Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Экономика

Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев  АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Самарканддагы жолугушууда, 19-октябрь, 2026-жыл
Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Самарканддагы жолугушууда, 19-октябрь, 2026-жыл

Самарканддагы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Вашингтон экономика жана коопсуздук боюнча кызматташтыкка жол салууну көздөй турганы белгиленди. АКШнын мамкатчысы Марко Рубионун сапары Борбор Азия үчүн эмнеге маанилүү?

Самаркандга Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев баштаган делегация барды. Кулубаев саммиттин алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабел менен жолугушканы кабарланды.

Тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул жаатта АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан (EXIM Bank) каражат тартуу, техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө да сөз болгон.

АКШ - Кыргызстан: Boeing учагы, технология, виза маселеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:07 0:00

Расмий Бишкек буга чейин Вашингтондун жогорку өкүлдөрү менен жолугшууларда визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөр, санкциялар маселесин талкуулап келген.

3-августтан тартып АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирген.

Ага чейин кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон.

АКШнын Индиядагы элчиси жана Түштүк Азия менен Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Сержио Гор 15-октябрда Нью-Делиде өткөн Bloomberg New Economy Forum аттуу иш-чарада Рубионун Борбор Азия сапарынын максатын кыскача чечмелеген. Дипломат Гор америкалык компаниялар чөлкөмдө критикалык минералдар жаатында иштешүү мүмкүнчүлүгүн издеп келишкенин айткан.

Сержио Гор
Сержио Гор

“Ал чөлкөмдө эң маанилүү минералдарга өтө бай өлкөлөр бар. Арийне, ал потенциал ачылбай келет. Американын компаниялары менен өнөктөштүк бардыгына пайдалуу. Ал жакта Борбор Азиядагы эң бай кендер жайгашкан. Аларга ишенимдүү жана сынаакы өнөктөштөр керек. биз америкалык компаниялар мындай чечимдерди сунуштай алат деп эсептейбиз. Биз үчүн атаандашуу мүмкүнчүлүгү маанилүү. Алар эгемен мамлекеттер. Эмне керек экенин алар өздөрү чечишет. Бирок, биз технологияларыбыз эң мыкты экенине чын дилден ишенебиз. Аларды бул чөлкөмдө иштетүү азыркы администрация үчүн абдан маанилүү”.

Мамлекеттик катчы баштаган делегациянын сапарына кылдат көз салып турган эксперттер АКШнын кызыкчылыгы саясий дипломатиянын алкагынан да ашып түшөрүн айтат. Вашингтон, стратегиялык ресурстардан тышкары, чөлкөмдүн транспорттук коридорлорун өнүктүрүү, энергетикалык жана коопсуздук жаатында кызматташууну бекемдөөгө умтулат деп эсептешет.

Маселен, америкалыктарды уран, хром жана сурьма өңдүү баалуу табигый минералдар кызыктырат. Аны менен катар Орусияны айланып өткөн транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, Кытайдын логистикасынан көз карандылыкты азайтуу жана Орусия менен Иранга каршы санкцияларды сактоо маселеси да кирет.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев 2025-жылы Вашингтондо өткөн С5+1 форматындагы лидерлердин саммитинде 130 миллиард доллардан ашык коммерциялык келишимдер жарыяланганын эске салат. Ал белгилегендей, Самарканддагы жолугушуунун Кыргызстан үчүн чыныгы мааниси дипломатиялык билдирүүлөр менен эмес, алдыдагы жылдары канча инвестиция келип, канча жаңы ишкана жана жумуш орду түзүлгөнү менен өлчөнөт.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

«Азыр АКШ бул кызматташтыкты конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландырууга жана Орусия менен Кытайдын экономикалык таасири күчтүү болгон аймактагы өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. Кыргызстан үчүн – бир гана геосаясий эмес, экономикалык мүмкүнчүлүк. Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалы, пайдалуу кен байлыктары, транспорттук мүмкүнчүлүктөрү, маалымат технологиялары, туризм жана айыл чарба тармактары америкалык инвесторлорду кызыктырышы мүмкүн. Ошондой эле Транскаспий транспорттук багыты аркылуу Европа базарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү. АКШ менен байланыштарды өнүктүрүү Кыргызстанга Орусия, Кытай, Түркия жана башка өнөктөштөр менен кызматташууну сактоо менен тышкы экономикалык саясатты диверсификациялоого шарт түзөт. Бирок 130 миллиард доллардан ашык келишимдер жалпы аймакка тиешелүү экенин жана алардын баары эле ишке ашкан инвестиция эмес экенин түшүнүү зарыл. Кыргызстан канча каражат тарта алары азырынча белгисиз. Бул үчүн даяр бизнес-долбоорлор, түшүнүктүү мыйзамдар, инвесторлордун укугун коргоо жана туруктуу инвестициялык чөйрө керек».

Борбор Азия чөлкөмү соңку жылдары ири мамлекеттердин кызыгуусун арттырууда. Аймакта Москва менен Бээжиндин таасири өзгөчө кубаттуу сезилет. Орусия тарыхый, гуманитардык жана миграциялык байланыштарын сактоого умтулса, Кытай чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүнө айланган.

Мындан улам, эксперттер Вашингтон Борбор Азиянын кызыкчылыктарын канчалык эске алары чечүүчү мааниге ээ болорун айтышууда.

Адам укуктары жана прагматикалык саясат

Самарканддагы жыйындын күн тартиби негизинен экономикалык, энергетикалык жана коопсуздук багытындагы кызматташтык маселелерин камтыды. Эксперттер белгилегендей, дипломатиялык салтка айланган чөлкөмдөгү демократиялык абал, адам укуктары жана жарандык эркиндик темасы көз жаздымда калды.

Америкалык мурунку дипломат Дэниел Розенблюм "Азаттык" менен болгон маегинде айткандай, алгачкы жолу 2015-жылы ишке кирген С5+1 форматындагы кызматташтык негизги үч компоненттен – коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш, экология жана энергетика, ошондой эле экономика, соода жана инвестицияны камтыган.

«Мурда биздин мамилелерде ар дайым белгилүү бир тең салмактуулук бар эле. Бир жагында демократияны өнүктүрүү, рыноктук реформалар, адам укуктарын коргоо жана негизги эркиндиктерди камсыз кылуу маселелери турчу. Экинчи жагында коопсуздук кызыкчылыктары бар эле. Бул жерде сөз экономика жөнүндө гана эмес коопсуздук дагы дайыма маанилүү компонент болгон. Мисалы, Ооганстандагы согуш, террордук топторго каршы күрөш, чек аралык кылмыштуулук менен күрөшүү сыяктуу маселелер биздин кызматташуунун бир бөлүгү болгон. Экономикалык кызыкчылыктар болсо үчүнчү маанилүү багыт эле. Ошентип, бул үч компоненттин ортосунда дайыма тең салмак издөөгө туура келген. Ар бирине бирдей көңүл буруу мүмкүн эмес. Кээде улуттук кызыкчылыктар үчүн мааниси артык кайсы бир багытта компромисске барууга туура келет».

Мурунку элчи соңку кездери демократия жана адам укуктары маселелери күн тартибинен толугу менен чыгып калганын белгиледи. Ал мындай жагдай АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерди сактап калууга болоруна көзү жетпей турганын белгилейт.

Самаркандга аттанар алдында журналисттерге берген жообунда Кошмо Штаттардын мамкатчысы Марко Рубио учурдагы дүйнөдөгү курч кризистер узак мөөнөттүү дипломатиялык артыкчылыктарды көз жаздымда калтырбашы керектигин баса белгиледи. Ал дипломаттар кризистерди чечүү менен гана алек болгондо башка маанилүү мамлекеттер аралык мамилелер экинчи планга сүрүлүп каларын түшүндүрдү.

АКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башкы дипломаттары менен. Самарканд, 19-октябрь, 2026-жыл.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башкы дипломаттары менен. Самарканд, 19-октябрь, 2026-жыл.

19-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен кездешти. Америкалык башкы дипломат Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулоодо.

Самаркандда АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген "С5+1" форматындагы жолугушуу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн соода, инвестиция, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык түздү.

Анын жыйынтыгында Самарканд декларациясы кабыл алынды. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашты.

Документтин өзөгүн экономика, транспорт, энергетика, стратегиялык минералдар жана коопсуздук тармактарындагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүү пландары түзөт.

АКШ менен Борбор Азиянын туруктуу өнөктөштүгү. Тараптар эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана көз карандысыздыкты урматтоого негизделген кызматташтыкты улантарын белгилешти.

Транспорт жана санариптик байланыштарды чыңдоо. Транскаспий коридорун өнүктүрүү, жаңы логистикалык багыттарды түзүү жана билим берүү, англис тилин окутуу аркылуу элдер ортосундагы байланыштарды кеңейтүнүү макулдашты.

Борбор Азияны дүйнөлүк экономиканын маанилүү бөлүгүнө айлантуу. Тараптар өз ара сооданы жана инвестицияларды көбөйтүүгө, аймактагы сооданы өнүктүрүүгө жана америкалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Энергетика жана стратегиялык минералдар. АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрү энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, сейрек кездешүүчү жана стратегиялык кен байлыктарды казуу жана кайра иштетүү боюнча кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин жарыялашты.

АКШ жана Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин саммити. Самарканд, 19-октябрь 2026-жыл
АКШ жана Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин саммити. Самарканд, 19-октябрь 2026-жыл

Коопсуздук жаатындагы кызматташтык. Терроризмге каршы күрөшүү, чек аралардагы коопсуздукту бекемдөө, адам аткезчилигине, баңгизат жана курал-жарак аткезчилигине каршы аракеттерди күчөтүү белгиленди. Ошондой эле киберкоопсуздук өзүнчө багыт катары көрсөтүлдү.

Өзөктүк коопсуздук. Тараптар өзөктүк материалдардын коопсуздугу жана атомдук энергияны тынч максатта пайдалануу боюнча кызматташууну тереңдетүүнү макулдашты.

Маданий жана билим берүү байланыштары. Тарыхый мурастарды коргоо, туризмди өнүктүрүү, маданий жана билим берүү алмашууларын кеңейтүү багытында кызматташтыкты өөрчүтүү тууралуу айтылды.

Саммит алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эксперттер белгилегендей, Вашингтон аймактагы экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтип, стратегиялык позицияларын чыңдоону көздөйт.

Саммиттин алдында мамкатчы борбор азиялык тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Вашингтондун жогорку өкүлү өзбек делегациясы менен сүйлөшүүлөр маалында Борбор Азия менен мамилени чыңдоо АКШ үчүн маанилүү экенин белгиледи:

"Бул аптадагы жолугушуулар өлкөлөрүбүздү узак мөөнөттүү өнүгүү жана коопсуздук жолунда алдыга сүрөйт деп ишенебиз. Биз сиздер менен иштешүүгө кубанычтабыз. Борбор Азиядагы бардык өнөктөштөрүбүз менен бирге учурдагы кыйынчылыктарды чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга даярбыз."

Министрлер менен курган жыйындан кийин Рубио АКШ-Өзбекстан экономикалык форумуна катышып, өзбек президенти Шавкат Мрзиеев менен жолугушмакчы.

Рубионун Самарканд сапары

Жекшембинин кечинде Марко Рубиону Самарканд аэропортунан Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, президенттин администрация башчысы Саида Мирзиёева Самарканд аэропортунда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону тосуп алууда. 18-октябрь, 2026-жыл.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, президенттин администрация башчысы Саида Мирзиёева Самарканд аэропортунда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону тосуп алууда. 18-октябрь, 2026-жыл.

Рубио Вашингтондон чыгар алдында журналисттерге Борбор Азия менен мамилени чыңдоо АКШ үчүн маанилүү экенин айтты.

"Бул маанилүү мамилелер. Көп учурда кризистерге көңүл бурулуп, стратегиялык маселелер экинчи планга жылып калат", - деген ал.

Америкалык башкы дипломат сапардын мөөнөтү беш өлкөнүн лидерлерине жана тышкы иштер министрлерине тең ыңгайлуу болушу үчүн тандалганын айтты.

Рубио учурдагы курч кризистер узак мөөнөттүү дипломатиялык артыкчылыктарды көз жаздымда калтырбашы керектигин баса белгиледи.

Ал дипломаттар кризистерди чечүү менен гана алек болгондо башка маанилүү мамлекеттер аралык мамилелер экинчи планга сүрүлүп каларын түшүндүрдү.

Рубио Вашингтон администрациясынын эң курч эл аралык талаш-тартыштардан тышкары да өнөктөштүк мамилелерди сактоого умтулуп жатканын белгилеп, жакында Грекияга жана Латын Америкасына сапарларына токтолду.

Борбор Азия Европа менен Азиянын ортосунда стратегиялык маанилүү аймакта жайгашкан. Чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусия жана Кытай менен экономика, коопсуздук жана дипломатия тармактарында маанилүү байланыштарды сактап келишет. Ошондой эле Борбор Азия энергетикалык жана минералдык ресурстарга бай.

Вашингтон үчүн аймак менен мамилелерди чыңдоо ири державалар менен алакаларында тең салмактуулукту сактоого аракет кылган өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Рубионун айтымында, Украинадагы согуш, энергетикалык кыйынчылыктар жана Ирандын айланасындагы чыңалуу эл аралык күн тартипте башкы орунду ээлеп турганына карабастан, Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө да көңүл буруу зарыл.

Орусияга каршы санкция, Украинадагы Интернет

Борбор Азияга сапары алдында Рубио журналисттердин суроолоруна жооп берип, Орусияга каршы жаңы санкцияларды убактылуу киргизбей туруу чечимин колдорун айтты. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы согуш-жаңжалдар мунай менен газдын баасына таасир этип жатканын белгиледи. Андыктан Вашингтон жаңы санкция экономикага кандай таасир тийгизерин баалоо үчүн убакыт керек деп эсептейт.

16-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны Украинага каршы согушун токтотууга мажбурлоо максатында кабыл алынган, Конгресстеги эки партиянын тең колдогон мыйзамдагы дээрлик бардык негизги санкцияларды, пошлиналарды жана чектөөлөрдү токтоткон.

"2026-жылдагы Линдси О. Грэмдин Орусия менен Иранга каршы санкциялар жөнүндө" деп аталган мыйзамга Трамп сентябрда кол койгон. Документ АКШ Конгрессиндеги Украинаны колдогон көрүнүктүү саясатчы, сенатор, маркум Линдси Грэмдин көзү өткөндөн кийин кабыл алынып, анын урматына аталып калган. Линдси быйыл 11-июлда каза болгон. Трамптын жаңы жарлыгы санкциялар пакети 18-октябрда күчүнө кирерине эки күн калганда чыкты.

Конгресстеги республикачылар менен демократтардын басымдуу колдоосу менен кабыл алынган бул мыйзам Москвага жана Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган өлкөлөргө экономикалык басымды күчөтүүнү көздөгөн.

Трамп 9-октябрда Орусия менен дизелдик отун боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Бул Вашингтон Кремлдин Украинага каршы согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө караганда өлкө ичиндеги күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө артыкчылык берип жатат деген сын-пикирлерди жаратты.

Рубионун айтымында, америкалык администрацияга санкциялар менен бажы төлөмдөрүнүн кесепеттерин баалоо үчүн 60 күн керек. Анын ичинде бул чаралардын Индия сыяктуу өлкөлөргө тийгизе турган таасири да каралат. Индия энергия булактарын ар түрдүү өлкөлөрдөн алууга аракет кылып жатканына карабастан, дагы эле Орусиянын энергетикалык ресурстарына кыйла көз каранды.

Рубио Ирандын айланасындагы кырдаалды, Ормуз кысыгындагы тоскоолдуктарды, Йемендеги хусит кыймылынын чабуулдарын жана Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту дүйнөлүк энергетика рыногуна басым жасаган негизги факторлор катары атады.

"Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы бул жаңжалдар бири-бирине таасир эте баштады", - деди Рубио.

Америка күйүүчү май үчүн өзү каалагандан жогору баа төлөп жатканын белгилеп, ал эми айрым башка өлкөлөр энергиянын кымбатташынан жана жетишсиздигинен улам кризистин босогосуна жетип калганын айтты.

Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Эндрюс авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 5-октябрь, 2026-жыл.
Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Эндрюс авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 5-октябрь, 2026-жыл.

Рубио администрациянын Орусия менен дизелдик отун боюнча түзгөн келишимин да жактады. Анын жүйөсүнө караганда, АКШ бул отунду сатып албаса деле ал эл аралык рынокко чыгарылмак.

"Бир гана айырма, анын канча бөлүгү Кошмо Штаттарга тиеринде", - деди мамкатчы.

Энергетика тармагындагы талдоочулар бул келишим америкалык керектөөчүлөр үчүн бааны олуттуу арзандата аларынан күмөн санашууда. Ошол эле учурда алар чектөөлөрдү жеңилдетүү Москвага чоң экономикалык пайда алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Ак үйдүн соңку чечими Орусиянын мунайы менен газын ири көлөмдө сатып алган өлкөлөрдү мындай соодадан баш тартууга түрткү берүү үчүн Конгресс жактырган кошумча санкциялардын жана бажы төлөмдөрүнүн ишке киришине бөгөт коёт. Бирок буга чейин киргизилген санкциялар күчүндө калат.

Трамптын чечимин республикачылар да, демократтар да сындашты. Республикачыл сенатор Том Тиллис "өтө жоопкерчиликсиз чечим" деп атады. Ал эми сенатор Жон Корнин маркум сенатор Линдси Грэм көзү тирүү болгондо "абдан нааразы болмок" деди.
Демократ мыйзам чыгаруучулар болсо Трампты Орусиянын "согушун каржылоого көмөктөшүп жатат" деп айыпташты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы санкцияларды токтотуу туура эмес экенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечим согушту токтотууга жардам бербестен, тескерисинче, Москваны чабуулдарын улантууга шыктандырат.

Рубио Украинада Интернет атайылап үзгүлтүккө учуратылганын четке какты

Рубио АКШ Украинанын Илон Масктын SpaceX компаниясына таандык Starlink спутниктик интернет кызматын пайдалануусун "атайылап чектеген" деген дооматтарды четке какты.

"Ак үйдө эч ким айрым дрондор интернетти пайдалана албай калышы үчүн байланышты жайлатууга же анын ылдамдыгын төмөндөтүүгө буйрук берген эмес", - деди.

Рубио АКШнын бул окуяга тиешеси бар деген маалыматтарды "карандай калп" деп четка какты.

Анын түшүнүгүндө, Starlink системасынын иштеши мурдагы деңгээлине кайтып келген. Украина бул коммерциялык кызматты дрондор менен жүргүзүлгөн операцияларда пайдаланып келген.

Рубио украин лидеринин окуя тууралуу айткандарынан да күмөн санап, "Зеленский өзү эмне жөнүндө айтып жатканын билеби, билбейм", - деди.

Мамкатчы Starlink менен Starshield эки башка система экенин белгиледи.

Starshield - АКШ армиясы колдонгон, коргонууга ылайыкташтырылган өзүнчө спутник системасы.
Рубио Украина азырынча Starshield системасын пайдалана албай турганын белгиледи.

Киев бул системаны Орусиянын аймагынын тереңиндеги буталарга сокку уруу үчүн сураган. Аны кандай максатта колдонууга болору азырынча талкууланып жатат.

Рубионун бул билдирүүлөрү АКШ менен Украинанын ортосунда Вашингтондун Орусияга карата саясаты боюнча пикир келишпестиктер күчөп жаткан шартта Киевдин америкалык аскердик технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөттү.

Рубио Орусиянын чабуулдары башка аймактарга жайылышы мүмкүн экенин эскертти

Рубио Вашингтон Орусиянын Украинадагы согушу майдан талаасынын чегинен чыгып, диверсиялар жана башка чабуулдар аркылуу жайылышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

Журналисттер андан НАТО менен Британиянын расмий өкүлдөрүнүн Орусия жана Иран жакынкы айларда "гибриддик чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн" деген баасына байланыштуу суроо беришти.

Рубио Орусия менен Иранга байланышкан жагдайларды өз-өзүнчө кароо керектигин айтты. Анын айтымында, Украинадагы согуш узак убакыт бою токтотбой, туңгуюкка кептелип турса Европанын башка аймактарында жана андан тышкары жерлерде жаңжалдын күчөп кетүү коркунучу жогорулайт.

"Туңгуюкка кептелген жаңжалдын коркунучтарынын бири - анын күчөп кетиши", - деди Рубио.

Ал кырдаалдын мындай курчуганы "салттуу эмес чабуулдар же күтүүсүз окуялар" түрүндө болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Мамлекеттик катчы бул кооптонууну бир нече апта мурда эле көтөргөнүн жана администрация кырдаалга кылдат көз салып жатканын билдирди.

Иран тууралуу сөз кылганда Рубио Тегеран авиабазага "кол салууну пландаган" деген Британиянын баасына Вашингтондун каршы чыгышына негиз жок экенин айтты.

Бул билдирүүлөр Трамп өлкө ичиндеги күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө жана Москва менен экономикалык келишимдерди түзүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди.

Мындай саясат Украинаны колдогондор арасында Вашингтон Орусияга басымды сактап калууга канчалык даяр деген суроону жаратууда.

Трамп Украинага Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына жасаган чабуулдарын азайтууну сунуштаган. Ал мындай чабуулдар күйүүчү майдын кымбатташына алып келет деген жүйөгө таянган.

Сынчылар санкцияны жеңилдетүү Москванын колун узартып, Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосу убакыт өткөн сайын алсырайт деген Кремлдин ишенимин бекемдеши мүмкүн экенин айтууда.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG