Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Кыргыз таануунун алтаны эле...

Кеңеш Жусупов
Кеңеш Жусупов

Суук кабар Чыгыштан Батышка үндөн тез жетти... Кыргыз Жумуриятынын Эмгек Баатыры, эл жазуучусу, элдик публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов агабыз 13-мартта дүйнөдөн кайткан экен... Тарыхчы, кыргыз таануучу, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин эскерүүсү.

Кыргыз таануунун алтаны... Жаш муундарга кулак кагыш кыла кетсек, бул көөнө “алтан” сөзүндө “улуттук тууну татыктуу көтөргөн эр жүрөк” мааниси катылып жатат.

Кеңеш агабыздын чаалыкпастан жана тынымсыз иштеген калеми – анын найзасы, туу сабы, айдыңдыкка жана эрктүүлүккө чакырган куралы болду, агабызга талыкпаган дыйкандын кетмениндей, көчмөн азаматты Теңир-Тоодон жалпы Евразияга жеткирген кош канаттуу тулпарындай кызмат өтөдү.

Албетте, ириде ал – жазуучу эле. Болгондо да, Чыңгыз Айтматовдон кийин келген жаңы дүбүрттүн өкүлү эле. Бул дүбүрткө кошулган Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Салижан Жигитов, Ашым Жакыпбеков, Эсенбек Медербеков, Саадабай Сырдыбаев, Өскөн Даникеев, Дайырбек Казакбаев жана башкалар Кеңеш агабыздын жакын достору болчу.

Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25-март, 2016
Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25-март, 2016

Кеңеш агабыз заманбап кыргыз адабиятына көк мелжиген тоолорду даңазалаган, тоолуктардын мүнөздөрүн ачып берген жаш жазуучу катары кошулган.

Анын “Каралдым, тоолор”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Карагайчылар”, “Ата журт” сыяктуу ар кыл чыгармаларын, “Манас” эпосун жеткинчектерге жакын тил менен кара сөздө сүйлөткөн өнөрүн, акын Алыкулдун бизге белгисиз болуп келген ички дүйнөсүн микроскоп менен чебер талдаган “Ыр сабындагы өмүр” иликтөөсүн, “Микеланджело мекенинде” сыяктуу кыргыз саякатнаамаларында дың бузган мыкты чыгармаларын ар дайым сүйүп окуйм.

Арийне, Кеңеш агабыздын бейнесин бир гана жазуучулук өңүттөн баалап чектелүүгө эч мүмкүн эмес.

Ал коомдук окуяларга эч бейтарап кала бербеген нагыз элдик жазуучу эле... Демейде тынч гана жүргөн агабыз сааты келгенде болот текөөр тоо шумкарына айланаар эле...

1970-жылдардын башында Кыргызстандын коммунисттик бийликтери этнограф Саул Менделевич Абрамзонго (1905–1977) адилетсиз түрдө идеологиялык жарлык тагып жатканда, бул окумуштуунун өмүрүнүн күүгүм кезинде дал ушул жазуучу Кеңеш Жусупов Ленинградга (азыркы Санкт-Петербургга) өз демилгеси менен барып, өмүр бою кыргыз этнографиясынын көйгөйлөрүн ар тараптуу иликтеп келген Саул Менделевич карыяга жекече эле эмес, жалпы карапайым кыргыз айдыңдарынын атынан руханий колдоо көрсөткөн. (Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов дагы 1973-жылы С.М.Абрамзонго жылуу сөзүн аябастан кат жазгандыгы маалым).

1986-жылы 16-декабрда Алматыдагы кайгылуу “Желтоксон” окуялары болуп өткөн соң, 1987–1988-жылдары Кеңеш агабыз өз үзөңгүлөштөрү менен биргеликте казак айдыңдарын колдоого алган, кыргыз-казак достугун даңазалаган алатоолук акын-жазуучулардын жана илимпоздордун сабында болду.

Кыргызстандын совет доорундагы бийликтери Энесайдагы Кыргыз каганатынын тарыхынан калпыс түрдө расмий баш тартып жаткан кезде Кеңеш агабыз өзү Энесайга жана Алтайга барып, хакас этнографы Астай Бутанаев сыяктуу жаңы досторду күтүп, шибердик кыргыз таануучу, археолог Юлий Худяковду колдоого алды.

Дал ушул өңүттөн алганда, Кеңеш агабыз бийликтерден эч тартынбастан Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын даңазалоону уланткан кеменгер Түгөлбай Сыдыкбеков (1912– 1997) атабыздын оң колу болгон айдыңдардан эле.

Адатта, постсоветтик доордо Кеңеш агабыз жарыялаган “Кыргыздар” түрмөгүн тек гана статистикалык маалымат катары (3 томдук чыкты, анан 10 томдук, 14 томдук, 20 томдук жана акыры 40 томдук чыкты, деп супсак гана эсептегендер деле арабызда жок эместир. (2004-жылдан тартып бул көп томдуктарды Кеңеш агабыз өзүнүн кичүү үзөңгүлөшү, жазуучу жана коомдук ишмер Каныбек Иманалиев менен биргеликте жарыялап келди).

Бирок дал ушул жыйнактардын ар бир чыгарылышы – кыргыз таануу жаатындагы саамалыктардын жыйындысы болуп жатты. Жаңы пайда болгон жана мурда колго тийе элек улам кызыктуу табылгалар көп жылдык көлөмдүү шырдактын башкаларга окшобогон оюуларын кошумчалап шырып жатышты.

Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж. бугу (май) айы.
Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж. бугу (май) айы.

Дал ушул “Кыргыздар” жыйнагы аркылуу калың элибиз “Манас” ж.б. эпостордон, санжыралардан, элдик ырлардан, накыл сөздөрдөн, көөнө доордогу битик жазмасындагы, Жусуп Баласагынга жана Махмуд Кашагри Барсканиге таандык жана башка чыгармалардан баалуу үзүндүлөрдү, ошондой эле, жакынкы кезеңдердеги мурда тыюу салынган же этибарга алынбаган (анын ичинде Молдо Нияз, Зиябидин Максым Магзуни, Молдо Кылыч, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, репрессияланган манас таануучулардын ж.б. эмгектери бар) көөнөргүс мурастардын өрнөктөрүн, Кытайдагы ж.б чет элдеги кыргыз диаспорасынын чыгармачылыгын гана үйрөнбөстөн, тээ илгерки Сыма Чийен (Цян), Бан Гу деген ханзу тарыхчыларынын маалыматтарын, Никита Бичуриндин булак таануу жаатындагы котормолорун, Чокон Валиханов, Вилгелм (Василий) Радлов, Василий Бартольд, Николай Аристов, Дйөрд Алмаши, Анвар Байтур, Реми Дор, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, Астайбек Бутанаев, Юлий Худяков жана башка окумуштуулардын да эмгектеринен баалуу үзүндүлөрдү окуп келишет.

Кыргыз адабияты менен маданиятынын өзүнчө эле антологиясына айланган мол маалыматтар камтылган бул көп томдукту жатык тилде даярдалган кыргыз таануу энциклопедиясы катары карай алабыз. Китепте жалпы түркологияга тийешелүү да мол маалымат камтылган.

Албетте, мында олуттуу саясат да жатат, анткени жусуповдук-иманалиевдик жыйнактар даңазалуу жазуучубуз жана ойчулубуз Чыңгыз Айтматовдун “маңкурт болбо!” деген чакырыгын чындап жүзөгө ашыруу үчүн дилгирленген окурмандарга мыкты жана ар тараптуу хрестоматиялык пайдубал кызматын аркалашууда.

Кеңеш агабыз өтө карапайым инсан эле. Ал дилгир да, шыктандыргыч да агабыз болду. Китеп сүйүүнү жана китеп чогултууну агабыздан үйрөндүк.

Албетте, ал сейрек кол жазма булактарды сары изине чөп салып издечү. Өзү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында деле мурдагы арап жазмасындагы далай кол жазма жана басма китептер ушул 1940–1950-жылдардын ичинде эле жоготулушкандыгы жөнүндө агабыздын ичи тизылдап айтканы бар.

Агабыздын ошондой тымызын сакталган таберик эстеликтерди иликтөөсүнүн биринин акыбети кайтканы маалым. 1980-жылдардын этегинде, горбачевдук “Кайра куруулар доорунда” Кеңеш агабыз тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин совет доорунда тыюу салынган жана үй-бүлөлүк архивде жашыруун сакталып жүргөн айтылуу “Кызыл кыргыз тарыхы” эмгегинин бир кол жазмасынын мазмунун жалпы окурмандарга жеткирип, жарандык эрдик кылган.

Азыркы тапта бул “эрдик” сөзү курулай пафос сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок эгерде 1991-жылдын августунда мурдагы Советтер Биримдигинде тоталитардык система жана анын сталинчил цензурасы кайрадан чыңдалып кеткен болсо, анда Кеңеш агабыз жана анын үзөңгүлөштөрү, албетте, далай КДКчылар, адилетсиз түрдө жазаланышы деле ажеп эмес болчу.

“Элди ойготууга үлгүрүп калалы” деген тымызын ураан Кеңеш агабызды улам жаңы тобокелдикке түрткөн анын кан тамырындагы жаратмандык кан болду го деп санайм.

Кыргыз жазуучулары Кремлде. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев (сүрөттү тарткан Н. Кочне,1986-жыл.
Кыргыз жазуучулары Кремлде. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев (сүрөттү тарткан Н. Кочне,1986-жыл.

Кеңеш агабыз – айылдашым эле. Анын агартуучу атасынын – баккан атасы Жусуп Иманалы уулунун – ысымы азыркы тапта Эчки-Башыдагы заманбап орто мектепке берилген. Өз атасы Сыдыкбек да айылдагы кадырман аксакалдардан эле.

Мен Жусуп атаны да, Сыдыкбек атаны да жакшы билип калдым. Бир тууган ага-ини болушкан бул аталарыбыздын Кеңеш байкебиз үчүн сыймыктанган учурларына да күбө болуп жүрдүм. Тестиер кезимде, аларды биздин үйгө конокко чакырганы барган учурумда, алар үналгыдан Кеңеш байкенин бир чыгармасынын үзүндүсүн ынтызардык менен угуп жатышкан эле...

Кеңеш агабыз айылыбыздан чыккан манасчылар Касымбай Бирназар уулу менен Дуңкана Кочуке уулуна кичүү замандаш болуп калды. (Мен Дуңкана атаны жана Касымбайдын уулу, санжырачы Дөөталы атаны гана көрүп калдым).

Кеңеш агабызга диктор, юморист Капар Алиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, акын Жумакан Тынымсейитова, композитор Сайыргазы Түркмөнов, этнограф Какен Мамбеталиева, коомдук ишмер жана акын Күмүш Суранова жана башка жашы улуураак айылдаш ага-эжелери кандай жакшы таасир тийгизишсе, анын өзү да биз үчүн шам чырак болуп турду.

Жеке менин өзүмдүн илимпоз катары телчигүүм үчүн Кеңеш агам эч унутулгус насаатчым жана айдыңдык тээгим болду. Ал Махмуд Кашгари Барскани, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Анвар Байтур жөнүндөгү жана жалпы кыргыз тарыхына тийешелүү айрым алгачкы илимий саамалыктарымды “Ала-Тоо” журналы аркылуу калың журтка тааныштырды.

Ал айылыбыздагы далай инсандарды көркөм чыгармасы жана публицистикалык эмгектери аркылуу шөкөттөп жана мээримин төгүп чагылдырды.

Бирок агабыз – айылыбыз менен эч чектелбеген, дүйнө таанымы да, чыгармачыл багыты да жалпы кыргыз улутуна таандык инсан болчу.

Ал жалпы улутубуздун азыркы эгемен мамлекетибиздин кыйырынан да сыртта калган кеңири тарыхый мейкиндигин төкпөй-чачпай чагылдырган, жаш, дилгир изилдөөчүлөргө калыс көмөк кылган, алардын далайынын чыгармачыл тушоосун кескен чыгаан кыргыз таануучу эле. (Жаш тарыхчылардан, маселен, Мурат Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу Койчиев, Рыскул Жолдошов, ж.б. кесиптештерим “Кыргыздар” жыйнагында макалаларын жарыялашкан).

Аттиң!... Эми агабызга арналган соңку макалабызга “эле” сөзүн аргасыздан кошуп турабыз...

2026-жылы жалган куран (март) айынын 13үндө жалпы опол тообуздун бир бийик аскасы кулады...

Дал ушул күнү сүйүктүү Кеңеш агабыз 90 жашына дээрлик бир жыл жетпей дүйнөдөн өттү.

Аттиң ай!.. Агабыз арабызда төрүбүздүн көркү болуп кылым карытып жашаса кана!..

Бирок ушуга каниет кылалы: асыл агабыздын дээрлик токсон жылдык өмүрү текке кетпеди. Ал кыргыз элинин үч миң жылдык тарыхый жана маданий мурастарын – өз китебинде аталыш болгондой, “Байыркынын издерин” – таберик кылып барктап үйрөнүшүбүз жана андан ары урпактарга жайылтышыбыз үчүн өбөлгө түзгөн ак кызматын аркалап жүрүп, жаңы өмүргө көчүп кетти...

Анын жаркын элеси улутубуздун эстутумунда түбөлүккө калмакчы.

Агабыздын үй-бүлөсүнө – Айгүл жеңебизге, уулу Медерге, неберелерине, айылдаш агайын туугандарыбызга, кыргыз таануучуларга жана жалпы эле мекендештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кеңеш Жусупов 86 жашка толгондо "Азаттык" атайын видео программа даярдап, жазуучу менен жолугуп келген эле.
"Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:56 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG