Саясий миграция. Партиядан партияга көчкөн депутаттар

Саясий миграция.

Партиядан партияга көчкөн депутаттар

Кыргызстанда депутаттар идея үчүн эмес, жеке максатка жетүүнү көздөп биригишет.
Ошондуктан кээде алар партия алмаштырышат.

Автор: Эдил Байызбеков

Ар бир квадрат өзүнчө бир депутатты, сызык анын чакырылыштан чакырылышка өткөнүн көрсөтөт. Түс - анын кайсы партияда экенин билдирет. Конкреттүү бир депутатты инографиканын соңундагы издөө функциясы менен тапса болот.

Эскертме: III чакырылыш партиялык тизме менен эмес, мажоритардык системада тандалган. Көпчүлүк депутаттар өз алдынча ат салышса, айрымдарын партия көрсөткөн. Андыктан, биз аларды партияга тиешеси бар өңүттө бердик.

“Бир жолу шайлангандар”. 75% депутаттар парламентке бир гана жолу шайланган.

“Көчмөндөр”. Кайра шайланган ар үчүнчү депутат партиясын алмаштырган.

“Туруктуулар”. Болгону 15 депутат парламентке мурда өзү мүчө болгон партия менен кайтып келген.

Кайра шайланган ар үчүнчү депутат бир же бир канча чакырылыш аралыгында тыныгуу жасашкан. Алмазбек Атамбаев, Анвар Артыков жана Закир Шарапов эң көп тыныгуу алышкан.

Парламенттин үчүнчү чакырылышында аялдар болгон эмес. Жогорку Кеңештин тарыхында бир да жолу квота 30% жетпеген.

Депутаттардын 8% үч ирет шайланышкан.

Депутаттардын арасында бардык чакырылышта иштегендери жок. Өмүрбек Текебаев менен Иса Өмүркулов эң көп – 5 жолу шайланышкан.

Оң жактагы партиялардын бирин бассаңыз, анын курамына кирген депутаттарды көрөсүз. Андан тышкары, парламентарийлерди графиканын астында аты-жөнү менен издесеңиз болот.

Код+дизайн: Эдил Байызбеков

Редактура: Улукбек уулу Ырысбек