Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

"Жамийла" же аялдын сүйүүгө акысы бар


"Мен билген Айтматов" сынагына Кайрат Искендеровдон келген блогду сунуштайбыз.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинде адамзаттын жашоосундагы глобалдык маселелердин бири болгон сүйүү жөнүндө баяндалат. Бул үй-бүлө куруудагы эркин тандоо жөнүндө, адам бул жашоодо өз эркин багындыруу менен турмуш куруусу керектигин, сүйүү менен гана бактылуу боло ала турганын көрсөткөн чыгарма.

Жамийла Мекенди коргоо үчүн согушка кеткен Садыктын аялы. Чынында жаңы эле турмуш курган жаш келин күйөөсү эл-жерин коргоп согушта жүрсө, ал башка бирөөнү сүйүп, аны менен жетелешип кеткендиги, бир айылды дүң кылып, мындайды түк укпаган элди таң калтырган окуя эле. Бул окуя бир эле негизги суроону кабыргасынан коёт: - Кимде күнөө? Баш көргөн, күйөөсүн таштап кеткен Жамийладабы же... Мүмкүн күнөө турмушу эми башталган, никелүү аялды азгырып, бул үй-бүлөнү бузган Даниярдабы?

Жок. Маселенин баары бул повестте башкы каарман Жамийланын: "Кереги жок түштөн кийинки сүйүүсү, өзүнө буюрсун" деп чекит коюп, күйөөсүнөн кетүүгө чечкиндүү барып, чыныгы сүйүүсүн тапканында. Келин: “Садык мени жөн эле базардан убактылуу колдонгону сатып алган буюмдай көрүп, кыз куумайдан жетпей калып ызасына чыдабай алып качып кетүүсү, чын көңүлдөн таза сүйбөгөндүгү эмей эмне?”- деп түшүндүрөт.

Жамийла Садык ала качып келгенде ага мүмкүн көңүлү келбегендир, макул эместигин билдирип, каршылык көрсөтсө да, анын ою эч кимди кызыктырбай, салтка ылайык “таш түшкөн жеринде оор” деген карылардын сөзү менен, балким бара-бара сүйүү сезимим ойгонуп кетээр деген таризде отуруп калгандыр.

Социалисттик замандын светтик мыйзамдары менен жашап, бирок эски феодалдык калдыктагы каада-салттардан дагы деле арыла элек, тоо койнундагы бир айылда түшкө кирбес, ал мезгилдеги жашоого шайкеш эмес, салттык форматка туура келбеген катастрофа болду. Бул кыйроонун күнөөкөрү так ушул Жамийла эле.

Анын бөтөн бир эркектин этегин кармап кете бергендиги, ошол доордогу кыргыздардын жазылбаган мыйзамына, салттык жөрөлгөсүнө, таптакыр туура келбейт. Келбеген менен Жамийла жаза баскан жок, ал махабат жолун, жүрөк сырын тандады. Өз никесиндеги күйөөсүн чанып, Даниярга жүзүн буруп, денесин уруп: «Мына, мен өзүм келдим!»-деп, агынан жарылган келин эмне үчүн күнөөлүү болушу керек? Салт доминанттуу болуш керекпи же аялдын аруу сезими роль ойнойбу?

Жамийла бир келген өмүрдү татыктуу жашоо, таза сүйүү менен өткөрүү керектигин, бактылуулук, махабат эшиги эки жүрөктүн ритминде бирдей кагылуусунда ачыларын далидегиси келген. Укукту тепселеген салт- санаага караманча каршы туруп, таалайлуу болушка акысы бар күлгүн жаштыктын башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир деңгээлде “тебелениши”, кор болушу акылга сыйбаган жорук деген.

Мына, ушулардын баарын Жамийла билди жана ал өз максатына жетти. Максатка жеткиче келин канча түйшүк тартпады. Күндөн-күнгө суз тартып, ою бир жерде болбой, кыйналып, жан дүйнөсү жабыркап жүрдү. Даниярга жолуккандан тарта анын жүрөгүн акактай таза сүйүү ээледи, эркелөөгө, сүйүүгө, келечек жөнүндө кам көрүүгө адам бар экенине толук ишенди.

Повестте Жамийланын согушта жүргөн күйөөсү Садык жазган каттарда, аялы жөнүндө каттын эң акырында гана кыска сурап-сурамыш этип коёт. Бул жерде Жамийла анын сүйүүсүнө ишенбеген.

Ошондуктан ушул кадамга ал чечкиндүү барган деп айтууга болот. Садыктан келген катты окуурда анын жүрөгү дүкүлдөп, эки бети күйүп чыгат. Кат окулуп бүткөн соң, тылда калган жаш аялын көңүлкош сурамыш этип койгону аны улутунтуп, көңүлүн чөгөрө коёт. Мындан келди Садык Жамийланын теңи эмес. “Садык мени сүйбөйт, менин кадырыма жетпейт” деп биротоло жыйынтыктайт.

Жамийланы сүйбөстүгүн ал качып кеткенде: «Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороёт да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей...» деген менменсинген сөздөрүнөн эле байкаса болот.

Бирок сыртынан байкатпаганы менен Садык сүйүү намысы эмес, эл сөзүнө, айыл ушагына намыстанды. Садык чын сүйүп алган болгондо башкача болор беле? Анысынан да :”Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей...Алтын баштуу катындан бака баштуу эр артык..» - мына ушул кепти айтмак эмес.

Согуш талаасында Садык Ата Мекен үчүн төшүн тоссо тосот, бирок өз сүйүүсү, махабат үчүн төшүн тосо албайт!

А, Даниярчы? Деги эле Данияр Жамийланы сүйөбү? Анын сүйүүсү ушул айылда эле экенине толук ишенип бул сөздөрдү айткан: “Көрсө менин сүйгөнүм туулган жеримде тура! Көрсө, ал сен экенсиң, Жамийлам, кызыл гүлүм! “- деп. Анын Жамийланы канчадан бери көз албай тиктеп, баам салып жүрүшү, оюндан утулуп, эркектердин бетинен өпкөндөгү учурларында ичинен кыжырданып, аларды жеп жиберчүдөй болгону анын сүйүү кызганычы болгон. Демек ал сүйөт.

Даниярга башка кыздар деле табылмак, бирок аны тагдыр сүйүүсү Жамийлага жолуктурду. Ал экөөнүн жылдызы бир экенин түшүнүп, ак сүйүүсүн – Жамийла гана деп билди жана ага биротоло арнады.

Кыргызда “Үй-бүлө бузган - шаар бузган менен барабар” дейт. Данияр болсо тескерисинче бузулуп калган шаарды оңдогонго себепкер болуп, ага бел байлады. Жамийланын жабыркаган жан дүйнөсүн тазартканга аттанды. Эркелете, сүйө албаган күйөөдөн өзүнүн мээрими, чыныгы жүрөк оту, оптимисттик көз карашы менен ал өзүнүн алда канча күчтүүлүгүн далилдегенге умтулду.

Айтматов чыгармада жаңы заманда маңыздуу тиричилик өткөрүү үчүн, сүйүү үчүн, эски салттык деңгээлден личносттук кызыкчылыкты туура деп баса белгилеп берген. Автор Жамийла менен Данияр аркылуу ала качуу жеке адамдын укугун бузуу, зордук-зомбулук, эркин жашоону басмырлаган, сүйүүгө каршы аракет экенин баяндаган.

Советтер Союзу учурундагы социализм менен капитализмдин тирешинде «Совет элинде эркин тандоо жок, эл үстөмдүктө жашайт» деп айтылган капиталисттердин сынына Ч.Айтматов: «Биз да эркин тандай алабыз, өз башына өзү ээ болгондор бар, сүйүүсү үчүн күрөшүп, ага жеткендер бар. Мына ал кишилер» деп Жамийла менен Даниярды баса белгилеп берген.

... Эми, Жамийла деген аял ким? Жамийла - бул эзелки эскиден жабышып келаткан жаман үрп-адаттардан аттап өтүп “эски заманды унуткула, кыргыздын эң жаман салты ала качуу!” Бул салттан баш тарткыла, өзүңөрдүн сүйүүңөр үчүн күрөшкүлө деп махабатты даңазалаган аял. Ал - ак сүйүүнүн символу! Ал кыргыз штамповкалоосундагы салттык лимитти бузган аял!

Кайрат Искендеров.

Жалал-Абад облусу, Сузак району

Барпы айыл аймагы, Миң-Өрүк айылы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG