Тажикстан: күйөө баланын «жоюлду» деген компаниясынын ишмердиги

19-декабрь, 2019-жыл
"Азаттык" радиосу

Тажик президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласына таандык "ФАРОЗ" компаниясы өлкөнүн жарым экономикасын ээлеп турат. Мына ошол үй-бүлөлүк компания бир аз мурдараак расмий түрдө жоюлганын жарыялаган. Ири компания жетекчилиги жоюлушунун себебин «атаандаштыкка туруштук бере албай калгандан улам» деп түшүндүргөн. Бирок «Азаттыктын» тажик кызматы ал компания президенттин үй-бүлөсү менен байланышта экенин, бизнес империя жабылбаганын, тек гана мурунку аталышын жойгонун иликтеп чыкты.

«Фароз» «жабылды»

Алгач бүт тажик экономикасынын жарымын өзүнө каратып алган «Фароз» компаниясы менен тааныштырып өтөлү. «Фароз» - Тажикстандын күйүүчү май рыногундагы негизги оюнчу.

Андан сырткары бир нече медициналык лабораторияга, бажы терминалдарына, тоо лыжа комплексине, авто мектептерге, алтын, көмүр, сымап сыяктуу бир нече кен казуучу ишканаларга ээлик кылат. Бул компаниянын карамагында жалпысынан алтымыштан ашык ири жана чакан ишканалар бар. Негизи эле Тажикстанда «Фароз» компаниясы аралашпаган тармакты табуу кыйын. Мына ушул бизнес империянын кожоюну - кадимки тажик президентинин көздөй күйөө баласы.

«Азаттыктын» тажик кызматынын иликтөөсү мындан үч ай мурун өзүн өзү жойгонун жарыялаган атактуу бизнес холдинг дагы деле иштеп жатканын ачыктады. Мындан үч ай мурда «Фароз» компаниясынын «Тажикстанга күйүүчү майды өндүрүүчүлөр өздөрү алып келет. Демек биз саткан майдын баасы кымбат болуп, атаандаштыкка туруштук бере албай калабыз. Ошондуктан «Фароз» компаниясы жабылды. Өзүнө тиешелүү бүт филиалдары жана мүлктөрү сатыкка коюлду»,- деген расмий жарыясы тажик маалымат каражаттарынын баарынан жаңырган эле.

Тажикстанда президент кайнатасына таянган ишкананын маалымат катчысы Дилорам Рахимова элди беттен алып, "коом биздин эмгекти баалабай жатат" - деп билдирүү жасаган.

«Өлкөнү өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымыбыз үчүн рахматтын ордуна биз сын жана нааразылыкты гана угуп келатабыз. «Фароз» эмнеге аралашса ошол жер гүлдөп, оңолуп жатат. Аны менен эч кимдин иши жок. Эч ким жакшылыкты көргүсү келбейт. «Сафед-дара» базасы кандай өзгөргөнүн көрдүңөр. Ушунун баарын эске албай, кайра-кайра жазып жатышат. Ошого байланыштуу компаниянын жетекчилиги «Фарозду» жабууну чечти», - деген Рахимова.

Бирок «Азаттыктын» колуна тийген документтер үч ай мурун жабылды деген «Фароз» компаниясы жабылбай-нетпей эле иштеп жатканын көрсөттү. Негизи «Фароздун» жабылышы тууралуу жарыя өтө көп суроолорго жана шектенүүлөргө жем таштаган. «Азаттыктын» тажик кызматынын иликтөөсү «Фароз» компаниясы эмес, анын аты гана жоюлганын ачыктады.

«Фароз» бир гана күйүүчү май эмес, дээрлик бардык тармакта ийгиликтүү иштеп келе жаткан. Мисалы: банк, металлургия, кен казуу, автомектептер, лыжа комплекстери, бажы терминалдары. Кыскасы, Тажикстанда бул компания аралашпаган ишкердик тармагын табуунун өзү кыйын иш. 11-декабрда «Азаттыктын» тажик кызматы «Фароз» компаниясынын негиздөөчүсү Шамсулло Сохибовго кат жолдогон. Ал катта бир нече суроолор жазылган эле.

-«Фароз» компаниясы ишмердүүлүгүн чындап эле токтоттубу?

-«Фароз» компаниясы аз чыгаша кетирип, көп киреше таба турган тармактарга гана акча салган деген пикирлердин канчалык чындыгы бар?

-Тажикстандын президенти Рахмон «Фароз» компаниясынын бардык филиалдарынын ачылышына катышканы чынбы?

-«Фароз» жоюлгандан кийин Тажикстан металлургиялык комбинатын ким көзөмөлдөйт? «Фароздун» өзүн өзү жоюусуна эмне себеп болду?

-«Фароз» кимге жана кайсы компанияларга карыз жана ал карыздар мындан ары кандайча төлөнөт?


Бирок компаниянын негиздөөчүсү, президенттин күйөө баласы Шамсулло Сохибовдон бул суроолорго жооп келген жок.


Банкротпу же атын гана өзгөртүүбү?

Ал арада Тажикстандын бирдиктүү мамлекеттик каттоосунда «Фароз» фирмасы мурдагыдай эле президенттин күйөө баласы Шамсулло Сохибовдун атында 0410000058 номуру менен катталып турганын көрсөттү. «Фароз» өзүн өзү жойду деген маалыматтан кийин өлкөдө «Фароз» деген ат менен белгилүү ондогон май куюучу жайлардын жарнактары өзгөргөн. Бирок анда иштегендер май куюучу жайдын атынан башка эч нерсеси өзгөрбөгөнүн айтышат.

«Фароз» жабык акционердик коому өзүн өзү жойгонун расмий жарыялаган учурда өлкөнүн бардык аймактарынан сатыла турган 108 объектисинин тизмесин да жарыялаган. Сатыкка коюлган объектилердин катарында күйүүчү май сактоочу 4 кампа, 19 май куюучу станция, күйүүчү май ташуучу 37 оор машине, 6 автомектеп, 10 техникалык экспертизалык борбор бар.

Бирок «Фароз» компаниясы жабылганын жарыялагандан бир нече күндөн кийин өлкө башчысы Эмомали Рахмон Пенджкент жана Исфарага үч терминал курууга жер бөлүп берген. Ал эми 1-ноябрда №555 токтому менен өкмөт Рудаки районуна жүргүнчүлөр үчүн терминал курууга жер бөлүп берген. Ушул жерден кызык бир суроо туулат. Тажик президенти Эмомали Рахмон кечээ эле өзүн өзү жойгон ишканага жерди кантип ажыратты? Демек, өзүн өзү жойгонун расмий жарыялаган компаниянын документтери расмий түрдө жүргүзүлүп келе жатат. Азыркы тапта «Фароздун» 46 ишканасы мурунку калыбында иш жүргүзүүдө.

«Азаттыктын» «Фароз» компаниясындагы булагы атын жашыруун сактоо шарты менен «Анзоб» металлургиялык комбинатынан өндүрүлгөн сурма Кытайга мурдагыдай эле экспорттолуп жатканын билдирди. Бирок документ боюнча ал сурма кытай өлкөсүнө лабораториялык изилдөө үчүн жөнөтүлөт. Бирок лабораториялык изилдөөгө сурманы тонналап жибериш керекпи? -деген суроо туулат. Мисалы, 2019-жылдын апрелинен бери Тажикстандан Кытайга 60 тоннадан ашык сурма экспорттолгон. Баса Тажикстанда «Фароз» фирмасына таандык комбинат гана сурманы экспорттоого лицензия алган. Дал ушул комбинаттын өзүндө сурманын абалын жана сапатын аныктоочу лаборатория да бар.

Тажикстанда бардык мекеме ишканалар, уюмдар жана компаниялар өлкөнүн салык кызматында катталышат. «Фароз» жабык акционердик коому юридикалык жактардын бирдиктүү реестринде 0410000058 номуру менен катталган. Ал каттоодо «Фароз» компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну Сохибов Шамсулло Махмадуллоевич деп турат. Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) маалыматына караганда, Сохибов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы болот. Мына ошол күйөө бала башкарган компания учурда жоюлган же жоюлуп жаткан компаниялардын тизмесинде жок. Кадимкидей эле иштеп жаткан компаниялардын катарында турат.

«Азаттык» «Фароз» жабык акционердик коомунун Дүйшөмбү шаарында жайгашкан башкы кеңсесине бир нече суроолор жазылган катты таштаган. Бирок ал катка жооп болгон эмес. Октябрь айында «Азаттыктын» тажик кызматынын Дүйшөмбүдөгү кеңсесине «Фароз» компаниясынын өкүлүмүн деп, Азамат Касимов аттуу жаран келген. Ал «Фароз» компаниясы жоюлганын, ошондон улам бардык суроолорго жооп бере албастыгын, өзү ошол «Фароздун» карамагындагы компаниялардын биринде эмгектенерин айтып кеткен. Бирок дал ошол Азамат Косимов «Фароздун» аткаруучу директору катары катталган.

Тажикстандын салык кызматынын төрагасы Нусратулло Давлатзода 31-октябрда «Азаттыктын» суроосуна «Фароз» компаниясы өзүн өзү жоюу боюнча кайрылган эмес. Болгону компанияны жоюу ниети бар экенин билдирген. «Эгерде компания өзүн өзү жоюу тууралуу арыз берсе аны карап көрүүгө даярмын», - деген жообун кат түрүндө берген.

«Фароз» өзүн өзү жойгонун жарыялагандан кийин Тажикстандын Улуттук банкы өзүнүн расмий сайтында ага таандык «Сугуртаи аввалини милли» аттуу камсыздандыруу компаниясынын кожоюнун Файзулла Ширинов деп өзгөрткөн. Бирок буга чейин айткандай, салык кызматында "Фароздун" кожоюну өзгөрүүсүз турат.

А Файзулла Ширинов болсо президенттин күйөө баласы Шамсулло Сохибовдун бир тууган тайкеси болот. Ал мурдараак «Ману фирм» аттуу компанияны башкарып келген. Бул фирма Хатлон облусунда чөптөн дары жасап сатуу менен алектенет. Дары сатуудан бул фирма жылына 10 млн доллар пайда көрүп турган. «Фароз» жабык акционердик коомунун «Фейсбуктагы» баракчасындагы маалыматта «Ману фирм» өзүнүн эле филиалы экени жазылып турат.

Акыркы жылдарда «Фарозду» «ийгилик» такай коштоп келатат. Маселен, 2014-жылы Дүйшөмбү шаарында «Пайтахт-90» аттуу базардын курулушуна казынадан 40 млн доллар бөлүнгөн. Компания «Шохмансур» аттуу эски базарды сүрдүрүп, жаңы базарды ошонун ордуна курган. Кийинчерек жаңы базардын аты өзгөртүлүп, «Мехргон» деп аталып калды. А бул жаңы курулган базарга кайра эле президенттин күйөө баласына караштуу «Фароз» компаниясы ээ болуп калды. Буга чейин Дүйшөмбү шаарындагы «Вефа» соода борбору менен «Авто Лото» компаниялары да түшүнүксүз жол менен «Фароздун» карамагына өтүп кеткен эле.

«Тажикстан коммерциялык банкы» 2002-жылы Музаффар Жумаев тарабынан чакан кредиттик уюм катары ачылган болчу. Бул чакан мекеменин аты Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү келип мактап, айыл чарба кредиттерин ушул банк аркылуу берерин билдиришкенден кийин элге кеңири таанылды. 2015-жылы Тажикстандын Улуттук банкы чакан кредиттик компанияларга карата талаптарына өзгөртүү киргизген. Натыйжада эски кожоюну бул чакан кредиттик уюмун «Фароз» компаниясына сатууга аргасыз болгон.

«Фароз» компаниясынын атагы жана таасири Тажикстанда адамдардын үшүн алган деңгээлге жеткен. Мисалы, бир ишкер 2016-жылы «Фароз» компаниясынын өкүлүмүн деп тааныштырып, «Хавотог» аттуу эс алуучу жайдын кожоюну болуп калган. Кийинчерек ал «Фароздо» иштегенин танып кеткен.

«Фароз» компаниясы дайыма мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланып турган. Ошол эле учурда өлкөдөгү эң аз чыгым жумшап, көп пайда көрө турган лаборатория, айдоочулук күбөлүк берүү сыяктуу тармактарды мыкчып келген.

«Фароз» ири компания катары маал-маалы менен мамлекеттик программаларга колкабыш кылып келатканын да айта кетпесе болбойт. Маселен, компания «Гиссар» тоокен комбинатын курууга 20 млн доллар, «Сафед-дара» деп аталган спорттук-туристтик комплексти оңдоого 10 млн доллар бөлгөн. Бирок мамлекет ал жылдары «Фарозду» салыктардан бошоткон. Базар баасы 5 миллион доллардан кем эмес турган «Сафед-дара» спорттук-туристтик комплекс акырында «Фароз» компаниясына болгону $200 миң долларга сатылып кеткен.

“Сафеддара”
“Сафеддара”

«Фароз» кантип бутка турган?

Негизи «Фароз» компаниясы НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө күйүүчү май ташып турган жылдары байыган. Ал кезде компанияны Умарали Кувватов жетектеп турган. «Фароз» компаниясынын азыркы жетекчилери Умарали Кувватов бул компанияда эч качан иштеген эмес деп жүрүшөт. Бирок 2011-жылдары Орусиянын маалымат каражаттары Умарали Кувватовду «Фароздун» жетекчиси деп жазышкан. Кувватов бийликтин басымынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Москвада туруп, тажик саясатына таасир этүүгө аракет кылып көргөн. Тажикстандагы президенттик шайлоого өз талапкерин койорун жар салган. Ошондон көп өтпөй Умарали Кувватов 2015-жылы Түркиянын Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн.

Эксперттер болсо «Фароз» материалдык жактан эмес, моралдык жактан банкрот болгонун айтышат. Компания жоюлду деп маалымат таратып, атын алмаштыруу аракети элге өтө таанымал болуп калган компанияны кайра көмүскөгө түртүү аракети катары бааланууда.

Көрсө, жогоруда белгиленгендей, «Фароз» компаниясы эмес, компаниянын «Фароз» деген аты гана жоюлган экен. Адатта Тажикстанда бардык мекеме ишканалар, уюмдар жана компаниялар өлкөнүн салык кызматына катталышат. «Фароз» жабык акционердик коому юридикалык жактардын бирдиктүү реестринде 0410000058 номуру менен катталган. Ал каттоодо «Фароз» компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну Шамсулло Сохибов деп турат. А Сохибов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы болот. Мына ошол күйөө бала башкарган компания учурда жоюлган же жоюлуп жаткан компаниялардын тизмесинде эмес, кадимки эле иштеп жаткан компаниялардын катарында турат.