Дубайдагы өнөктөштүк

21-ноябрь, 2019-жыл
"Азаттык" радиосу, OCCRP жана Kloop

Кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчисинин аялы Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар. Бул үй-бүлө жеринде карго империясын түзүп, ал бажыдагы жемкорлуктун аркасы менен гүлдөгөн.

Инвесторлор төгөрөктүн төрт бурчунан Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлк алууга агылганынын бир топ себеби бар. Анын эң башкысы - Эмираттагы купуялык. Мүлктү каттоо реестри коомчулукка ачык эмес.

Инвесторлордун арасында кыргыз бажысынын башчысынын мурдагы таасирдүү орун басарынын аялы да бар. Журналисттер Дубайдын тездик менен өнүгүп бараткан районунда курулуп жаткан беш кабаттуу, ар кыл максатта колдонула турган имараттын инвестору ким экенин таап чыгышкан.

Ага өнөктөш инвесторлордун арасында Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Абдукадырдын үй-бүлөсү да бар.

«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» порталынын кеңири иликтөөсү бул схема бизнести жана бажыдагы расмий жетекчилерди, анын ичинде Матраимовду паралоо аркылуу ишке ашарын чечмелейт.

Бул иштеги башкы оюнчу - өзүн акча адалдоочу деп атаган киши журналисттерге бажыдагы схемаларды ачып, аны бышыктай турган документтерди берди. Ал ушул айдын башында Стамбулда киши колдуу болду. Ал каргашалуу окуяга чейин журналисттерге Дубайда Матраимовдун Абдукадырдын үй-бүлөсү менен бирге инвестициялык долбоору болушу мүмкүн экенин ишарат кылган.
Ал аны ырастоочу эч кандай далил бере албаса да журналисттер Дубайдагы долбоордо Матраимовдун аялы жана Абдукадырдын үй-бүлөсү бизнес өнөктөштөр экенин тастыктаган документти таап чыгышты.

Курулушу быйыл жыл соңунда аяктайт деп пландалган, ар кыл максатта колдонула турган бул имарат тургузулган жер тилкесин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова сатып алган. Ал дагы бир жер участогунун жана шаардагы батирдин ээси. Колго тийген документтерге ылайык Тургунова бул мүлктү 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алган.

Тургунова эки жер тилкесин «Жумейра Виллэдж Сөркл» (Jumeirah Village Circle) районунан алган. Эмираттын транспорт толтосунда турган аймакта виллалар менен таунхаустардын көбү курулуп жатат. Батирди болсо «Жумейра Биич Резиденси» (Jumeirah Beach Residence) районундагы курулушу быйыл жыл соңуна чейин аяктоочу үйдөн алган.

Адистер түзүп чыккан кыймылсыз мүлктүн жана турак жайдын маалымат базасы «C4ADS» аттуу коммерциялык эмес топтун колуна тийген жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) берилген. Бул база турак жай качан алынганын көрсөтпөсө да, анда кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерин, ээси менен байланышууну жана көп учурда турак жайдын баасын да камтыйт.

Бул кыймылсыз мүлк, аны менен катар Тургунова менен Абдукадырлардын өнөктөштүгү кызыгуу жаратат. Себеби Матраимовдун расмий кирешесин эске алганда, мында сөз болуп жаткан миллиондогон доллардын булагы мыйзамдуу табылганын түшүндүрүп берүү кыйын. Бул мүлктүн бири да мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө толтурган Матраимовдун декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Айына 1000 доллар

Коомчулук канчалык талап кылса да Мамлекеттик салык кызматы Матраимовдун 2017-жылдагы декларациясын ачыкка чыгарбай койду. Колго тийген маалымат базасында Тургунованын Дубайда мүлктү качан сатып алганы так белгисиз. Аны 2017-жылы алган болсо, анда ал декларацияда көрсөтүлүшү керек эле. Райымбек Матраимовдун 2016-жылдагы декларациясында анын үй-бүлөлүк кирешеси 217 миң долларга жетпейт. Анын 12,530 доллары айлык акысы, калганы башка булактан түшкөн. Ага чейинки жылдардагы декларацияларда айлыгын гана $7,739 деп көрсөткөн.

Матраимовдун 2016-жылкы декларациясы анын үй-бүлөсү 12,5 миллион доллар инвестицияны кантип салганын түшүндүрө албайт. Чоңойтуш үчүн бул жерди басыңыз.
Матраимовдун 2016-жылкы декларациясы анын үй-бүлөсү 12,5 миллион доллар инвестицияны кантип салганын түшүндүрө албайт. Чоңойтуш үчүн бул жерди басыңыз.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн бул адам эл ичинде аңызга айланган байлыгынан улам «Раим миллион» деген атка конгон. «Азаттыктын» 2017-жылдагы иликтөөсү Матраимовдун хан сарайы тапкан чакан кирешесинен алда канча ашып түшөрүн аныктаган.

«Хабиб резиденциясы»

Тургуновага таандык жерде курулуп жаткан имарат тууралуу далил жалаң эле журналисттердин колуна тийген маалымат базасына байланбайт.

Курулуш боюнча маалымат базасын кармаган «BNC Network» тобунун отчетуна караганда, ал беш кабаттуу ар кыл максатта колдонула турган имарат. Быйылкы жылдын этегине чейин курулушу аяктайт деп пландалган. Отчётто бул долбоордун артында төрт тарап турары жана алардын ролу белгиленген. Тургунова инвестор катары сыпатталган. Дагы бир тарап - ага-ини Абдукадырлардын бири Маймайтили Хадир. Долбоорго ошондой эле Хабибула Абдукадыр көзөмөлдөгөн АКА International компаниясы да катышат.

Абдукадырдын эң жакын туугандары Хадир, Палван жана Абибула деген сыяктуу бир нече фамилияны колдонушат. Бизнес-империянын башында Хабибулла Абдукадыр тургандыктан, бизнес түйүнүнө байланышы бар үй-бүлө мүчөлөрүн жалпылап Абдукадыр деп атайбыз.]]

Экинчи далил долбоорду ишке ашырып жаткандардан табылды. Компаниянын веб-сайтында жарыяланган долбоорлордо Тургунова менен Майматили Хадир анын ээлери экени жазылган.

Шаардын планын карап салыштырып, долбоор кайда курулуп жатканын билип алган журналисттер ал жерге барышкан. Дубайдагы башка көп жерлердей эле курулуш жүрүп жаткан жер ээн талаа. Ал жерге машине менен оңой эле кирип барасың. Бирок курулуштун аймагын жеке күзөт кызматы жана полициянын патрулу кайтарат, андыктан барган журналисттерди кайра узатып коюшкан.

Курулуш дээрлик аяктап калган имараттын сыртындагы тактада жогоруда аталган долбоорго катышкан төрт тараптын үчөөнүн аты-жөнү көрсөтүлгөн. Алар: Hadeer, «AKA International» жана «Nakheel», Дубайдагы курулуш компаниясы. Журналисттер бул жерге августта жана сентябрда барганда төртүнчү кишинин аты-жөнүн чаптап коюшканын байкашкан.

Сырттагы тактада анын долбоорунун сүрөтү да турат. Ал немис архитектору Александр Кармеинскинин резюмесиндеги сүрөткө дал келет. Бул архитектор Абдукадырдын үй-бүлөсү үчүн да долбоорлорду да ишке ашырган.

«Habib Residences Apartments building - JVC Dubai» деп аталган долбоор 82 батирлүү. Эң алдыңкы кабатында дүкөн, тренажердук зал, чатырында «Жумейра Виллэдж Сөркл» (Jumeirah Village Circle) соода борбору тарапты караган бассейни бар.

Кармеинский долбоордун ээси деп «AKA International» компаниясын атаган.

Райымбек Матраимовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын үй- бүлө мүчөлөрү да жооп беришкен жок. Ал эми Искендер Матраимовдун жардамчысы дагы убакыт бергиле деп суранды. Иликтөөгө катышкандардын коопсуздугунан улам ал өтүнүч аткарылбай калды. Райымбек Матраимов менен иштешип жүргөн адвокат аны менен кызматташтыгын токтотконун билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты. Абдукадырдын үй-бүлө өкүлдөрүнөн, Бажы кызматынан жана Кыргызстандын күч органдарынан комментарий сураган бир нече өтүнүчүбүз орундалган жок.

Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо