дүйшөмбү, март 02, 2015 Бишкек убакыты: 09:27

Миң кырдуу дүйнө

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Голландиялыктардын тынчын алган үкүi
X
28.02.2015
Эчки же кой жылы жаңырганы кытайлар салт боюнча фэншуйга кайрылышууда. Нью-Йорктун ботаникалык багында Орхидеялардын көзгөзмөсү өтүүдө.

Дүйнөнүн ар кыл тарабында жашаган мекендештер турмушунан кабар алыңыз



Ыңгайсыз суроолор

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Депутат “багуу” оңой эмес (1)i
X
23.02.2015
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында депутаттарга кеткен жалпы чыгымдар иликтөөгө алынды. Жыл сайын элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды эл өкүлдөрү актап жатабы?

"Азаттык"+

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
"Менин баяным": каармандар жана авторлор (1)i
|| 0:00:00
...  
🔇
X
25.02.2015
"Азаттык" үналгысы “Менин баяным” аттуу видео сынак жарыялаган. Сынакка өлкөнүн бардык дубандарынан чыныгы, ошол эле маалда кызыктуу турмушту чагылдырган видео тасмалар келип түштү. "Азаттык +" жаштар берүүсү ошол тасмалардын мыктыларын жалпы көрүүчүлөргө алып чыкты.

Биздин тарых

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
  • Сарман Курманалиев (оңдо) 1920-жылы 15-апрелде азыркы Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында туулган. Ал 1937-жылы Кызыл-Туу айылындагы толук эмес мектепти аяктаган. Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Педагогикалык техникумда тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.  
    Курманалиев 1940-жылы 20 жашында  аскерге чакырылганга чейин колхоздо иштеген. Аскердик милдетин алгач Ыраакы Чыгышта өтөп, ал жерде 1941-жылдын июнь айына чейин болот. 1941-жылы 22-июнда согуш башталганда кан майданга аттанган Сарман Курманалиев 50-артиллериялык полктун катарында кызмат кылган. 
  • 1945-жылы 9-майда Ата Мекендик согуш аяктайт. Бирок ошол эле жылы 9-августта  япон согушу башталып, Курманалиев ал согушка жиберилген. Япон согушунда Мудассан, Хардин, Дайрен, Порт Артур жана башка шаарларды бошотууга катышып, 1946-жылы декабрда, алты жыл дегенде үйүнө кайтып келген. 
  • Сарман Курманалиев 1947-жылы үйлөнгөн. Сүрөттө жубайы Зуура Кадыркулова экөө баш кошкон учур. Ал учётчик, дүкөнчү, гидротехник болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Бир катар орден-медалдар менен сыйланган Сарман ата 2005-жылы 85 жаш курагында каза болгон. Жубайы Зуура Кадыркулова өмүр бою мектепте мугалим, директор болуп иштеп, пенсияга чыккан. Алар тогуз баланы тарбиялап чоңойткон. (Сарман Курманалиевдин сүрөттөрү жеке үй-бүлөлүк архивден алынды)
  • Акын жана Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон. Ал азыр Бишкек шаарында жашайт. Согуш жылдарында түшкөн сүрөт.
  • Сооронбай Жусуев согуш жылдары
  • Сооронбай Жусуев согуштан кайтып келип, 1946–1947-жылдары Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары  Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951–1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган. Сүрөт 1949-жылы тартылган. 
  • Сооронбай Жусуевдин «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген согушта жүрүп жазган ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. 1949-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Сүрөттө акын Кыргызстан жазуучуларынын биринчи кеңешмесинде. Сүрөт 1947-жылы тартылган. ​(Сооронбай Жусуевдин сүрөттөрү анын жеке архивинен алынды)  
  • Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Фронттогу жоокерлерге концерт коюп барган Кыргыздрама театрдын артисттери: Исмаилова, Эралиева,  Алиева. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Согуш мезгилиндеги Бишкектеги госпиталдардын бири. Согуш жылдарында Кыргызстанда 25 аскер госпиталы болгон. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Кыргызстандан барган делегациянын атынан сүйлөп жаткан Күлүйпа Кондучалова. Ленинград. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Согуш мезгилиндеги ооруктагы турмуш. Кыргызстандын ар улуттан турган эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 миллион сом акча, 946 миллион сомдук облигация ж-а 59 кг. күмүш жыйнап беришкен. Эгин, эт, май, жүн берип турушкан. Согуш жылдары республиканын калкы 1 миллиард 47 миллион сомго облигация, 156 миллион сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга 196 вагон белек жиберилген. 
  • 1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урмамбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесип салышкан. Урмамбетов кыргыз коомчулугуна акын катары да белгилүү. 75 жашында ыр жазып баштаган ардагер бир канча китептин автору. ​Учурда ал Бишкек шаарында жашайт. (Жеке архивдеги сүрөт)
     
  • Кан майданга барууну суранган ыктыярчылардын каты. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Асек Урмамбетов (биринчи катарда оңдо) Украинадагы госпиталда. 1943-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
  • Асек Урмамбетов согуштан келгенден кийин Жети-Өгүз районунда бухгалтер болуп иштеп тургандагы сүрөтү. 1948-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)
  • Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков. 1944-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Согуш жылдарындагы гезитке чыккан кайрылуулар. ​ ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Кыргызстандык жоокерлердин танкисттер колоннасы. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
  • Согуштан кайткан жоокерлерди тосуп алуу. Фрунзедеги темир жол бекети. 1945-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Онлайн шерине