Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Беларус: Даниил Урицкий деген - Данияр Үсөновбу?


Даниилби же баягы эле качкын Даниярбы? Булак: Belapan (naviny.by)
Даниилби же баягы эле качкын Даниярбы? Булак: Belapan (naviny.by)

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн 27-июлда Беларустун интернет басылмалары жарыялады. Алардын биринин кабарчысы Даниил Урицкийдин ысымына жазылган беларус паспортун көргөзгөн бул сырдуу ишкер киши менен сүйлөшүүгө да үлгүргөн.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош адамдын сүрөттөрү Беларустун “TUT.BY” интернет басылмасында 27-июлда жарыяланды.

Фото сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна караштуу өндүрүш жайларынын курулушун 27-июлда расмий баштоо жөрөлгөсү учурунда тартылган. Иш-чарага Беларустун вице-премьер-министри Михаил Русый да катышкан.

“БНБКнын башчысынын гана өмүр баяны бүдөмүк бойдон калууда. Кыргызстанда Беларуста бизнес жүргүзгөн Даниил Урицкий – өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун өзү деп ырасташууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары директор Урицкий журналисттерге комментарий бербей турганын билдиришти. Компаниянын кызматкерлери өз жетекчисин Даниил Тимурович Урицкий деп гана билээрин айтышууда”, - деп жазды “TUT.BY” интернет басылмасы.

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018.

"Өзүн Даниил Урицкий деп атаган адам” деген жазуусу бар сүрөттү 27-июлда “naviny.by” интернет басылмасы да жарыялады.

“Беларус ишкериби же Кыргызстандын качкын премьериби?” - деген аталыштагы макалада басылма алардын кабарчысы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысына койондой окшош киши менен маектеше алганын белгилейт.

Урицкий болсо кабарчынын: “Даниил Урицкийди Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов деп санаса болобу?” - деген суроосуна: “(Муну) кыргыздардан сурагыла!” - деп жооп кайтарып басып кеткен.

“Анткен менен журналисттер кетүүгө камынып калганда бир жигит аркылуу биздин жакын келүүбүздү, камераны жана телефонду четке таштообузду өтүндү. Ушундан кийин гана сүйлөшүүгө макул болду. БНБКнын директору (кабарчыларга) Даниил Урицкийдин атына жазылган беларус паспортун көргөзгөн”, - деп “naviny.by” басылмасы 27-июлда жазып чыкты.

Басылманын кабарчысы Александр Ярошевич "Азаттык" үналгысына берген комментарийинде Даниил Урицкий “Мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри Данияр Усенов 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам”, - дегенин айтып берди.

Ал ошондой эле журналистке Данияр Үсөнов менен байланышы жоктугун ырастаган. Ярошевичтин билишинче, Урицкий (Үсөнов) беларус паспортун 2016-жылы алган.

“Naviny.by” белгилегендей, Данияр Үсөнов жана Даниил Урицкий бир эле киши экендиги тууралуу маалыматты жакшы кабардар булак бул басылмага ырастаган.

"Үсөновдун Урицкий деген ысым менен беларус паспортун алганынан Кыргызстандын Минсктеги элчилиги да кабардар", - деп жазат басылма.

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (солдон үчүнчү) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына" (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” басылмасы. 27.7.2018.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (солдон үчүнчү) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына" (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” басылмасы. 27.7.2018.

Бул басылманын маалыматына караганда, Даниил Урицкий башкарган “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” президент Александр Лукашенконун жардыгы менен 2016-жылы түзүлгөн. Корпорация Кытай насыясынын эсебинен 160 гектар жерге бир ири технологиялык түйүнгө бириккен 12 ишкана курууну мерчемдеп жатат.

БНБКнын ишканалары бодо мал, балык, чочко, канаттуулар үчүн заманбап жем, ошондой эле аминокислота, ун, крахмал, глютен, глюкоза, треонин, триптофан заттарын өндүрмөкчү.

Кыргызстан Беларуска нота жөнөттү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү. Бул тууралуу тышкы иштер мекемеси кабарлады.

Нота 28-июлда Беларустун Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго тапшырылды.

Нотада кыргыз тарап "Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Данияр Үсөновдун Беларус Республикасынын аймагында жашап жатышы жана ишмердүүлүк жүргүзүшү таптакыр кечиримсиз экенин" белгилеген.

Документте сот жообуна тартылган Кыргызстандын мурдагы аткаминерлерин расмий Минсктин колдоого алышы соңку мезгилде жанданып жаткан кыргыз-беларус мамилесине жана КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ уюмдарынын алкагында биргелешкен кызматташуусуна дагы бир жолу залакасын тийгизери айтылат. Ошондой эле бул кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратып, 2010-жылкы 7-апрель окуясында каза болгондордун жакындарынын жана жабыр тарткандардын жарасын козгоору белгиленген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларус Республикасын маселеге карата мамилесин өзгөртүп, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга дагы бир жолу чакырат.

Үсөнов жарандыктан баш тарткан эмес

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен жашап, ишкана жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар беларус медиасында алгач былтыр декабрь айында пайда болгон эле. Мындан кийин “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын активисттери Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында нааразылык иш-чарасын уюштуруп, Үсөнов - Урицкийдин Кыргызстанга тез арада өткөрүлүп берилишин талап кылышкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” үналгысына Кыргызстандын жарандыгынан расмий баш тарткандардын арасында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун ысымы жоктугун кабарлаган.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы экинчи элдик ыңкылаптын - апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштары үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө сыртынан кесилген. Ошондон бери анын сүрөтү эч бир жерде көзгө чалдыккан эмес.

Үсөновдун мурдагы жетекчиси - 2010-жылкы ыңкылаптан соң бозгунга кетүүгө мажбур болгон жана сыртынан абакка кесилген мурдагы президент Курманбек Бакиев да ушул тапта Лукашенконун режиминин калкасы астында Минск шаарында жашап келет. Анын уулу Максим Бакиев Лондон шаарында бозгунда жашоодо.

Ал эми К.Бакиевдин бир тууган иниси, Кыргызстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, Кыргызстан соту тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Жаныш Бакиев учурда Беларустун ордо шаарында баш калкалап жаткандыгы айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG