28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өтүп, добуш бергендердин активдүүлүгү төмөн болду. Бул жолку кайра шайлоо парламенттеги эл өкүлдөрү мандаттан баш тарткандан кийин өттү. Бийликтин башкы сынчысы саналган Адахан Мадумаров мандатынан ажырады.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов жана анын үч бир тууганы Бакудан жеткирилип, камакка алынды. Кыргыз бийлиги “мафия” деп атаган күрөштүн жыйынтыгы кандай болот?
Жогорку Кеңеш "Чет элдик өкүл” деп таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алынды. Мыйзам күчүнө кирсе бейөкмөт уюмдарга бир топ талаптар катаалданып, жарандык коомго сокку болот деген чочулоо бар. Жарандык коом, эл аралык коомчулук тынчыздануусун билдирүүдө.
Кызыл-Омпол кенин бийлик толугу менен мамлекет иштетерин, ага жакын жайгашкан аймактарда өнүгүү болоруна убада берди. Жергиликтүү тургундар болсо экология маселесинен чочулашат. Мындан беш жыл мурун нааразылык чыккан Кызыл-Омполду иштетүү маселелеси бул жолу кандай өнүгүүдө?