Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Эрежелер

Мазмунду пайдалануу жана купуялыкты сактоо

ЭЕ/А үналгысынын мазмунун колдонууга уруксат

Макалаларды кайра басуу, аудио жана видеону колдонуу

ЭЕ/АҮ бул интернет барактагы макалаларды кайра пайдаланууну, басууну жана жайылтууну колдойт. ЭЕ/АҮ өз материалдарын башка интернет барактарга ырааттуу жайгаштырууну, э-кат менен таратууну, маалымат топторуна жана маалымат базаларына киргизүүнү кубаттайт. Бирок ЭЕ/АҮнүн материалдарынын мазмунун сатууга таптакыр тыюу салынат.

ЭЕ/АҮ материалдарын пайдаланууда ЭЕ/АҮгө шилтеме берүүнү талап кылабыз. Ан үчүн:

* azattyk.kg жана azattyk.org барагындагы макалага шилтеме жасалышы керек;

* ар бир макалага төмөнкү маалымат коштолушу керек:

Укуктар толук корголгон (C) 2011. ЭЕ/АҮ уруксаты менен басылды. 1201 Connecticut Ave., N.W. Washington DC 20036, USA

Эгерде макаладан кайсы-бир үзүндү алынса, пайдаланган тарап анын үзүндү гана экенин белгилеп, макаланын маанисин өзгөртпөй, аталышын жана тексти бурмалабай колдонушу талап кылынат. ЭЕ/АҮ кайсы учурда болбосун өз материалдарын пайдаланууга берилген уруксатты кайтарып алууга акылуу.

ЭЕ/АҮнүн англис жана башка 18 тилдеги кызматтарынын интернеттеги жана архивдеги берүүлөрү угармандардын жекече колдонушу үчүн гана багытталган. ЭЕ/АҮ жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз анын берүүлөрүн кайра обого чыгарууга же башка жол менен кайра колдонууга эч уруксат жок.

ЭЕ/АҮнүн текст, сүрөт, аудио же видео материалдарын кайра колдонууга уруксат алуу үчүн web@rferl.org дарегине кат жазыңыз.

Үчүнчү тарапка таандык мазмун
ЭЕ/АҮнүн жаңылыктарынын айрымдары Associated Press, Reuters, Agence France-Presse, ITAR-TASS сыяктуу сырткаркы агенттиктердин мазмуну (“Үчүнчү тарапка таандык мазмун” делген материалдар) болуп саналат. ЭЕ/АҮнүн дал ушундай маалымат камтылган материалын колдонуудан оболу ЭЕ/АҮдөн гана эмес, “Үчүнчү тарапка таандык мазмун” болуп саналган материалдын ээсинен да уруксат алуу талап кылынат.

Сырткаркы интернет барактарга шилтеме
ЭЕ/АҮ кээ бир учурларда ЭЕ/АҮгө тиешеси жок жеке адамдардын же тараптардын интернет барагына шилтемелерди да жайгаштырат. Сырткаркы интернет барактардын дарегин көрсөтүүдө ЭЕ/АҮ коомдук тейлөө тармагындагы соода жүргүзбөгөн, бейтарап даректерге артыкчылык берет. ЭЕ/А үналгысы сырткаркы интернет барактарга көзөмөлдүк кылбайт жана алардын мазмунун, иш аракетин, өнүмүн же тейлеген кызматтарын колдоого албайт. Андан тышкары ЭЕ/АҮ андай барактардын материалдарынын мазмунунун тактыгына, иш амалдарынын ачыктыгына, сапатына, жарыясына, өнүмүнө, кызматтарына жоопкер эмес. ЭЕ/АҮ мындай барактар сунуш кылган же бул барактар аркылуу жарыяланган мазмун, өнүм, тейлөө кызматы менен байланыштуу келип чыккан ар кандай жоготуу, чыгаша, мүчүлүштүк үчүн түз да, кыйыр да жоопкер эмес жана эч кандай укуктук жоопкерчиликке тартылбайт.

Шилтеме берүүнүн жолу
ЭЕ/АҮ материалдарын илимий иштерге пайдаланганда шилтеме берүүнү унутпаңыз. Шилтеме берүүнүн жол-жобосун төмөнкү интернет барактардан караңыз:

APA:
Electronic Reference Formats Recommended by the American Psychological Association
Chicago & Turabian:
A Brief Citation Guide for Internet Sources in History and the Humanities (by Melvin E. Page)
General Resource:
Karla's Guide To Citation Guidelines

Купуялыкты сактоо эрежеси

ЭЕ/АҮ интернет кардарлардын жеке купуялыгын сактоо менен интернетти эч көзөмөлсүз колдонууга укугу бар деп ишенет. Керектөөчүлөрүбүзгө жаңылыкты интернет аркылуу таратуу кызматында мыкты тейлөөнү сунуш кылып, кардарларыбыздан эки түрдүү маалымат жыйнайбыз: а) ЭЕ/АҮнүн маалыматтарына э-кат аркылуу жазылгысы келгендер бизге берген э-даректер; б) интернет барагыбыздын колдонулушун иликтөө үчүн чогултулган статистикалык маалымат жыйындысы.

Электрондук даректер
ЭЕ/АҮнүн жаңылыктар топтомуна э-кат аркылуу жазылып алууну каалагандар өздөрүнүн электрондук дарегин ыктыярдуу түрдө көрсөтүшөт. ЭЕ/АҮ алардын э-даректерин кайсы бир үчүнчү тарапка эч бир кырдаалда бербейт. Жаңылыктарга жазылгандардын тизмеси жаңылыкты таратууда гана колдонулат. Жаңылыктарга жазылган кардар жаңылыктар топтомун алуудан каалаган убакта баш тарта алат. Аны токтотуу тартиби биздин э-кат түрүндөгү жаңылыктар топтомубузда жарыяланган жана интернет барагыбызда көрсөтүлгөн. Эгерде жаңылык топтомун алууну токтотууда кыйынчылык келип чыкса, анда тийешелүү кызматкерибизге э-жаңылыктар топтомунун ар бир чыгарылышындагы э-дарек аркылуу, же болбосо биздин интернет бөлүмүбүзгө төмөнкү дарекке кайрылууга болот: web@rferl.org

Статистикалык маалыматтар
ЭЕ/АҮ, интернет барагы бар башка мекеме же уюмдардай эле, интернет кардарлар “Азаттыктын” интернет барагына киргендиги тууралуу маалыматтарды чогултат. Мунун максаты жөнөкөй: бул - интернет баракка канча киши кайсы өлкөдөн кирип жана кайсы беттерди окуп жатканы жана ушул сыяктуу маалыматтарды каттоо. Мындай маалымат топтоо ЭЕ/АҮгө сиздин кимдигиңизди аныктоого мүмкүндүк бербейт, анткени топтолгон маалыматта тек гана өзгөчө номерленген компютер интернет серверге кошулганы эсепке алынат.

Мындай маалыматка таянып, биздин кардарларыбыз барагыбыздын кайсы куржунун ачканын көрсөтүүчү баяндаманы даярдай турган компютердик программа “cookie” (“куки”) деп аталган стандарттык браузерге негизделген. Бул каттоочу программа кайсы бир кардар интернет барагын ачаар замат дароо иштей баштайт жана ал кардар интернет барагын жаап чыгып кетээр замат өз ишин токтотуп, жок кылынат. Дал ушундай жол менен топтолгон маалыматтардын баяндамасы интернет барагыбызды жакшыртуу жана кардарларыбыздын керектөөсүнө ылайык улам жаңы тейлөөнү сунуштоо үчүн ички максатта колдонулат.

Суроо, сунуш жана пикириңизди web@rferl.org дарегине жибериңиз.

Шериненин баарлашуу эрежеси

Сизди биздин интернет барагыбыздагы шеринеге (форумдарга) катышууга чакырабыз, бирок Сизден айрым бир эрежелерди сактоону өтүнөбүз:

1. Биз cиздин ой-толгооңузду, идеяларыңызды чектөөгө умтулбайбыз, бирок жалган, адамдын беделин тепсеген, одоно, уятсыз, порнографиялык мүнөздөгү, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган материалдарга жол берилбейт жана андай материалдарды интернет баракты редакциялаган кызматкерлер алып салышы мүмкүн.

2. Бул барактагы шерине (интернеттик баарлашуу) соода-сатыкка жатпаган (коммерциялык эмес) максатта гана жүргүзүлөт.

3. Автордук укукту буза турган же соода белгиси мыйзамсыз пайдаланылып кала турган материалдарды Өзүңүз билген учурда шеринебизге эч сунуш кылбасаңыз.

“Азаттык" үналгысынын кызматкерлери жана башка атайын өкүлдөрү электрондук почтага келген ар бир катты интернет баракка жайгаштырардан оболу иликтеп, аны эреже шартына ылайык электен өткөргөн соң жарыялайт.

XS
SM
MD
LG