Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Сирияда согушка катышкан деп шек саналган кыргызстандык Түркиядан кармалды


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын 58 жаштагы жараны Сирияда согушка катышкан деген шек менен 4-майда Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ага чет жакта согушттук аракеттерге катышкан, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөн, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козуткан деген айып коюлууда.

Шектүү 2015-жылдын ноябрь айында Сирияда “Жабхат-Ан-Нусра” эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышканы аныкталган. Ал соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызматтын 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы февраль айында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден эки жылда Кыргызстандын 432 жараны алынып келгенин кабарлаган. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG