Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында шамалдын күчөшүнөн 14 аскер кызматкери сууга чөгүп каза болду. 25-сентябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бардык маданий, оюн-зоок иш-чаралары токтотулду.
Саламаттык сактоо министрлиги балдарды эмдетүүгө чакырды. Министрлик балдар арасындагы кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларды жайылтпоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок социалдык тармактарда эмдөөнүн айланасындагы курч талкуулар токтой элек.
Башкы ассамблеянын сессиясы АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу уланып, Ормуз кысыгында абал курчуп турганда өтүүдө. Иран президенти Пезешкиан өз өлкөсү кол салууга туш болгонун айтса, америкалык лидер Дональд Трамп Тегеран сөзгө келбесе, Ислам жумуриятынын "таш-талканын" чыгарарын эскерткен.
Кыргызстан Европанын санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирип, шаркет менен туруктуу байланышта экенине карабай, чектөөлөргө кабылганын айтууда. Жапаров 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Кыргызстанда 1989-жылдан тарта 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү катары белгиленет. 37 жыл ичинде эне тилди өнүктүрүү, мамлекеттик деңгээлде кеңири колдонууга жетишүү аракеттери жүрүп келүүдө. Бирок кыргыз тилине мамлекеттик мекемелердеги мамиле дайыма сын-пикирдин бутасында.
Кыргызстанда мектептердеги окуучулардын коопсуздугу менен катар буга чейин козголгон китеп маселеси дагы курч бойдон турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда атайын кеңешме өткөрдү.
АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттары башталууда. Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы сөз сүйлөйт.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.
Жогорку Кеңештин комитети президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Шайлоо алдында бийлик атаандаштык үчүн тең шарт түзүлөрүн айтууда. Ошол эле маалда президент талапкер болуп катталса кызматын тапшырышы керекпи деген суроо коюлдууда.
Монголияда казактар менен монголдор ортосунда тил, дин, тарых боюнча талаш-тартыш күчөдү. Социалдык тармактарда башталган талкуу парламент менен президентке чейин жетти. Мунун себебин "Азаттыктын" казак кызматы 1990-жылдары Монголиядан көчүп барган саясат талдоочу Асылбек Баяжума менен талкуулады.
Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.
Дагы жүктөңүз