Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:34

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кытай адабиятына тийгизген таасири тууралуу Макелек Өмүрбай уулунун кезектеги макаласы.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөлүк бет алышын карап, бирлешкен мамлекеттер уюмунун 1997-жылкы маалыматына баш бакканыбызда 130 өлкөдө 127 тилге которулган дүйнөлүк адабияттын «алмончогу» катары көрүндү. Биз ушул сандуу маалымат менен сүйүнүп, сыймыктанып жүрүү менен кошо, жер бетиндеги 127 тилге которулгандан кийин, ал тилдердин окурманы кандай кабыл алды, ал тилдердин адабияттарына кандай таасир этти, атап айтканда, жер бетиндеги адамзатка жеткен Айтматовдун чыгармалары инсанга эмнелерди берди деген суроо менен кайрылуунун шарты жаралды. Биз адабият таануучулар менен тыгыз кызматташып, жогоруда келтирилген суроолордун жообун кытай адабиятынан издөөнү максат кылдык.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кытайда

Кытайда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын дээрлик баары окурмандарга орус тилинде жетип, 1958-жылы эң биринчи «Жамийла» которулган. Ошондон тарта Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бүт эле кытай тилине жана Кытайдагы аз сандуу улуттардан уйгур, казак, моңгул, кыргыз тилдерине которулуп, 1980-жылдан кийин Ч. Айтматовдун чыгармалары арбын таржымаланып, биринин артынан бири удаа басмадан чыгып олтуруп, бүгүнкү күндө бардык чыгармалары кытай тилинде жарык көрдү. Ал тургай кытай тилинде бир чыгармасы бир нече жолу, бир канча басмалардан жалгыз эле бир котормосу эмес, бир нече адамдардын которуусунда (котормо варианттары), бир топ басмалардан ири нускада чыккан. Китеп дүкөндөрүндө көп жатпай шыдыр сатылган. Кытайда Айтматов окурманынан «Жамийланы» сурасаң, «Ак кемени» сурасаң так айтып берчү окурмандары көп. Бир сөз менен айтканда, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын окурманы кыргыз тилинде кандай кабыл алынган болсо, ошол эле даражада кытай окурмандары кабылдаганын таң калуу менен айтууга болот.

Айтматовдун чыгармаларын, өзгөчө, адабиятчылар, жазуучулардын кабылдоосу ойдогудан да бөтөнчө болгон. Кытай жазуучулары Айтматовду эки түрдүү максат менен кабылдаган: биринчи, анын чыгармаларындагы айтылган ойлорго суктануу, ал ойлорду Кытайда да айтууга ылайык көрүү максаты; экинчиси, өз чыгармачылыгына Айтматов чыгармаларынан жол издөө, анын чыгармаларын иликтеп жазуу, чыгармаларындагы образдарды өз чөлкөмүнөн көрсөтүү, өздөрүнүн чыгармачылыгын ыкма жактан, көркөмдүк жактан, идеялык жактан көтөрүү максатында кабылдаган. Айтматовдун чыгармаларын кытай жазуучуларынын ушундай эки түрдүү максат менен кабылдоосу ийгиликтүү чыгып, Кытайда Айтматовдун чыгармалары таралып гана калбай, кытай адабият сахнасында өздөштүрүлүп, Айтматовду туурап чыгарма жазуу, кадыресе, Айтматовдун чыгармаларындагы идея, кейипкерлер кытай жазуучуларынын калеми менен кайрадан жарала баштаганы - Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү, адамзатка керектүү чыгармалар экенин көрсөтүп турат.

Айтмакчы, Айтматовдун чыгармаларынын кытай адабиятына таасир көрсөтүүсү анча-мынча эле айтылган сөздөр эмес. Кытай салыштырма адабият изилдөөсү колго алган илимий деңгээлге жеткен. Ушул күндө кытай адабият изилдөөсүндө Айтматов таасири өзүнчө сөз боло турган темага айланганын айтса болот. Айтматовдун кытай адабиятына көрсөткөн таасирин салыштырма адабият изилдөөчүлөр эки чоң топко бөлүп көрсөтөт: биринчи тобундагылар Айтматовдун чыгармачылык таасирине учурадым деп өздөрү айтып, өздөрү ынагандар; экинчи тобу, салыштырма адабият изилдөөчүлөр адабияттык теорияга салып, талдоо аркылуу салыштыра, окшоштура изилдеп «Айтматовдун таасири тийген» деп айтып чыккан чыгармалар жана жазуучулар болууда.

Жамийла - Айданак, Данияр - Акирам

Төмөндө, биз өздөрү Айтматовду кабылдадык деп айткан кытайлык жазуучулардан бир нечени мисалга тартып айтсак, Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын кабылдоосу кандай жагдайда экенин айкын көрсөтүп, Айтматовдун «Жамийласы» жалгыз эле кыргыз жергесинде жүрбөй, «Жамийла» окуясы кыргыздар ичинде гана болуп өтпөй, Кытайда да бар экенин, ошондо, Айтматовдун «Жамийласы» адамзат бардык жерде көп экенин, Айтматов дүйнөлүк чыгармаларды, инсанатка орток ойлорду айткан жазуучу экенин дагы бир жолу айтууну максат кылдык. Айтматовдун чыгармаларынан жол издеген, аны туурап жазган кытай жазуучуларынын айрымдарына токтоло кетели.

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Ваң Мың - Кытайдагы алп жазуучунун бирөө, кезинде, Кытайдын маданият министри да болгон. Ал Айтматовдун чыгармаларынын Кытайдагы таасирин өтө төп баалаган жазуучу болуп, жаңы заман кытай адабиятына таасир эткен дүйнөлүк төрт чоң жазуучу, Хемингуэй, Кафка, Маркес жана Айтматов экенин, кадыресе, ошолордун ичинен эң чоң таасир эткени Айтматов болгонун өзгөчө белгилеген. Өзү да эң эртеде Айтматов чыгармаларын окуган. Ал тургай, Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен, аны эликтеп чыгармаларды жаратканына өзү макул болгон жазуучу. Анын «Обончунун пири» аттуу чыгармасы «Жамийланы» туураган, анын чыгармасында, Жамийла Айданак деп аталса, Данияр Акирам деген ат менен аталган, «Нур», «Чаар түс» деген чыгармалары «Гүлсарат» чыгармасын эликтегени, ал эми, «Соңгу тоо» аттуу чыгармасы «Биринчи мугалимди» эликтеп жазганын адабиятчылар салыштырып изилдеп чыккан. Ал тургай, бир романындагы кейипкерине Айтматовдун «Ак кеме» китебин уурдатып, ал чыгарманы алгоолошуп окугандардын баянын киргизгени, Айтматов чыгармаларына окурмандардын канчалык ынтызар экенин көрсөткөнү болгон.

Вин Яжүн да Кытайдагы мыкты жазуучунун бирөө. Вин Яжүн Айтматовдун чыгармалары өзүнүн чыгармачылык жаңы жолун таап бергенин мындай жазган: «Мен мурда өз чөйрөмдөгү нерселерди, тар идеянын ичине камап, мокок калем менен жазып жүрчүмүн, кыргыз жазуучусу Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин, кокустан ойгонгондой болдум» - дейт да, «Кылым карытар бир күндүн» таасири менен «Кашатсыз деңиз» аттуу романын, «Ак кемеге» кызыгып «Бөскө тоодогу жомоктор» аттуу чыгармасын жазган.

Айтматовго ашыкча суктанган Кытайдын таанылуу жазуучуларынын бирөө − Жаң Чыңжы. ​Ал Айтматовдун өз чыгармачылыгына тийгизген таасирин мындай дейт: «Кыргыз жазуучусу Айтматов менин чыгармачылыгыма алгылыктуу таасирин тийгизди жана көзүмдү ачты». Жаң Чыңжы Айтматовго баа берип: «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, Айтматовго Теңир-Тоо кыркасынын (Тияншандын) падышалык мартабасын ыйгарган. Жаң Чыңжы дагы Хемингуэй менен Айтматовду салыштыра сүйлөп: «Айтматовдун жаңы жана узакка жашай турган чыгармалары, Хемингуэйди эски боюнча калтырып кете алды»,- дейт.

Жаң Чыңжы «Кара жорго» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Жамийласына» таасирленип, Байинболг менен Сомияны жазган. «Биринчи мугалимди» эликтеп, «Алик футболчу» аттуу чыгармасын жазган. Кытайдагы салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматовдун кытай адабиятына тийгизген таасирин ушул Жаң Чыңжынын чыгармаларынан көптөп көрсөткөн. Кадыресе, бул эки жазуучунунун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн изилдеп атайын аалым шакирттик жактоо эмгектерди жазышкан. Ал тургай, жазуучу Жаң Чыңжы өзү да макала жазып Айтматовдун адабияттагы жетишкендиктерин талдоого алган.

Айтматов чыгармачылыгын кабылдаган Кытайдын атактуу жазуучусунун дагы бирөө − Лу Яв. Бул жазуучу кайсы бир чыгармасында кейипкери атасынын китеп текчесинен «сары майдай катып» алып окуп жүргөн «Ак кеме» повестин уурдап окуган окуяны киргизген. «Жамийланы» эликтеп «Адам өмүрү» деген чыгарманы жазып, Жамийланын образын Лыю Чавжын, ал Даниярдин образын Гав Жалинден көрсөткөн. «Жөн дүйнө» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Ак кемесин» эликтеп жазган.

Гав Жанчүн. Салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматов чыгармачылыгын өздөштүргөн Кытайдагы белдүү жазуучулардын катарына Гав Жанчүндү тизип, ал Айтматовду: «мен ага улуу урмат билдирип, аны устат тутунар элем» деген сөзүн туура тартышат. Жазуучу Гав Жанчүн да «Жамийланы» эликтеп, «Кайненесинин эшегин айдаган жигит» аттуу чыгарма жазып, Жамийланын образын Мей Пыңхуаң аттуу кыздан, Даниярдын образын Ли Жыян аттуу жигиттен көрсөтүп чыккан. Андан бөлөк дагы «Кулжа жылкысы» деген чыгармасында «Гүлсаратты» туурап жазганын танбайт. Гав Жанчүн «Алыстан көрүнгөн ак боз үй» сыяктуу чыгармаларында Айтматовдун таасири өтө зор экенин адабиятчылар кенен талдоого алышкан.

Айтматовдун үлгүсүн туурап чыгарма жазган Кытайдын таанылуу жазуучусунун бирөө − Жаң Вий. Анын «Обон» аттуу чыгармасы «Жамийланы» эликтеп жазылып, Ар Ланзы аттуу кыз Жамийла, Ло Говр аттуу жигит Даниярдын образында баяндалган. «Тунук суу», «Сагындырган кара балык» аттуу чыгармалары «Ак кемеден», «Күзгү санаа», «Күзгү ачуу», «Байыркы кеме» аттуу чыгармалары «Гүлсаратты», «Кылым карытар бир күндү» эликтеп жазылган. Ал эми «Толгонуу» аттуу романы Айтматовдун «Кыяматын» эликтеп жазылган. Айтмакчы, Жаң Вий Айтматовдун үлгүсүн кытай адабиятындагы чыгармалары менен өтө көп көрсөткөн жазуучу эсептелет.

Айтматовдун чыгармаларына суктанып өздөштүргөн Кытайдын чоң жазуучуларынын дагы бирөө − Яң Шыянхуй. Ал Айтматовдун чыгармаларына эмнеге тартылып калганынын себебин мындай жазганы бар: «Мен ага кызыкканымдын себеби көп болгонуна карабай, эң эле зарылы, анын чыгармалары мурдагы Советтер ынтымагындагы жазуучулардыкына окшобогону, өз алдынча сайган туудай көрүнгөнүн айтар элем. Айтматовду окуудан мурдагы, ал 1980- жылдардагы, Советтер ынтымагы жазуучуларынын чыгармаларынын негизги темасы тек бирөө гана: пролетариат табынын көңтөрүшү, таптык күрөш, болшевиктин жеңиши гана болчу. Ал тургай, мен эртеде өтө жактырып окуган «Тынч Дон дайрасында» да, жүрөктү сыздаткан аянычтуу окуя баяндалган, советтин жеңишин даңазалаган чыгарма эле. Ал эми Айтматов чыгармаларынан карапайым адамдардын эмгегин жана махабатын даңазалаган түбөлүк темалар көрүндү. Ал карапайым адамдардын сонун, ак көңүл адамдык сапаттарын, асыл дилин мактап чыккан эле. Анын Теңир-Тоо кыркалары менен жашыл жайлоолорду сүрөттөгөн, анын сезимдүү каргыган калеми менен сүрөттөлгөндөрү жүрөгүмдү элжиретип салды». Яң Шыянхуй Айтматовду өздөштүрүп, «Деңизде алыстан угулган күндүн күркүрөөсү» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн» эликтеген. «Кулан сайы» деген чыгармасын «Жамийланы» эликтеп жазып, Ваң Винйиң аттуу кыздан Жамийланы көрсөткөн. Дагы «Кара какыр» чыгармасында «Кызыл жоолук делбирим» эликтеген.

Кытайда Айтматовдун чыгармаларын өздөштүргөн таанылуу жазуучулардын дагы бирөө − Чы Зыжыян. Ал Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүүсүн мындай айткан: «Мен Айтматовдун чыгармаларына ыктап кеттим. Ал жазган адамдар арасындагы окуялар мени бейиштин абасынан жыргатып жаткандай туюлат». Чы Зыжыян Айтматовдун «Гүлсаратын» эликтеп, «Бир ат эки киши» деген чыгармасын жазган. «Ак кемени» эликтеп «Аракечтин суучулдугу» аттуу чыгармасын жазган. «Эргина дайра боюнда» романын Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романына эликтеп жазган.

Булардан бөлөк, Хуң Ки, Жу Чүнйү, Йи Шызырын, Жаң Шиянлияң сыяктуу жазуучулар да Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүп, анын чыгармаларындагы идея, образдарды Кытайдан жараткан жазуучулардын мисалына кирет.

Биз жогоруда атап өткөн Кытай жазуучулары өздөрү Айтматовду өздөштүргөнүн айткандар, ал эми салыштырма адабият изилдөөчүлөр, булардын чыгармаларын Айтматов чыгармаларына салыштырып изилдөө аркылуу окшоштуктарды көрсөтүп макалалар жарыялаган. Алардын жазган макалаларына караганда, Айтматовдун «Жамийла», «Ак кеме», «Гүлсарат», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Делбирим» сыяктуу чыгармалары кытай жазуучуларынын, кадыресе, Кытайда «Мав Дун сыйлыгы», «Лу Шүн сыйлыгы» сыяктуу мамлекеттик адабият сыйлыктарынын ээлеринин калеминен кайра жаралган. Ошого айтар элек, Айтматовдун «Жамийласы» гана жалгыз эмес, бардык эле чыгармалары Кытайда кайра жаралып, жалгыз эмес экенин, ал тургай, «Жамийла» (дагы башка чыгармалары да) Кытайда бир жазуучунун калеминен эмес, жогоруда көрсөткөн жазуучулардын бардыгы бирден «Жамийланы» жазышкан, бардыгы «Гүлсаратты» ж. б. чыгармаларды кайра жаратышкан.

Кыскарта айтканда, Айтматовдун кытай адабиятына көрсөткөн таасири аябай чоң болгон. Эгерим, жер бетиндеги Айтматов чыгармалары которулган тилдерде да Айтматов чыгармаларынын кайра жаралуусу Кытай адабиятындай чоң таасирде экенин билүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда, азыркы Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу экенине сыймыктанып гана калбай, кыргыз адабиятынын дүйнөдөгү оюн, боюн көрүп, кыргыз адабиятынын дүйнө адабиятына көрсөткөн таасири менен сыймыктанууга акылуу экенбиз!

Кытай адабиятына Айтматов чыгармаларынын таасир этүүсүн, кабылдоосун кытай адабият сынчылары мындай жактардан корутундулаган. Биринчиден, Айтматов чыгармалары мазмун жагынан карапайым адамдардын адамдыгын, адамгерчилигин, эмгегин, сүйүүсүн баяндаган. Чыгармаларынын мазмуну жалпы адамзат көөнүн буруп жаткан темаларды козгогон. Атап айтканда, адамгерчилик, экологияны коргоо сыяктуу түбөлүктүү темалар болгондуктан, кытай жазуучулары да үн кошуу максатында кабылдаган. Экинчи жагынан, кээ бир жазуучулардын жашоо чөйрөсү, ал тургай, өмүр баяндары Айтматовдун кечирмиштерине окшош болгондугу бул байланышты бекемдеп турат. Ошондуктан алар өздөрүнө Айтматовду жакын сезишип кабылдаган. Ал эми үчүнчү жагынан Айтматовдун чыгармачылык өнөрүнө тартылгандар көп. Атап айтканда, анын чыгармаларынын «жарымы төгүн, жарымы чын» болуу өзгөчөлүгү, реалисттик жана миф-уламыштык өнөр менен баяндалган ыкманы кабылдоо чыгармачылыкка жол ачарын аңдап, ушундай ыкмага кайрылган.

Корутундулап айтканда, Айтматовдун Кытайдагы таасири, анын түбөлүктүү тема жаратканы, дагы бирөө, чыгармачылык өнөр жагында өзгөчө, реализм менен фантазия жуурулушуп келген чыгармачылык өнөрдү өздөштүрүү ажатынан улам кабылдаган.

Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда изилдениши

Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу 1981-жылдан башталган. Атап айтканда, чыгыш Кытай (Хуадоң) мугалимдик жогору окуу жайынын окумуштуусу Сав Говийдин «Айтматов» деген көлөмдүү макаласы «Азыркы совет жазуучуларын изилдөө» деген 1981-жылы «Чет эл тилин окутуу жана изилдөө басмасы» жагынан жарык көргөн илимий макалалар жыйнагында жарыялоосу менен башталган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Кытайда Айтматов изилдөөсү эки чоң баскыч аркылуу өзүнчө бир толкун сымал жүргөн. Биринчи баскычы, 1980-жылдарда болгон. Экинчи баскычы, 2002-жылдан башталган. Кытай жогору окуу жайларындагы изилдөөнүн чыйралуу баскычы деп эсептелет.

Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.

Азыр ушул күндө Айтматов изилдөөсү кытай салыштырма адабият изилдөөсүнүн чоң темалары катары урунтуктуу иштелген жумуш эсебине кирген. Биздин колубузда чогулткан материалга таянып айтсак, ушул бүгүнкү бүгүнкү күнгө чейин Айтматовдун чыгармаларын изилдеген, расмий басмалардан жарык көргөн макалалардын саны 300 барчага жеткен. Андан бөлөк дагы жогору окуу жайларындагы аалым шакирттик (аспиранттык) ишин жактоо макалаларынан 17 макала, доктурлукту жактоо эмгегинен үчөө жазылган. Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий китептен экөө басмадан чыккан.

Кытайда Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий макалаларды, илимий иштерди корутундулап карасак, изилдөө төмөнкү жети чоң түргө бөлүнгөнүн байкадык. Анда, ар бир түрдү тааныштырып өтөлү.

1. Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылык абалын тааныштырган макалалар

Бул түрдөгү макалалар да өз ичинен бир нече кичик түргө бөлүнөт.

1) Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу, чыгармаларына баа айтылган макалалар;

2) Чыгармачылык өнөрүн изилдеген макалалар;

3) Чыгармаларынын курулмасын изилдеген макалалар;

4) Айтматовдун көркөм оюн изилдеген макалалар;

5) Айтматовдун чыгармаларындагы баян ыкмаларын изилдеген макалалар;

6) Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына айрым-айрым талдоо жасаган макалалар сыяктуу топторго бөлүүгө болот. Булар боюнча жалпы 45 макала жарыяланган.

2. Айтматовдун чыгармаларындагы адамды изилдеген макалалар

Айтматовдун чыгармаларындагы адамдарды изилдеген макалалар да бир нече тема топторго бөлүнгөн. Алар: Айтматовдун чыгармаларындагы адам муралы, мураты, трагедия, реализм, адамгерчилик жана адамдык, аялдар жана балдар сыяктуу темаларда изилденген. Бул түрдө жалпы 30 макала жарыяланган.

3. Айтматов чыгармаларындагы экологияны изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалаларда, Айтматов чыгармаларындагы табият экологиясы, айбандар экологиясы, жалпы эле жер шары экологиясы жөнүндө изилдеген макалалар болуп, жалпы 35 макала жарыяланган.

4. Айтматовдун чыгармаларындагы мифтер, уламыштарды изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалалар Айтматов чыгармаларындагы мифтер- уламыштарды колдонуу ыкымдары, алардын чыгармадагы кызматы жөнүндө талдоого алган. Андан бөлөк, көбүнчө макалалар ар бир чыгармасындагы мифтер жана уламыштардын колдонулуу жагдайын бөлөк-бөлөк талдоого алган макалалар болгон. Бул түрдө жалпы 15 макала жарыяланган.

5. Айтматовдун чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдү изилдеген макалалар

Айтматов чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдөн: Айтматовдун маданият таанымы, адабият таанымы, трагедия таанымы, тарых карашы, символдук түшүнүктөр сыяктуу жактардан изилдөө алып барган. Бул түр боюнча жалпы 20 макала жарыяланган.

6. Айтматовдун чыгармаларын салыштырып изилдеген макалалар

Буга Айтматовдун чыгармаларын кытай жазуучуларынын чыгармалары менен салыштырып изилдеген макалалар кирет. Кытай жазуучуларынан: Жаң Чыңжы − Айтматов; Йи Шызырын − Айтматов; Гав Жанчүн − Айтматов; Лию Шавтаң − Айтматов; Жаң Вий − Айтматов; Дың Гаң − Айтматов; Жаң Шиянлияң − Айтматов; Айтматов жана Шинжаңдагы аз сандуу улуттар адабияты; Лу Яв − Айтматов; Чын Жоңшы − Айтматов. Ошондой эле чет элдик жазуучулар менен салыштырган макалалар болуп, жалпы 40 макала жарыяланган.

7. Айтматовдун романдарын изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалалар арналуу Айтматовдун төмөндөгү романдарын изилдеген.

«Кыямат» романы боюнча, бул романды изилдегендер чыгарманын маңызын талдоого алуу, чыгарманын курулмасын талдоого алуу, баян өнөрүн көрсөтүү болгон. Андан бөлөк, «Кыяматтагы» мурал, жакшы менен жаман, дин түшүнүгү, трагедия, экология сыяктуу темаларда изилдөө жүрүп, ушул «Кыямат» романы боюнча эле 40 макала жарыяланган.

«Кылым карытар бир күн» боюнча, изилдөө бир кыйла тереңдеп, романдын курулмасы, анда колдонулган миф-уламыштар, реалдуу турмуш, илимий фантазия сыяктууларды изилдеген. Бул роман боюнча жалпы 10 барча макала жарыяланган.

«Тоолор кулаганда» боюнча, андагы салтты сактоо, тагдыр, базар экономикасынын жашоого таасири, экология боюнча талдоого алган макалалардан болуп, жалпы беш макала жарыяланган.

Бул түрлөрдөн бөлөк, эң көлөмдүүсү аалым шакирттик жана докторлук жактаган макалалар болуп, алар расмий басма сөздөрдө жарыяланбаган. Алардын мазмундарынан алып карасак, дале жогорудагы жети чоң түр боюнча изилдеген макалалар болуп эсептелет.

Кытай изилдөөчүлөрүнүн тыянагында, Айтматов чыгармалары үч баскыч боюнча тепкич мүнөздүү өнүккөн: биринчи баскычы, жайлоо маданиятын, эл ичин, жаңы адамдарды даңазалаган чыгармалар болгон. Булардын катарына «Жамийла», «Делбирим», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат» сыяктуу чыгармаларын тизмектеп, Айтматовдун жөрөлгөлүү реалисттик чыгармалары деген темага жыйынтыктайт. Убакыт жагынан, 1960-жылдардан мурдагы чыгармалары ушул баскычка кирерин айтышат; экинчи баскычы, өтмөлүк баскыч, миф-уламыш аралашкан, атап айтканда, Айтматов чыгармалары «жарымы төгүн, жарымы чын» ыкмага өтүп, реализм менен фантазия жуурулушкан чыгармачылык өнөрдү өнүктүргөн баскыч деп эсептейт. Бул баскычтагы чыгармалары «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн». Ал убакыт жагынан, 1960-жылдан 1980-жылдарга чейинки мезгил экен; үчүнчү баскыч, ааламдашуу баскычы болуп, Айтматов чыгармалары көркөмдүк жагынан миф-уламыштар менен жасанган, идея жактан адамдардын тазарышын самап, динге кайрылган, ааламдашууда жер бетинин экологиясына санаа тарткан чыгармалары экенин, анын катарына «Кыямат», «Кар эне», «Чыңгызхандын ак булуту», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» сыяктууларды тизген. Убакыт жагынан 1980-жылдан баштап өмүрүнүн соңунда жарыялаган чыгармаларына чейинки убакыт экен.

Ушул күндө Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу калыпташуу, кесиптешүү баскычында жүрүп, докторлор, аалым шакирттер жана профессорлордон атайын Айтматов таануучу кошуун калыптанган жана алар шакирт жетиштирүү менен кесиптик кошуун кеңейип жаткан кези. Ал Айтматов боюнча жазылган илимий макалалар жыйнакталып, аны кыргыз тилине которуу жумушу уюшулду. «Айтматов Кытайда» аттуу Айтматов энциклопедиялык сөздүк түзүлүүгө уюштурулду. Айтматовду эликтеп жазган Кытай жазуучуларынын чыгармаларын чогултуу, кыргыз тилине которуу жумуштары уюштурулду.

Чыңгыз Айтматовдун «Жамийласы» жергиликтүү «алкактан» чыгып, жер бетин кезип жүрөрүнө автор өзү ушул чыгармасын жазып жатканда эле ишенип, «Жамийланын» башталышында мындай жазган экен: «Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. ...тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир эки кадам шилтесе, алкактын сыртына аттап, ошондон ары кетип калчудай сезилет».

Көрсө, мына ошол алкактан аттап, Жамийла менен Данияр Кытайда «...алардын издери жерге даана түшүп» жүргөнүн кытай адабиятчылары айтканынан улам билинди.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, Кытай эл республикасы, филология илимдеринин доктору

(Макаладагы автордун айрым сөздөрү өзгөртүлгөн жок)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG