Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо

21-ноябрь, 2019-жыл
"Азаттык" радиосу, OCCRP жана Kloop

Бир адам беш жылдан ашык убакытта жүз миллиондогон долларды Борбор Азиядан чыгарып кеткен. Ал билген маалымат акыры анын өмүрүн алып тынды окшойт. Бирок ал атып өлтүрүлөрдөн мурда кабарчылар менен бөлүшүүгө үлгүргөн документтер эсепсиз байлыктын булагын ачыкка чыгарды. Аларга ылайык, көпчүлүктүн көзүнө урунбаган көмүскөдөгү үй-бүлө таасирдүү саясий калкалоонун жардамы менен жашыруун карго империясын иштетип келгени ырасталды.

“Мен Айеркен Саймаити”, - деп өзүн тааныштырган жигит: “2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар которгом”,- деп баяндайт. Журналистке сырын ачкан бул сүйлөшүүдөн бир нече ай өтпөй Саймаити киши колдуу болуп, ажал тапты.

Бирок өлөрүнө аз калганда дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бириндеги элдин акчасын системалуу түрдө карактап турган ири схеманы ачыкка чыгарган документтерди кабарчыларга берип үлгүрдү.


Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо


“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин жыйырмадан ашык журналисти Саймаити берген маалыматтарды изилдеп, аларды жеринде далилдер менен бышыктоо үчүн бир нече ай тынымсыз иштешти.

Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкереледи.

Иликтөө жасалып жатканда бул долбоорго катышкан кыргыз журналисттери коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп, аларды белгисиз адамдар аңдып жүрдү. Бул коомдун кызыкчылыгын коргоо гана эмес, журналисттердин жеке коопсуздугун камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Саймаитинин өлүмү иликтөөнү тезинен жыйынтыктоого мажбур кылды. Ал киши колдуу болгондон кийин 11 күн бою кабарчылар Саймаити коомчулукка жеткиргиси келген маалыматты топтоп, текшерип жана жарыялоо үчүн тыным алышкан жок. Коркутуулардан улам бул долбоордун үстүндө иштеген кабарчылар менен редакторлордун аты жарыяланбайт.

Саймаити көп нерсени билген. Себеби ал өзү сүрөттөп берген калкалоо жана акчаны адалдоо менен коштолгон көмүскө системанын ишинде маанилүү роль ойногон. Бирок ал бул системаны ашкерелөөгө бел байлаган. Анын акыркы сөзүнө айлана турган бул иликтөө бир ууч адам Кыргызстандын элинин эсебинен кантин байып келгенин мурда айтылбаган деталдар менен айгинелеп берет.