1-август күнү Москвадагы ресторанда болгон жардыруудан кийин Орусияда жеткирүү кызматында иштеген мигранттарга текшерүү күчөдү. Кырсык болгон жерге жардыргыч зат катылган баштыкты курьер аял алып барганы айтылган.
“Азаттык” баарлашкан мигранттар күч кызматкерлери баштыктарды тинтип, кутуларды жарып текшерип жатканын айтышууда. Ал арада диаспора өкүлдөрү курьер мигранттарды сак болууга чакырды.
Жардыруу Москванын Кудринская аянтындагы Balzi Rossi ресторанында болгон. Орус маалымат каражаттары жазгандай, жардыргыч затты курьер аял алып келген жана жарылуу анын баштыгын текшерип жатканда болгон.
Курьер аялды кошкондо жалпы беш киши каза болуп, 21 адам жараат алган. Тергөөдө курьер аял кутуда эмне бар экенин балким билген эмес, ал аралыктан жардырылган деген версия каралууда.
“Кутулардын баарын жарып көрсөт деди”
Москвада жеткирүү кызматында иштеген Урматтын (аты өзгөртүлгөн) айтымында, ресторандагы жардыруудан кийин анын жүктөрүн үч жолу текшеришкен.
“Машинедегилер менен жөө жүргөн курьерлерди текшерүү катуу болуп жатат. Өтө катуу текшерүү болуп жатат. Айдоочуларды текшерип жатат. Кечээги жардыруу болгондон кийин жеке мени эки-үч жолу текшерди. Кардарлардын эмеректери жүктөлгөн эле. “Эмне бул?” деди. Эмерек десем, “распакуй” деди. Бир-экөөсүн ачып көрсөттүм. Эмеректи текшерди. Жеке менин өзүмдө ушундай окуя болду”.
Дагы бир курьер Али (аты өзгөртүлгөн) күч түзүмдөрү ал жеткирип бараткан 10 чакты кутуну жарып, ичин көрсөтүүнү талап кылганын айтып берди.
"Кечээ 18-20 куту менен кетип жатсам, Балашиха жактан токтотушту. Үч-төртөө токтотуп, аркада кутулар бар эле. Кыскасы кутуларды бирден жарып чыктым да. Ичинде байпактар бар экен. “Баарын жарып көрсөт” деди. Ушундай окуя болду. Документтерим баары жайында болчу, текшерип коё берди. Бирок жүктү бир сыйра жарып көрдү да. 10 чактысын жарып көрдү, ичине колун салып, аппаратын салып текшеришти”, - деди ал.
Мигранттардын айтымында, курьерлерди мындай тыкыр текшерүү дал ошол ресторандагы жардыруудан кийин күчөдү. Ал арада Орусиядагы диаспора курьер мигранттарды сак болууга чакырды.
"Курьердин улуту билине элек. Ким экени да белгисиз. Балким ал чын эле террорчу. Балким эч нерседен кабары жок жөнөкөй, бечара курьер. Эгерде курьерлер аркылуу жардыруу болгону тастыкталчу болсо, анда курьер мекендештер, сак болгула. Жүктү алып жатканда да, берип жатканда да, берүүчүнү да байкагыла. Шектүү буюмдар болсо албаганга аракет кылгыла”, - деди Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Осмонбеков.
"Жардырууга мигрант күнөөлүү болбосо экен деп турабыз"
Орус бийлиги ресторандагы жардырууну теракт деп атады. Бирок каза болгондордун аты-жөнү жана курьердин тек-жайы расмий айтылбай жатат. Бийлик өкүлдөрүнөн Москванын мэри Сергей Собянин гана билдирүү жасап, кылмыштын артында тургандар аныкталарын жана жоопко тартыларын билдирди.
Айрым Телеграм каналдар ал күнү ресторанда Орусиянын Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Александр Чайко туулган күнүн майрамдаган деп жазышты. Бирок жардыруу кимге карата уюштурулганы боюнча Кремль үн каткан жок.
Орусияда жеке ишкерлик менен алектенген Азирет Атабеков жардыруудан кийин мигранттар кооптонуп турганын айтат.
"Жабылган, таңгакталган кутуларды бир-бирден ачтыртып, катуу текшерүү жүрүп жатат. Масштабдуу түрдө катуу кыйынчылык жок. Бирок текшерүүлөр болуп жатат. Жеткирүү кызматында иштегендердин жабык тайпабыз бар. Айдоочулар бири-биринен кеңеш сурап, жардам берип жатышат. Азыр мигранттар коркуп турабыз. Бир ызы-чуу чыкса, ошого мигрант күнөөлүү болуп калбаса дейбиз. Анткени бир мигранттын залакасы Орусиядагы бүткүл эмгек мигранттарына, мекендештерге тийиши мүмкүн. Расмий түрдө ресторандагы жардырууга мигрант күнөөлүү деп чыкса, анда бизге абдан кооптуу да. Кошумча текшерүү, басымдар болот. Ансыз да көп нерсе болуп жатат. Аны айта албайт экенбиз. Бирок басым бар деп айта алам", - деди Атабеков.
Бул Орусиядагы теракт, жардыруулардан кийин эмгек мигранттарын текшерүү күчөгөн биринчи учур эмес. Эки жыл мурда “Крокус ситидеги” терактка борборазиялык мигранттар шектелип, алардын алды өмүр бою түрмөгө кесилген. Ошондон кийин эмгек мигранттарына карата ксенофобиялык маанай күчөп, мамлекеттик деңгээлде антимигранттык мыйзам, демилгелер кабыл алына баштаган.
Учурда Орусияда расмий 472 миңден ашуун кыргызстандык бар. Алардын басымдуусу курьерлик, таксист жана башка тейлөө кызматтарында эмгектенет.