Мыкты устатыбыз Жаныбек Жакыпбек уулу Кожобек небереси (25.5.1946–04.8.2026) баш оона айынын алгачкы шейшембисинде дүйнө салды. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Тажик акыны Сиявуш Жунайдинин 33 жылдык өмүрү чет элде өткөн. Украинада, Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда жашаган акын кийин Кыргызстандан орун-очок алган. Өзүнүн айтымында, туулган жерден кетүүгө Советтер Союзу ыдырагандан кийинки мекениндеги оор жагдай түрткү болуптур.
1920-жылдардын соңунда совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, шарты катаал аймактарга сүргүнгө айдаган. Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат.
Кыргызстанда биздин замандын II–III кылымына таандык байыркы музыкалык аспапты калыбына келтиришти. Аркайык деп аталган арфага окшош аспап мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү коргондордун биринен табылган.
Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.
Кыргызстанда биздин замандын II–III кылымына таандык байыркы музыкалык аспапты калыбына келтиришти. Аркайык деп аталган арфага окшош аспап мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү коргондордун биринен табылган. Археологдордун белгилешинче, аркайык көчмөндөрдүн мурасы, буга чейин 1947-жылы Алтайда табылган.
Оштогу Жаңы-Маала айылында акыркы жылдары өзгөрүү арбын. Айыл тургундарынын көбү муниципалдык ишканаларга ишке кирип, жаштары билим алып, ар кыл кесиптин ээси болууга умтулууда. «Данисте» лөлү тектүүлөрдүн бүгүнкү жашоо-турмушу тууралуу баяндайт.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы, илимдин доктору, профессор Анварбек Мокеев тарыхый булактардын изилдениши же булак таануу тууралуу сөз кылды. Ал соңку убакта тарыхый булактарга негизделбеген бурмаланган тарых көп жазылып жатканын сынга алды.
Немис драматургу Бертольт Брехттин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулуп, сахнада коюлуп жүрөт. Жакында эле "Учур" театры "Өлөрман эне жана анын балдары" пьесасын көрүүчүлөргө тартуулады. "Тандалма аңгемелер" берүүбүздө автордун "Жолу жок кемпир" чыгармасы тууралуу кеп кылабыз.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу , Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов тууралуу, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу, Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Дагы жүктөңүз