"Эже-сиңдилер" берүүсүндө соцтармактагы басым, кодулоо башкача айтканда Интернеттеги буллинг тууралуу кеп кылдык. Сиз интернетте кодулоого туш болдуңуз беле?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу коронавирус эпидемиясынын бир жылдыгына сарепсеп салдык. Айрыкча Covid-19 инфекциясы менен күрөштө алдыңыкы орунда өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн аялдар тууралуу да кеп курдук.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу майыптыгы бар адамдардын жумушка орношуу жагдайы тууралуу баарлаштык. Кыргызстанда мыйзамда иш берүүчүлөр майыптыгы бар адамдарды ишке алышы керектиги так көрсөтүлгөн. Бирок ал кагаз жүзүндө гана калып келет.