Эски чемодан, саргайган "Ала Тоо" жана Брехт
Брехттин чыгармалары менен биринчи жолу мектепте окуп жүргөндө таанышкам. Ал убак 90-жылдардын орто чени эле. Жарык тийбеген күңүрт кампада жаткан атамдын эски чемоданынан "Ала Тоо" журналын таап алдым. Барактап отуруп, "Жолу жок кемпир" деген аңгемеге көзүм түштү.
Ачыгын айтсам, чыгарма мага “Жамийладай” эле катуу таасир эткен. Ошол кезде күйөөсүн таштай качкан келинди жаман көргөндөрдүн бири мен болсом керек. Брехттин каарманы дагы жаккан эмес, биздин чоң апаларыбыз анын жанында периштедей көрүнгөн. Азыр ойлосом, эки чыгарманы тең түшүнүүгө билим, турмуштук тажрыйба жетишпеген экен.
Андан бери далай суу акты. Көп нерселер убакыт чаңында калды. Атам салган үй азыр жок. Сары майдай сакталып турган гезит-журналдын көбү эски кампа бузулганда жоголуптур.
Соңку кезде Бертольт Брехттин бала кезде таанышкан ошол аңгемесин көп эстечү болдум. Балким түйшүгү жок, мемирген кампада китеп окуган жылдарымды сагындымбы, айтор аңгеме менен эне тилимде кайра бир таанышкым келди.
Апрелдин соңунда чыгынып борбордук китепканага барып издеп көрдүм. “Ала Тоо” журналынын союз маалында чыккан ошол санын таба албадым. Бирок Брехттин бир катар чыгармалары Омор Султановдун 2017-жылы жарык көргөн жети томдугуна киргенин көрдүм. Бир чети бул мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени ушу кезге чейин аңгемени Аман Токтогулов которсо керек деп ойлоп жүргөм.
"Апабыздын жоругу жолдо калсын"
“Жолу жок кемпирди” Бертольт Брехт неберенин баяндоосу менен жазган. Анда 72 жаштагы аялдын жесир калгандан кийинки жашоосу кеп болот.
Чоң эне убагында жети бала төрөп, бешөөнү аман-эсен чоңойтот. Эки кызы Америкага барып жайланышса, эки уулу дагы башка жактан орун табышат. Ден соолугу начарыраак кенже уулу гана шаарда калып, китеп басуу кесибине ээ болот жана кирешесине чак келбеген үй-бүлө күтөт.
Чоң эне абышкасы өлгөндөн андан калган чакан басмакананы сатып жиберет да, уул-кыздарынын үстүнө көчүп баруудан баш тартат. Балдары энесине жалгыздык жарабаган жорук экенин жаза берип жадашканда айына бир акча жөнөтүшүп, жайына коюшат.
Бир туугандардын эң кенжеси атасынын үйүнө көчүп барып, кам көрөйүн десе энеси жолотпой коюптур.
“Кыязы, басмаканачы аңгырап бош турган, кеңири үйгө аны киргизбей койгону үчүн чоң энеме таарынып калган болсо керек. Ал болсо төрт баласы менен үч бөлмөлүү үйдө тыгылышып жашачу. Бирок кемпир аны менен эч кандай катнаш жасачу эмес. Ар жекшембиде балдарын чакырып, болгону бир чыныдан кофе берчү”, - дейт небере.
Чоң эненин баскан-турганы шаарда дуу болгон сайын кенже уулу жер карап, ал тургай кыжыры кайнай баштайт. “Киного барып жүрөт” деп ачууланат ал бир катында.
"Отуз жыл мурда кино азыркыдан асман-жердей айырмаланчу. Кинолор тар, кирүүгө жараксыз, эскилиги жеткен сарай тамдарда көрсөтүлчү: көзгө урунттуу плакаттарда киши өлтүрүүлөрдү жана кызганычтын айынан чыккан трагедияларды тартып коюшчу. Чындыгын айтканда андай жерге өспүрүмдөр жана караңгыраак жер издеген сүйүшкөн түгөйлөр гана баш багыша турган. Ал жерде жалгыз-жарым картайган аялдын отурушу, албетте көзгө урунбай койчу эмес. Киного кирүү арзан тамак жеп алаксыгандай, болбогон нерсеге акча коротуу деген сөз эле. Ал эми акчаны талаага коротуу – анча деле жакшы жорук эмес”.
Чоң эне муну менен эле тим болбой кадыр-барктуу байбичелер менен кофе ичкенден баш тартат. Анын ордуна ичкиликке жакын өтүкчүнүн күркөсүнө көп каттай баштайт.
Басмаканачы “Биздин жолу каткан энебиздин жоругу” деп башталган каттарынын биринде өтүкчүнүн күркөсүнө бекерпоздор чогуларын, энеси ал жерде кызыл шарап уурттап, башкаларга күчтүүрөөк ичимдик алып бергенин жазат.
Чоң ата каза тапкандан жарым жыл өткөндөн кийин чоң эненин күн сайын ресторандан тамактанып жүргөнү белгилүү болот. Бул алыстагы балдары үчүн күтүлбөгөн жаңылык эле. Өмүр бою ашканадан чыкпай, казандын түбүндөгү тамакка алымсынган аялдын эми минтип акчаны талаага чачканы эмнеси?
Баланын атасы ушул кабардан кийин иш сапарга чыкканда энесине кайрыла кетүүнү чечет.
Чоң эне уулу алыстан келгенине маңдайы жарыла кубанбаптыр деле, астына вино коюп, сөз арасында неберелерин сурамыш этиптир.
Алтургай уулунун “атамдын мүрзөсүнө чогуу барып келели” деген сунушунан баш тартыптыр, “Өзүң бара бер, он биринчи катардын үчүнчүсү, менин зарыл иштерим бар” деп койгон экен. Баланын атасы мурда мейманканага түнөсө таарынган чоң эне бул жолу ооз учунан “үйгө конуп кет” деп айтканга жарабаптыр.
Байбиче ресторанда тамактанып жүргөндө ашканада иштеген жарымжан кызга боор тартып, ага кам көрө баштаптыр. Кайда барбасын ээрчитип, кызыл роза тагылган шляпа дагы сатып бериптир. Бир жолу чоң араба жалдап, аны менен коңшулаш шаарга саякаттап келиптир.
Басмаканачы катында кызы Аннага сый көйнөк алып бере албай кыйналып жатканын, энеси аны көрүп туруп башкаларга берешен болгонуна күйбөгөн жери күл болгонун жашырбаптыр.
“Чын-чынына келгенде чоң энем ошол жылдары чачылып деле жашабаптыр. Мейманканадан тамак ичпей калган күндөрү жумуртка кууруп, кичине кофе кайнатып ичип, жакшы көргөн печенийлеринен анча-мынча жеп жүрөт. Арзан кызыл вино сатып алып, тамактын алдында кичинекей стакан менен бирди алып, үйдү таза кармаптыр. Бирок балдарына билгизбей карызга акча алган экен. Ал акчаны эмне кылганы белгисиз. Балким өтүкчүгө бергендир? Чоң энем өлгөндөн кийин ал киши башка шаарга көчүп кетип, өтүк ултара турган ишкана сатып алыптыр деп айтып жүрүштү”, - дейт небере андан ары.
Чоң эне аны менен тим калбай эрте туруп, ээн көчөдө сейилдеген адат тааптыр. Ошондой күндөрдүн биринде попту кездештирип калган экен аны дагы киного чакыра коюп коңшуларына сөз болуптур.
Ошентип эки жыл каалагандай жашаган байбиче күзүндө, терезенин түбүндө отурганда капыстан каза табат. Киного барууга камынып, “эскара кызды” чакырган экен, анысы үзүлүп кеткенде жанында туруптур.
Небере ошентип жетимиш төрттөгү чоң энесинин табытта жатканда тартылган сүрөтүн гана көрөт. “Апабыз эки жашоону жашаптыр, бири түйшүктүү, жетимиш жылга созулса, экинчиси кыска, бирок эркиндик берген эки жыл болуптур”, - деп сөзүн жыйынтыктайт ал.
Эркиндиктин куну кымбат
Бертольт Брехттин 1939-жылы немисче Die unwürdige Greisin деген аталышта жарык көргөн бул аңгемеси менен Чыңгыз Айтматовдун 1958-жылы жазылган “Жамийла” повести кайсы бир деңгээлде үндөшүп кетет.
Бирок Айтматовдун “Жамийласы” жаш эле, белгисиздикке кадам таштаганда алдыда далай жылдары күтүп жаткан. Брехт жазган байбичеде көкүрөктү керип, өзү каалагандай жашаганга убакыт тар болчу.
Чыгарма өзгөрбөйт, бирок окурман өзгөрөт тура. Бала кезде бул эки чыгармага эркиндиктин өзүн эмес, анын жыйынтыгын көргөнүм үчүн ачууланган экем. Көрсө ал кезде мага салт, жоопкерчилик, башкалардын пикири маанилүү болуптур.
Кырдаалга адамгерчиликтин кырынан карай баштаган куракка жеткенде салт, милдет жана чийинден чыгарбаган жоопкерчилик адамды дайыма эле бактылуу кылбасын түшүндүм.
Жашоодо өмүр бою жакшы кыз, жакшы жубай, жакшы апа болууга тырышып, өзүнүн тандоосу болбогон, каалоосун, кыял-максатын четке жылдырган аялдар көп кездешет. Алар ата-энесинин, бир туугандарынын, күйөөсүнүн, балдарынын жүгүн кошо тартышат. Бирок алардын өзүн курмандыкка чалганы көп учурда бааланбайт.
Бул жагынан алганда Брехттин чоң энеси эрдик кылып, эки жыл болсо дагы өзү каалагандай жашаптыр. Эркиндик үчүн кээде айрым көз караштарга, ушак-айыңга, "мындай болушуң керек" деген талаптарга кол шилтөөгө туура келет. Айтматовдун “Жамийласы” коомдун аялзатын тушаган чынжырын эрте үзсө, Брехттин байбичеси улгайганда үзүп, азыноолак өмүрүн өзүнө кайтарган эрки менен таң калтырат.
Шерине