагы башкармалыгын жетектеп турган. Чоо-жайын сурап Арстанбаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

2: Мамлекеттик өнөктөш жана эр уруштун чемпиону

Ошол жылы Арстанбаев жетектеген «ОшТаможСервис» мамлекетке таандык «Таможенная Инфраструктура» компаниясы менен бирге бажы операцияларын жүргүзүүчү «БИМИ ОшТрансСервис» аттуу жаңы компанияны түптөгөн. Киреше «ОшТаможСервис» менен мамлекеттик компаниянын ортосунда тең бөлүнүп турган.

«БИМИ ОшТрансСервис» жаңы түзүлгөндө анын директорлугуна 25 жаштагы Кылычбек Саркарбаев келген. Ал - Оштун ошол учурдагы милиция башчысынын спорт клубунан чыккан, эрежесиз эр уруш боюнча чемпион. Кийинчерээк «Кактус.Медиа» басылмасы Саркарбаевди Райымбек Матраимовдун эң жакын үзөңгүлөшү катары мүнөздөгөн. Анын мындай байланышы социалдык тармактардагы баракчаларынан да анык көрүнүп турат. Ал Матраимовдор, анын ичинде Райымбектин уулуу Бакай менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Ошондой эле ал Матраимов үй-бүлөсүнүн EREM спорт клубунда машыгат. 2019-жылы Матраимовду сындап чыккан кишини бутка атты деген шек менен ага каршы иликтөө башталган. Бирок айып коюлган эмес.

Саркарбаев комментарий сурап кайрылган журналисттерден кийинчерээк чалууну өтүнгөнү менен кайра телефон чалганда жооп берген жок.

3: Матраимовдун карааны пайда болгондо...

2013-жылдын январында Матраимов кызматтан көтөрүлгөнгө чейин жетектеп турган Ош бажысы «БИМИ ОшТрансСервиске» бажы кампаларын иштетүү үчүн лицензия берген.

Ошол жылдын күзүнө чейин бул бизнесте Матраимовдордун карааны көрүнгөн эмес. Андан соң бул үй-бүлөнүн аты «ОшТаможСервистин» корпоративдик түзүмүндө пайда болгон. Ал кезде бул ишкана бир айча «Евразия Логистик» деп аталып турган. Сентябрь айында Арстанбаев акцияларынын басымдуу бөлүгүн эки кишиге – өз бир тууганы Азаматка жана Русланбек Матраимовго өткөрүп берген. Русланбекке үлүштөрдүн көп бөлүгү тийген.

4: Караан кайрадан жоголгондо...

Бир айдан кийин бул чечим кайра артка кайтарылган. Жаңы кожоюндар өз үлүштөрүн кайра Алмазбек Арстанбаевге өткөрүшүп, ал киши компаниянын жападан-жалгыз ээси болуп калган. Бирок бир өзгөрүү болгон: Матраимовдорго байланышы бар, эрежесиз эр уруш боюнча чемпион Саркарбаев директор болуп дайындалган.

5: Жаңы фирма, жаңы мушкер

Үч жылдан кийин же 2016-жылдын ноябрь айында Саркарбаев компаниянын директорлугунан кетип, ордуна Райымбек Матраимовдун эжесинин күйөө баласы Айбек Заиров келген. Бирок анда компаниянын күнү бүтүп бараткан эле. 2017-жылды ортолой ишкана жоюлган.

Ордун «Автоэкспресс Инвест» аттуу компания басып, бул терминал андан ары мамлекеттин катышуусу жок башкарууга өткөн. (Ал арада Райымбек Матраимов карьерасындагы эң жогорку сересине көтөрүлүп, Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалган).

«Автоэкспресс Инвесттин» негиздөөчүсү Майрамбек Абдирашит уулу да Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн EREM спорт клубу менен байланышы бар мушкер. Социалдык тармактардагы баракчаларынан анын бажы же логистикага байланыштуу компанияны жетектей турганы тууралуу маалымат табыш кыйын. Абдирашит уулунун да Матраимовдордун үзөңгүлөштөрү катары таанылган кишилер менен түшкөн сүрөттөрү бар.

Журналисттер телефон аркылуу байланышканда Абдирашит уулу компания тууралуу эч нерсе укпаганын айтты. Кабарчылар андан кесибин сурашканда ал: “Мен иштебейм. Жөн гана бекерчи”, - деп жооп берди. Ал Матраимов үй-бүлөсүн тааныбасын, алар тууралуу "Интернеттен окуган болушу мүмкүндүгүн" айтты.

«Автоэкспресс Инвест» түзүлгөндөн бир нече ай өтүп-өтпөй бажы кызматтарын сунуш кылган компания катары эки лицензияга ээ болгон: Товарларды бажыдан өткөрүүчү («растаможка») жана аларды убактылуу сактоочу кампаны (СВХ) иштетүү укугун алган. Эки лицензия тең 2016-жылдын ноябрь айында Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кезинде берилген.

6: Заировдун кайтып келиши

2017-жылы «Автоэкспресс Инвесттин» кожоюну алмашып, Абдирашит уулунун ордун Райымбек Матраимовдун эжесинин күйөө баласы Заиров баскан.

Оштун импорт тармагында иштеген кесипкөй адистердин бири Заировду «Райымбек үчүн транзитти тескеп берген» жана «Тажикстанга байланыштуу багыттар менен иштеген» адам катары мүнөздөдү.

7: Кубатбек Калыбеков

2019-жылдын июнь айында Кубатбек Калыбеков аттуу жаш жигит “Автоэкспресс Инвестти” Заировдон өткөрүп алган. Социалдык тармактардагы бир канча посттор Калыбеков Матраимовдун үзөңгүлөштөрү менен чогуу убакыт өткөргөнүн күбөлөп турат.

Кожоюн алмашып жаткан кезде Ош шаардык кеңешинин мурдагы вице-спикери Бактыбек Каналиев “Автоэкспресс Инвесттин” директору болуп дайындалган. Азыр ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери.

«Матраимовдун жакындарынан бизди куткаргыла»

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Клооп» медиасы жүргүзгөн мурдагы иликтөөлөр Бажы кызматында Райымбек Матраимов төраганын орун басары болуп турганда коррупция кулач жайганын көрсөткөн. Иликтөөлөр ошондой эле Матраимов Абдукадыр үй-бүлөсүнүн “Абу-Сахий” соода империясын калкалап, анын атаандаштарынын эсебинен кантип байып турганын ашкерелеген.

2017-жылдын этегинде Матраимов ээлеген кызматынан алынган. Ага карабай, бажы иштерин аркалаган терминалдарда жана бажы кызматында тутумдаш коррупция улана берген. 2018-жылы эл аралык соода менен алектенген ишкерлер тобу өлкө президентине, парламенттин спикерине жана премьер-министрге чогуу жазган катында ишкердикти улантууга мүмкүн болбой калганын билдирип, маселеге көңүл бурууну өтүнүшкөн.

11 барактан турган каттын корутундусунда «колунда кыргыз бажысынын кызыл китеби бар, кыргыз бажысынын кетпес ханы» Райым Матраимовдон жана анын кыргыз бажысындагы коррупциялык схемасын кынтыксыз аткарган кадрларынан куткарышыңыздары суранабыз” - деп жазылат.

Тексттин басымдуу бөлүгү «Матраимовдун эң жакын кадрлары» жасаган коррупция терминалдарда гүлдөп жатканы, Матраимов жетекчиликтен кеткенден кийин иштен алынган инспекторлор кайра мурдагы жогорку кызмат орундарына келип отурганы чоо-жайы менен берилет. Катта андай он чакты адамдын аты-жөнү аталат.

Катта сүрөттөлгөн схемада Матраимовдорго же Абдукадырдын “Абу-Сахийине” байланышы жок жүк ташуучулардан түрдүү шылтоо менен чоң суммада пара талап кылынары айтылат. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүш үчүн айрым фирмалар ар бир жүк ташыган машинеге 4000 долларга чейин пара берип жатканы көрсөтүлөт.

Катта мындай схемадан Матраимовдорго оңбогондой көмүскө акча түшүп турганы тууралуу маалымат камтылган.

Матраимовдун туугандары

Ишкерлердин каты, ошондой эле өз алдынча жүргүзүлгөн маектер жана башка булактар Райымбек Матраимовдун туугандары бажыда жемкор системаны түзүп жана аны ишке ашырып турушканын бышыктайт.

Нурсултан Турсунбаев - Райымбектин жээни

Катта паракор катары көрсөтүлгөн кызматкерлердин бири - «Райымбек Матраимовдун жээни Нурсултан». Нурсултан Турсунбаевдин аты буга чейин да айтылды. Турсунбаев Кара-Суу терминалында башкы инспектор, түштүктөгү «Эркечтам» чек ара бекетинде нөөмөт башчы болгон. Ишкерлердин катында товар жүктөгөн автоунаалар келгенде бажы инспектору Нурсултан кандай мамиле кылары сүрөттөлөт:

«Ал бизге жүктү тытмалап текшеремби же жөн эле сүйлөшөбүзбү» деп талап коёт. Эгерде биз «текшере бер» деп айтсак, анда ал бизден жүк түшүрүүчүлөрдү чакырып келишибизди талап кылат же өзү алдын-ала сүйлөшүп алган жүк түшүрүүчүлөрдү чакырып келип жүктү түшүрө баштайт. Эч кандай айып таппаган учурда кайра жүктөтүп, жүк түшүрүүчүлөргө 10000 сом акча төлөп беришибизди талап кылат».

Ал эми ишкерлерден кынтык кетип калса эч кимди аябашы мүмкүн. «Эгерде бир коробка мык же башка буюмдар табылса» Турсунбаев тез арада айыпка жыгарын белгилешет. Айдоочулар «жүктү текшертпей эле маселени чечүүгө макул болушса» алардан сом же доллар менен пара талап кылынары көрсөтүлгөн.

Турсунбаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Русланбек Матраимов - Райымбектин иниси

Матраимовдордун эркек бир туугандарынын ичинен мамлекеттик кызматка барбаганы - жалгыз Русланбек Матраимов. Ал үй-бүлөнүн кайрымдуулук фондун жана EREM спорт клубдарын башкарат. Жүк ташуучу фирмалардын бир тобу Русланбекти «көмүскөдөгү кожоюн» катары сүрөттөшөт. Ал бир нече карго компанияга көзөмөл кылары айтылат.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери кабарчыга Русланбек түштүктөгү «Достук» чек ара бекетинде бир күндө эле олчойгон акча таап коёрун айткан. Бажынын Оштогу бөлүмүн агасы эмес, ошол башкарарын, «бажычыларды чакырып, отчёт берүүнү талап кылат» деген эле.

Жүк ташыган ишкерлердин бири: «Таможенниктер “миллиондун” иниси – Руслан Матраимовдун приказы менен болгон үчүн биз иштей албай калдык», - дейт каңырыгы түтөй. «Алты балам менен отуруп калдым азыр. Эч кандай, бир килограмм дагы жүк чыгара албай калдым. Русландын балдарынын жүктөрү чыгат, биздики чыкпайт», - деп капаланат.

Русланбек Матраимов комментарий сураган өтүнүчүбүзгө жооп берген жок. Искендер Матраимовдун маалымат катчысы көбүрөөк убакыт сурап, бул үй бүлө кабарчылардын суроолоруна шайлоодон кийин жооп берерин айтты.

Aзизбек Токонов - Райымбектин жээн күйөө баласы

Азизбек Токонов Райымбектин эжесинин кызына үйлөнгөн. Ишкерлердин катында «Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасын так, баш тартпастан аткарып келе жаткан» жана «жакын кишиси» деп сыпатталган. Бир нече булактар бышыктагандай, Кара-Суудагы терминалдын башкы инспектору болгон. 2019-жылы «Азаттык» радиосунун иликтөөсү чыккандан кийин башка жакка которулуп, кайра кызматка көтөрүлгөн.

Токоновдон жогорудагы айыптоолор тууралуу сураганда так маалымат талап кылды. Андан соң кабарчы туура эмес номерге чалып алганын айтып, телефонду өчүрүп койду.

«Биз ишкерлер күнү-түнү иштеп, көп болсо көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батирлерибиз бар. Ал эми Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасын аткаруучу кадрлары, жаш жигиттер (30-35 жаштар чамасында) үч кабат үйлөрдө, кымбат баалуу жолтандабас «Лексус» машинелерде жүрүшөт. Бул адамдар жумушка келгенине үч-төрт жыл болуп, кайсы каржы булагынан ушунча акча тапканын биз билебиз» деп уланат ишкерлердин каты.

Бейрасмий төлөмдөр: Ишкерлердин катынан тышкары кабарчылар ондогон бажы кызматкери, айдоочулар жана башка жүк ташыгандар менен сүйлөштү. Алардын көбү бажыда көмүскө система бүгүн да иштеп жатканын, ар кыл «расмий эмес төлөмдөр» жана башка жүк ташуучу фирмаларга каршы толгон-токой тосмолор бар экенин бышыкташты.

Катта ошондой эле Райымбек Матраимовго байланышы бар компаниялар артыкчылыкка ээ экендиги баяндалат. Бажычылар алардын кымбат товарын арзан товар катары декларация толтуруп, пайдага туйтунтат. Ал эми Тажикстанга товар алып бараткан жүк ташуучу фирмалар пара бербесе «жүктөр катуу текшерүүгө алынып, ит менен тинтилип, бардыгы түшүрүлөрү» айтылып, «бажычылардын ээнбаштыгынын айынан чек арада товарлары жумалап, айлап токтоп калат” - деп даттанышкан.

«Матраимовдун адамдарынын товарлары түшүрүлбөстөн, керек болсо бажы пломбасы үзүлбөстөн автоунаалары коё берилет» дешет ишкерлер.

«Мындай артыкчылыктан улам Р.Матраимовго караштуу фирмалар менен жүк алып келүү арзан жана тез болот» деп жазышкан ишкерлер.

Ишкерлердин катында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланыштуу: «Мисалы, Р. Матраимовдун иниси Руслан Матраимов, өкүл баласы, Кара-Суу бажы терминалынын ээси Алмаз [Алмазбек Арстанбаев] жана башкалар ээлик кылган же уюштурган жүк ташуучу ишканалар», - деп бир нече жолу айтылат.

Кабарчылар Матраимовдордун үй-бүлөсү жана алардын жакындары ээлик кылган бир нече жүк ташуучу компанияны табышты. Алардын ичинде мурда Русланбек Матраимовго тиешелүү болгон “Делюкс Транс” жана Алмазбек Арстанбаевге караштуу “Байбото групп” деп аталган компаниялар бар.

Катта үй-бүлөгө жакын компания деп Абдукадырлардын «Абу-Сахий» жүк ташуучу компаниясы аталган. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтчү жүктөр «Шефтин же Р.Матраимовдун» уруксаты менен ага караштуу «Абу-Сахий» фирмасы аркылуу транзит болуп өтүшүнө жол берилет. Атап айтканда башка ишкерлер Өзбекстанга транзит жүк өткөрүшү мүмкүн эмес» деп улантылат.

Каттын мазмуну аша чапкандык деле эмес. Июнь айында өлкөнүн түштүгүндөгү «Эркечтам» бажы бекети коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн кийин кайра ачылып, «Абу-Сахий» компаниясынын жүк ташыган машинелери гана өтө баштаган. Бул кыргыз айдоочуларын нааразы кылган.

Расмий маалымат базасы

Айдоочулардын катында айтылган жүйөнү Кыргызстандын Транспорт министрлигинин «Абу-Сахий» компаниясына берген лицензиялары да ырастайт. Кабарчылар маалыматты министрликтин онлайн базасынан 2020-жылдын февралында алышкан.

Транспорт министрлиги OCCRP уюмуна билдиргендей, маалымат базасы такай жаңыртылып турат. Бүгүн алынган маалымат мурдагыдан бир аз гана айырмаланат. Жарыяланган маалыматтын көлөмү белгисиз.

Колго тийген маалымат көрсөткөндөй, «Тарим Транс» башка бардык атаандаштары бириккенден кийин да алардан көп лицензия алган.

Кыргыз айдоочуларынын ассоциациясынын башчысы Исабай Сулайманов OCCRP мекемесине «Жүктүн 90% [кытай-кыргыз чек арасынан кыргыз-өзбек чек арасына чейин] «Тарим Транс» ташыйт», - деп айтып берген.

“Кайда барбайлы, "Абу-Сахийдин” кызыкчылыгы бардык жерде корголгон” - дейт айдоочу. “Биздин чек арадан өтүшүбүзгө "Абу-Сахий” 100% бөгөт коюп салган” - деди.

“Алар көп кишинин нанын тартып алышты”, - деп сөзгө башка да бир айдоочу аралашты.