Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Махабат Тажибек кызынын абакта сабалды делген сүрөтү жарыяланды


Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.
Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, жубайы Махабат Тажибек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынгандан кийин тартылган деген сүрөттөрдү жарыялады.

6-апрелде Болот Темиров Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты четке каккан. Мекеме 5-апрелде Махабат Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар каршы чыгып, ошол учурда Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен ары-бери тартышып кетишкенин кабарлаган.

Мекеме Болот Темиров жарыялаган акыркы сүрөттөр боюнча комментарий бере элек.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин “Temirov Live” редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Мындан тышкары, 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, камакка алынган 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG