Алыстан билим алууга мүмкүнбү? Аткаминерлер заманбап онлайн таалимдин баасын, наркын билип, айдыңдык демилгелерге балта чаппастан, бул усулга чындап колдоо көрсөтүүгө өтүшсө абдан сонун болор эле. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Заманбап кыргыз кирил алфавитине қ жана ғ тамгаларын киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу тарыхчынын блогу. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Руанда – 32 жыл мурун 100 күндө жүз миңдеген киши өлтүрүлгөн геноцидди башынан кечирген өлкө. Бийлиги авторитардык деп саналган Руанда андан бери кантип Африкадагы, а балким дүйнөдөгү эң таза аймакка, экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан өлкөгө айланып, туристтерди өзүнө тартып жатканын баяндайбыз.
Бала кезде менде бир адат бар эле. Керебеттин астында жатып алып китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Ошол жерден эч ким тынчымды албасын билчүмүн. Кээде баш-отум менен сүңгүп, убакытты унутуп калар элем.
Кыргыз элинин таанымал журналисти, котормочусу жана изилдөөчүсү, “Азаттыктын” ардагери Амирбек Азам уулу Усманов 70ке чыкты.
Маркум эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көөнөргүс чыгармачылыгына сереп салуу.
Суук кабар Чыгыштан Батышка үндөн тез жетти... Кыргыз Жумуриятынын Эмгек Баатыры, эл жазуучусу, элдик публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов агабыз 13-мартта дүйнөдөн кайткан экен... Тарыхчы, кыргыз таануучу, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин эскерүүсү.
Заманабыздагы чыгаан кыргыз таануучулардын бири Мамбеттурду Мамбетакундун 60 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу.
Украинадагы согуштан улам чет өлкөдө жашаган атактуу ырчы Алла Пугачеванын 3,5 сааттай маеги орус тилдүү Интернетте башкы темага айланды. Мурдагы СССРдин эстрада жылдызы, композитор, таланттуу актриса Пугачеванын таанымал блогер Катерина Гордеевага курган маегин тез эле 20 миллиондой киши көрдү.
Дагы жүктөңүз