Көмүскө акча ташыгандар кербени

3-декабрь, 2019-жыл
“Азаттык” радиосу, OCCRP жана “Kloop”

Жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнү миллиондогон долларды Кыргызстандан чыгарып турган. Көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келет. Бул система кандай иштейт, ким калкалайт?

Хусан Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн 1,6 миллион долларды алганы бараткан.

Ал 22-октябрдын кечинде Бишкектин четиндеги “Манас” эл аралык аэропортуна жол тарткан. Бул ары-бери такай каттаган 39 жаштагы таксист үчүн көнүмүш иш эле.

Бул сааттай так, эбактан бери жолго коюлган система болчу. Акча алчу киши алдын ала макулдашылган номурга телефон чалат; ал киши менен терминалда жолугат; андан нак акчаны алат да Стамбулга жол тартат. Учак абага көтөрүлөрдөн мурда баалуу аманатты алып баратканын бышыкташ үчүн өзүн сүрөткө (селфи) тартып, аны көзөмөлдөп турган кишиге жөнөтөт.

Керимов Саймаитиге жөнөткөн селфи сүрөттүн бири. (Фото: Айеркен Саймаити)
Керимов Саймаитиге жөнөткөн селфи сүрөттүн бири. (Фото: Айеркен Саймаити)

Бирок октябрдын ошол түнү сааттай иштеген система бузулду. Көзөмөлдөгөн киши көпкө күттү. Селфи келген жок. Керимовдун өзү дайынсыз.

Акыйып жол караган киши акча адалдоонун адисине айланган 37 жаштагы Айеркен Саймаити эле. Ал таңгакталган долларды алып, Бишкектен Стамбулга байма-бай каттаган, Керимов сыяктуу ондон ашык карапайым адамды иштеткен түйүндү көзөмөлдөчү. Ар бир баштыкта 100 миңден бир нече миллион долларга чейин ташылчу.

Саймаити бул түйүндү жылдар бою тымызын иштетип келген. Бирок Керимов дайынсыз жоголуп кеткенден кийин журналисттерге сырын ачууну чечти. Өзүнүн акча ташыган бизнесинин далили катары ал курьерлери толтурган түрк жана кыргыз бажысынын ондогон декларацияларын берген.

“Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана “Kloop” порталы бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларацияларды, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматын жана башка документтерди иликтеп, ошондой эле бир катар интервьюларды алды.

Айеркен Саймаити
Айеркен Саймаити

Саймаити нак акча которууга адистешкен бүтүндөй көмүскө системанын бир оюнчусу гана болгон. Салыштырмалуу арзаныраак алып өтүү, бийликтин көз жумду мамилеси күн сайын Кыргызстандан миллиондогон долларды сыртка чыгарып турууга өбөлгө түзгөн.

Журналисттердин колуна тийген декларацияларда жалпысынан 77 миллион доллар курьерлер аркылуу Кыргызстандан чыгарылган. Чыныгы сумма мындан алда канча көп. Саймаити бышыктагандай, бир гана анын түйүнү бир нече жылда миллиард доллардан ашуун акчаны ташыган.

Курьерлер кыргыз базарларындагы соодагерлердин атынан Түркия менен Кытайга товар үчүн нак акча ташып турган. Улуттук экономиканын өзөгүн түзгөн соодагерлер өз бизнесин көмүскөдө кармаш үчүн акча чабармандардын кызматынан пайдаланышат. Бул кеңири жайылган көрүнүш өлкө мыйзамдарына каршы келет.

Бул система мамлекетти салык төлөмдөрүнөн куржалак калтырат. Ошондой эле өлкөгө мындай акчанын агымы кайдан келип жатканын иликтөөгө бөгөт коёт.

2012-2014-жылдары “Манас” аэропортунунун ички иликтөө бөлүмүн жетектеген Самат Исабеков: “Бул акча биринчиден бажы төлөмдөрүнөн, экинчиден салыктан, үчүнчүдөн Финансылык чалгын кызматынан жашырылып жатпайбы”, - деп белгилейт.

Курьерлер нак акчаны көрсөтүп жана көмүскө ташыгандыктан жылына Кыргызстандын аэропортторунан агылган миллиондогон доллардын төркүнүн билүү деги эле мүмкүн эмес. Акчанын кайсы бир бөлүгү кадыресе соодадан түшсө, анын басымдуу бөлүгү - чет өлкөдөн Кыргызстанга аткезчилик аркылуу киргизилет. Ошондой эле курьердик түйүн уюшма кылмыш топторунун коркунучуна туш болуп турат.

Стамбулга качып кеткенге чейин Саймаити ушул эле ыкма менен уйгур улутундагы Абдукадырдын үй-бүлөсү үчүн Кыргызстандан акча чыгарып берип турган. Ал бул үй-бүлөнүн көмүскө карго империясынан түшкөн каражатты банк жана курьерлер аркылуу кантип ташыганын журналисттерге көрсөткөн.

Абдукадырдын үй-бүлөсү Саймаитинин курьерлерин кантип колдонгонун бул жерден окуңуз

Колдогу маалымат чектелүү болсо да ал курьердик түйүн Кыргызстандын ансыз да алсыз мыйзамдарын одоно бузганын айгинелейт. Бул система тиешелүү мекемелердин, өзгөчө Бажы кызматындагылардын макулдугу менен ишке ашат. Бир нече булактар ырастагандай, алар бул үчүн сый акы алышат.

Саймаитинин айткандары система кандай ишке ашып турганынын чоо-жайын чечмелейт.

Акча топтоочулар

Хусан Керимов акча ташыган ишке аралашып жүрүп дайынсыз жоголгон жалгыз киши эмес. Андан бир жума мурун 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунда табылган.

Абдурахеман Бишкектин “Мадина” базарында иштеген жеринен чыгып кеткен соң эки апта бою дайынсыз болгон. Базардын ээсинин айтканына караганда, ал кездеме саткан чакан контейнер кармаган.

Бирок жалаң эле соода менен алектенчү эмес. Саймаити жана башка булактар Абдурахеман акча ташыган системага аралашканын айтып беришкен. Ал базарда “акча чогултуучу” катары өзгө соодагерлердин тышка которчу каражатын топтоп берчү.

Абдурахеманды көптөн бери жакшы тааныган кишинин сөзүнө караганда, ал базардагы чакан кафеде ашпозчу болуп иштеген. Дин жолунда жүргөндүктөн башкалардын ишенимине татыган.

"Ал кары болчу.. ("кары" - Куранды жаткан билген адам) Куран жана башка китептерди үйүндө топтогон... Муну "кары", "алдабайт" деп, биерде уйгурлар ал иштеген кафедеги сейфке акча жыйнашат".

“Мадина”
“Мадина” базарындагы “Мадина” кафесинин ашпозчусу Хуфур Абдурахеман.

Абдурахемандын таанышы: “Мен Кытайга 50 миң доллар берсем, ал 50 доллар алчу”, - деген.

Абдурахеман “Дордой” базарына баратканда жоголгон.

“Дордой”, “Мадина” же Кара-Суудагы базарлар - Кыргызстандын экономикасынын өзөгү. Дүйнөлүк Банктын 2012-жылдагы эсеби боюнча бул базарларда колдон колго өткөн акча өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн “33% жакынын” түзөт.

Бирок сатылган товардын кенедей гана бөлүгү жергиликтүү тигүүчүлөрдүн колунан чыкпаса, негизинен баары Кытай жана Түркиядан ташылат.

Көпчүлүк соодагерлер үчүн товарга акчаны бирөөдөн берип жиберүү - эң пайдалуу жол. Анткени бул ыкма банк менен акча которгондогу акыдан, “Вестерн Юниондун” кызматынан жана “Акчаны кайдан, кантип таптың?” деген мамлекеттик текшерүүдөн куткарат. Кийим-кече сыяктуу түрдүү товарга аз гана үстөк кошкон соодагерлер үчүн бул чоң үнөм.

Айрымдар товарды өздөрү барып сатып алышат.

Саймаитинин мурдагы курьерлеринин бири, базарда соодагерлик кылган жигит: “Мен жаңы баштаганда Түркияга барып, ал жакта бир жума калчумун”, - деп айтып берди.

Саймаити бул жерде сөз болгон курьер толтурган үч декларацияны берген. Журналисттер андан акча ташуу системасынын чоо-жайын сурашкан. Коопсуздугу үчүн аты аталбаган киши курьер экенин жашырып, өзүн соодагер деп тааныштырган. Анын колу коюлган, жалпы суммасы жети миллион долларлык жети декларация кабарчыларга тийди.

Кийинчерээк акча ташуунун бейрасмий, мыйзамды буйтаган системасы түзүлүп, ал Кыргызстандын базарларындагы ишмердиктин бир бөлүгү болуп калган. Өз булактарыбыз билдиргендей, операторлор шаардагы курьерге жеткирип бериш үчүн акча топтошкон. Кафенин ашпозчусу Абдурахеман ошондой акча топтоочу болгон.

“[Азыр] кимдин акчасы болсо, аны [товар сатып алыш үчүн] курьерлер менен жөнөтөт”, - деген Саймаитинин мурдагы кызматташтарынын бири эми соодагерлер үйүнөн эле “Түркиянын дүкөндөрүнөн товарды “WhatsApp” аркылуу тандап койсо болорун” айтат.

Иликтөө учурунда журналисттер кепке тарткандардын көбү, анын ичинде курьерлер жеке коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык айткысы келген жок.

Акча жалаң АКШ доллары менен чогултулгандан кийин таңгакталып чапталат. Ар бир таңгакта суммасы жана кайсы соодагерге таандык экени жазылат.

Жөнөтүүгө даярдалган нак акчанын таңгагы
Жөнөтүүгө даярдалган нак акчанын таңгагы

Билгендер үчүн аэропортто курьерлердин жүргөнү кадыресе көрүнүш.

“Андай ары-бери каттап, оокат ташыгандар толтура”, - деп сүрөттөйт Саймаитинин мурдагы курьери. “100-150 киши такай каттайт… [аэропортко барсаңар] ким эмне кылып жатканын өзүңөр деле көрсөңөр болот. Адамдар ошентип жашоого акча табышат”.

Курьерлер

Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропорту акча ташыган бизнестин чордонуна айланган. Шаардан барган нак акча түз эле чет өлкөгө жиберилет. Бирок ал каражат Кыргызстандын башка жеринен, маселен түштүктөгү Кара-Суу базарынан топтолуп, “Манас” аэропортуна ички каттам менен келип түшөт. Айрым учурда топтолгон акчаны чет өлкөгө Керимов сыяктуу башка курьер алып чыгат. Башка бир учурда келген курьер аэропортто кийинки учакты күтүп отурат. Алардын бири аэропорттун VIP залында бир нече саат калып, чырым этип, же чай ичип убакыт өткөрөрүн айткан.

Стамбулда журналисттер менен жолуккан маалда Саймаитинин телефону утур-утур шыңгырап, өзүнүн акча ташыган адамдарынын кайда жеткенин, эмне кылып жатканын билип турду. Ал ошол жолугушканда журналисттерге өз курьерлери толтурган декларация кагаздарынын калың тутамын көрсөткөн.

Алардын көбү дагы эле акча ташып жаткандыктан Саймаити журналисттерге ал кагаздарды карап чыгууга көнгөн эмес. Кагаздардын арасынан өзү менен иштешпей калгандардын декларациясын берген эле. Саймаити берген бул документтер 2016, 2018 жана 2019-жылдардын ар кайсы айларында 49 миллион доллар чыгарылганын көрсөтүп, бул система канчалык чоң экенинен кабар берет.

Анын курьерлери бир жолку каттамда орточо бир миллион долларга чукул акча чыгарышкан. Бир жолку сумманын эң көбү 2,9 миллион доллар болгон.

Журналисттер курьерлер алып чыккан 28 миллион доллардын документин кошумча булактардан алышты. Акчанын көбү 2018-жылдын май айында ташылган.

Авиажүргүнчүлөрдү каттоо базасы көрсөткөндөй, беш курьер быйыл январь-март айларында 72 жолу учканы менен алар канча акча алып чыкканы белгисиз.

Чындыгында кыргызстандык көмүскө акча кербени биз билгенден алда канча көп экени талашсыз.

Декларациялардын мисалы - 1

Декларациялардын мисалы - 2

Саймаити берген ар бир декларацияда курьердин аты-жөнү, учкан датасы жана алып бараткан акчанын суммасы көрсөтүлгөн (сумма так же так эмес да болушу мүмкүн). Кабарчылар кепке тарткан курьерлердин бири да расмий органдар акчанын чыныгы суммасын аныктоого аракет кылганын айта алышкан жок.

“Биз каратаман элебиз”

Курьерлердин көпчүлүгү акчаны өз каражаты катары көрсөткөн. Кыргызстандын Юстиция жана Каржы министрликтери алардын бири да ишкердик менен алектенгенин же мынча акчаны кайдан тапканын көрсөтпөйт. Бул Саймаитинин “алар бирөөнүн акчасын ташыган” деген сөзүн ырастайт.

Жанын оозуна тиштеп, ар бир каттаганы үчүн 5000 сомдон, айрымдар 200 долларга чейин табышат.

“Башка иш жок. Өзүбүздө эч нерсе жок, бизнес жок. Биз каратаман элебиз”, - деген курьерлердин бири анын жакындары кантип акча тапканын билбей турганын кошумчалайт. “Эгер билишсе, албетте, санааркашмак”.

“Курьерлерге акчасын бергендер кантип ишенишет?” деген суроо өзүнөн-өзү туулат.

“Кара-Суу кенедей эле”, - дейт курьерлердин бири. “Элдин баары бири-бирин тааныйт… Менин үй-бүлөм бул жерде, үйүмдү билишет. Андан тышкары жээндеримдин дүкөнү чукул эле жерде. Карындашымдын дүкөндөрү бар. Баарыбыз базарда иштейбиз, соода-сатык менен оокат кылабыз”.

Башка бир курьер болсо "Биз Аллага ишенебиз, андай акча арам болуп калат. Бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жооп берип калабыз. Тапканыбыз таза, адал болсо дейбиз" - деп чечмелейт.

Саймаити да “жолдо акча жоголуп кетпейби” дегенге философиялык мамиле кылган. “Эми мындай, “тобокел, Алла" деп жөнөтөт да”, - деп түшүндүргөн.

Бажыдагы коррупция

Саймаитинин айтымында, соодагерлер 10 миң доллар үчүн анын курьерлерине 25 доллар төлөшөт. Миллион доллардан 2500 доллар түшөт.

Бирок анын көбү ар кандай чыгымдарды жабууга кетет. Бир бөлүгү - курьерлердин билетинин баасы жана күч акысы. 10 миң доллар үчүн төлөнгөн акчанын жарымы - 10-12 доллары бажычыларга сый акыга берилет.

Анткени алардын макулдугу менен гана бул система иштеп турат.

Курьерлердин баары эле нак акчаны ачык ташыбайт, демек бажы декларациясын толтурбайт. Сый акы алган бажы кызматкерлери муну көрмөксөнгө салат.

Саймаити бул сүрөттөгү акча шыкалган чемодандарды курьер учакка алып кирерин айтып берген. (Фото: Айеркен Саймаити)
Саймаити бул сүрөттөгү акча шыкалган чемодандарды курьер учакка алып кирерин айтып берген. (Фото: Айеркен Саймаити)

“Баары көз жумат”, - деди бир кезде “Манас” аэропортунун ички иликтөө бөлүмүн жетектеген Исабеков. "Аба майданында акчанын байма-бай, рейстерге жараша өтүп турганын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Тартып алган видеотасмаларыбыз да далил катары турса керек”.

Самат Исабеков (Photo: RFE/RL)
Самат Исабеков (Photo: RFE/RL)

Исабеков өзү кызматта турган учурда курьерлер аэропорт аркылуу жума сайын Үрүмчүгө каттаган учак аркылуу жалпысынан 30-40 миллион долларды көмүскө алып өтүп турушканын айтат.

Полковник белгилегендей, бажы кызматкерлеринин көмөгү болбосо бул система иштемек эмес.

"Аэропортко келгенде сөзсүз жүктү өткөргөндө рентгенден көрүнөт да. Акча экени дароо билинчү. Үрүмчүгө учуп атканда баарын сөзсүз текшеришчү, акча кетерин билишет да. Ошон үчүн акча ташып жүргөн ири ишкерлер өздөрү эле алдын ала чыгып, "баланчасында, баланчанчы рейсте, баланча миллион салам" деп туруп, дароо ар бир миллион долларга 2 миң доллардан беришчү".

Параны бөлүп алышкан.

“[Жөнөтүлгөн] ар бир миллион долларга 2 миң доллар алышат деп уккам”, - деп айткан Исабеков: "Так билем, бажыдагылар 1000 долларын алчу, калганын башкалар бөлүшүп алат эле..."

Анын айтымында, калган миң тиешелүү башка кызматтарга кетет.

Ойрон болгон иликтөө

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки офицери - майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков кабарчыларга айтып бергендей, алар 2018-жылдын аягында “Манас” аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине кезек башчылыкка бекитилишет. Ошондо жогорку жетекчилик аларды кылмыштуу иш-аракеттерге каршы аёсуз күрөшүүгө шыктандырган.

“Ошол күндөн баштап биз “Манас” аэропортунда болуп жаткан ар кандай мыйзамсыз көрүнүштөрдү иликтей баштадык. Көп иштин аркасынан чыктык. Көп ишти токтотконго аракет кылдык. Колдон келген, токтотчу нерселерди токтото алдык”, - деди Осмонбеков.

Майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков "Азаттыкка" маек берип жаткан учуру.
Майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков "Азаттыкка" маек берип жаткан учуру.

“Биз [курьерлер] канча жолу Кыргызстанга кирип, канча жолу Кыргызстандан чыгарын күн сайын карап турчубуз. Жалпысынан айына булар 10-15 жолу кирип чыгышат. Эки күндө бир, үч күндө бир”, - деген эле Камчыбеков.

Алардын айтымында, бир канча айга созулган иликтөөнүн жүрүшүндө нак акча ташыган бир нече курьер аныкталган жана алар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун калкалоосу алдында иштейт деген ишеним жаралган. Маселенин түйүнү офицерлер акча ташыгандарды суракка алууга аракет кылганда анык билинген.

“Булардын болгон бир документи – Райым Матраимов, анын аты эле. Анын атын такай айтып турушкан”, - деп айтып берген Осмонбеков.

Бирок июнь айында кээ бир курьерлердин паспорттору менен бажы декларациясынын сүрөттөрү “Фейсбукка” чыгып, Камчыбеков менен Осмонбеков жаңжалдын чордонунда калган. Аны жарыялаган БеспределKG аккаунту “курьерлер Матраимовдун акчасын ташып жүргөн” деп жазган. “Сенсация” деп башталган постто “Матраимовдун кланы байлыкты тышка ташып жатат” деп айтылат.

Матраимов буга чейинки билдирүүсүндө дооматтарды четке кагып, бирок бул иликтөөгө байланыштуу суроого жооп бере элек.

Эки курьер “алардын жеке маалыматтарын коомчулукка жарыялап жиберди” деп, Камчыбеков менен Осмонбековго каршы Аскер прокуратурасына арыз жазган. Эки офицердин айтымында, ишти караган тергөөчү “сүрөттөрдү жайылтып ийдиңер” деп айыптап, аларга каршы катуу чара көрүүгө жогору жак талап койгонун ишарат кылган.

“Суракка чакырган күндөн баштап эле [тергөөчү] бизди коркутуп, ар кандай нерселерди айта баштады. “Бул иш абдан чатак, өйдө жактан бизге буйрук түшүп жатат”, минтип улам-улам колу менен көргөзүп (ред. эки колунун манжаларын кайчылаштырып, темир тордун белгисин көрсөткөн), “камаласыңар, жигиттер. Бул иш эч кандай бүтпөйт” деп ар кандай коркуткан сөздөрдү айтып жатты”, - деди Осмонбеков.

Камчыбеков да, Осмонбеков да сүрөттөрдү Интернетке жарыялабаганын айтышат. Ал арада кызматтан убактылуу четтетилишкен болчу. Коркутуулардан соң июль айында мекенинен чыгып кетишкен.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Камчыбеков менен Осмонбеков сүрөттөрдүн ачыкка чыгып кетиши боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кызматтан убактылуу бошотулганын ырастады. Бирок анын айтымында, офицерлер кызматка келип турушу керек болчу. Дайынсыз болгондуктан аларга кызмат орундарын таштап кеткен деген негизде айып коюлган. Башкы чек арачы Райымбек Матраимовду тааныбай турганын айтты.

Чек ара кызматы журналисттердин берген соңку суроосуна “иш бизде эмес, Аскер прокуратурасы тергеп жатат” деп жооп берди. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Эмирбек Алиев Камчыбеков менен Осмонбековго байланыштуу суроого жооп берүүдөн караманча баш тартты.

“Анын [биз топтогон маалыматтын] баары бул иштин аягында ачыкка чыгат деген чоң ишенимибиз бар. Кудай буюрса, келечекта баары ачыкка чыгат”, - деп ишенет Осмонбеков.

Таңгакталган акчанын сүрөтү.
Таңгакталган акчанын сүрөтү.

Беткапчан шектүү

Такси айдап жүрүп акча ташууга өткөн Хусан Керимов 22-октябрда аэропортту көздөй бет алганда анын эмне иш менен алектенерин чындап билгендердин тынчсыздануусунда негиз бар болчу.

Андан бир ай мурда өлүмдүн ченгелинен кутулган эле. Бир баштык акчаны көтөрүп үйүнө жеткен кезде куралчан адамдардын карактоосуна кабылган. Саймаитинин айтымында, алар Хусанды бейсбол таягы менен уруп, ок атып, акчаны көтөрө качышкан. Ызы-чуудан улам коңшулары чуркап чыгып, каракчылардын артынан түшкөндө алар акча салынган оор сумканы таштай качкан.

Керимов телефонго жооп бербей койгондон кийин анын бир тууганы баарын жыйыштырып коюп, аны издеп жөнөгөн.

Керимовдун киши колдуу болгону ар кайсы булактардан, анын ичинде Саймаитинин айткандары, коопсуздук камераларындагы видео, милициянын билдирүүлөрү жана атын атоодон чочуган башка курьердин сөзү менен бышыкталган. Керимовдун бир тууганы окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Коопсуздугун камсыз кылыш үчүн анын толук аты-жөнү айтылбайт.

Аэропорттогу машине токтотуучу жайда агасынын “Honda Accord” үлгүсүндөгү унаасын көргөнү менен кооптуу эч нерсе байкалган жок. Аэропорттун ичине кирип сураштырганы менен эч кимден жооп уга алган жок.

Керимовдун бир тууганы милицияга агасы жоголгону тууралуу арыз менен кайрылып, аны издөөнү улантат. Кийинки күнү ага күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кошулат.

Ошол күндүн каргашалуу кечинде милиция кызматкерлери менен Керимовдун токтоп турган машинесине келгенде агасы тирүүлөрдүн арасында жок экенин түшүнөт. Машинанын багажын ачканда бети башы жанчылган, эки колу таңылган сөөктү табышкан.

Аэропорттун коопсуздук камерасынан алынган видеодо Керимов терминалга кирген эмес.

Анын ордуна беткапчан киши аэропортко кирип баратканы көрүнөт. Башка бир камерадан алынган видеодо Оштон келген курьер ак баштык көтөрүп чыгып келатат. Баштыктын колдон колго кантип өткөнү тартылбаганы менен дагы бир видеодо беткапчан жигит көчөгө баштык көтөрүп чыгат. Ал терминалдан чыгаары менен баштыкты көтөрүп алып чуркап кетет.

Керимовдун эмне болгону так белгисиз. Саймаитинин айтымында, акча салынган баштыкты беткапчан киши алган маалда ал тирүү болгон. Анткени Керимов Оштогу анын үнүн тааныгандарга бардыгы пландагандай ишке ашканын телефондон айткан.

“Телефонду кайра алып чыгып, «болду, пулду алдым» деп айттырып, анан өлтүрүп коюп атат да”, - деген Саймаити.

“Башым ооруп чыкты”, - деди ал үнү каргылдана. “Өлбөсө болот эле, төрт баласы бар экен да... Болуптур, ур, пулун алып ал. Бирок өлтүрүп да коебу адамды, пул үчүн?!”

Андан эки ай өтпөй Стамбулдун чок ортосунда Саймаити өзү да киши колдуу болду.

Көмүскө карго империясын түзгөн Абдукадырдын үй-бүлөсү курьерлерди кантип колдонгонун окуу үчүн төмөнкү сүрөттү басыңыз.