Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Блоктолгон сайтты ачуу

"Азаттыктын" сайтын кантип ачабыз?

VPN

VPN деген эмне? Виртуалдык жеке түйүн (VPN) колдонуучунун жеке маалыматын жана анын кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артып баратат.

Көптөгөн: жөнөкөй, татаал, бекер, акы төлөгөн, кымбат жана арзан VPN-сервисттер бар.

Орусия сыяктуу маалымат алуу чектелген өлкөлөрдө VPN-сервисттерди бөгөттөшөт. Айрым авторитардык өлкмөттөр интернет трафикти көзөмөлдөө үчүн өздөрүнүн VPN-түйүндөрүн сунуштайт.

Биз ишенген бекер VPN-сервисттер менен бөлүшөбүз:

Бул VPN-сервисттер америкалык коммерциялык эмес, бейөкмөт уюм - Ачык технологиялык фонду (Open Technology Fund) тарабынан түзүлүп, “сөз эркиндигин жайылтып, цензура жана репрессивдүү аракеттерди айланып өтүп, адам укуктарын жана ачык коомду колдоону" көздөйт.

“Пияз” сайттар, Tor

«Пияз» сайттарга анонимдүү жана коопсуз кирүү үчүн Tor браузерди жүктөп алсаңар болот.

Tor браузер – колдонуучуга интернетке анонимдүү кошулууну камсыз кылуу үчүн баштапкы кодду ачык бойдон камсыз кылган программа. Сервис интернет-трафикти дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы кабат-кабат болгон түйүнгө багыттайт. Бул колдонуучунун интернеттеги активдүүлүгүн аныктоону кыйла оорлоштурат.

Бул программаны 1990-жылдары АКШда илимпоздор америкалык чалгынчылардын маалыматын коргоо үчүн ойлоп табышкан. Кийин прграмманын лицензиясы АКШ өкмөтү каржылык колдоо корсөткөн Human Rights Watch сыяктуу интернет эркиндигин коргоогон уюмдарга берилген. Tor кызматын көрсөткөн бейөкмөт уюмдун баш кеңсеси Сиэтл шаарында жайгашкан.

Tor браузерин кантип көчүрүп алса болот:

— В Windows, MacOS, Android, Linux: https://www.torproject.org/download/

— На iOS: https://onionbrowser.com/

Эгер жогорудагы сайттар бөгөттөлгөн болсо gettor@torproject.org дарегине актай эле эмейл жибериңиз. Сизге э-мейл менен браузерди орнотуу пакети келет.

Tor бөгөттөлгөн жерде бул кызматка “көпүрөлөр” менен кирсе болот.

«Көпүрөнү» алуу үчүн:

  • —@GetBridgesBot деген Telegram-каналга “/bridges” деп жөнөтүү керек, сизге келген көпүрө саптарды көчүрүп Tor [Настройки > Tor > Мосты > Предоставить мост] коёсуз.
  • bridges@torproject.org э-мейлине кат жазып, келген көпүрө саптарды Tor браузерге [Настройки > Tor > Мосты > Предоставить мост] көчүрүп коёсуз.
  • [Настройки > Tor > Мосты > Выбрать встроенный мост > Tor браузеринен Snowflake аркылуу кошулса болот.

“Көпүрөлөрдү” кантип көчүрөбүз?

Компьютерде: Настройки > Tor > Мосты > Предоставить мост

  • Android: Конфигурация моста > Предоставить мост, который я знаю
  • iOS: Конфигурация моста > Пользовательские мосты

Telegram-каналда Tor кызматын колдонгондор үчүн англисче жана орусча маалымат: @TorProjectSupportBot

Күзгү” шилтемелер

Балким сиз биздин сайттарда узун жана адаттан тыш шилтемелерди байкаган чыгарсыңар. Биз сайтыбыздын «күзгү» көчүрмөлөрүн колдонобуз. Мындай учурда бийликке сайттарды жапканга оор болот.

Күзгү сайт - бул сайттын так көчүрмөсү же башка серверде жаткан файлдардын топтому. Өкмөт же башка тескөөчү органдар сайтты жабууга же чектөөгө аракет кылганда ошол күзгү сайттарды колдонобуз.

Бийлик улам жаба бергендиктен «күзгү сайттар» узакка турбайт. Аларды VPN колдонбогондор менен бөлүшүү үчүн сунуштайбыз.

Күзгү шилтемени алуу үчүн Chrome жана Firefox браузерге жүктөп алышыңыз керек.

Бирок аларды социалдык тармактарда такай бөлүшүү үчүн колдонуунун кажети жок. Адатта аларды бир нече күндөн кийин бөгөттөп салышат.

"Азаттыктын" тиркемеси

"Азаттыктын" тиркемесин AppStore же GooglePlayден жүктөп алыңыз. Тиркеме кандай гана бөгөт болбосун айланып өтүп кетет.

Подкаст

"Азаттыктын" подкасттарына жазылыңыз.

XS
SM
MD
LG