Калкынын дээрлик үчтөн экиси элетте жашаган Кыргызстанда акыркы жылдары шаарлашуу агымы күчөдү.
Борбордук Европада жайгашкан Польшанын парламентинде кыргызстандык Максат Тургуналиев алты жылдан бери эмгектенет. Ал иштешкен сенатор Ян Филипп Либицкий былтыр күзүндө төртүнчү жолу Сенатка мүчө болуп келди.
Жаз жана жайдын башы Кыргызстандын ар кайсы аймагында эл жайлоого көчүп жаткан маал болот. Жайлоого көчүү - бул бир жагы төрт түлүк мал менен тиричилик кылган элеттиктер үчүн муктаждык, экинчи жагы көчмөн элдин маданиятындагы табиятка мамиленин көрүнүшү.
Бишкектен 20 чакырымдай жайгашкан Кант шаары ири ишканалары, футболдук инфраструктурасы жана жүздөгөн чет жерлик студенттер билим алган медициналык окуу жайы жана Орусиянын авибазасы жайгашканы менен белгилүү. “Данисте” жүз жылдык тарыхы бар Кант тууралуу баяндайт.